Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Текебаев Кулматовдун 15 миң доллар маяна аларын айтып чыкты


Фонддун жетекчиси Кубанычбек Кулматов.
Фонддун жетекчиси Кубанычбек Кулматов.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Кубанычбек Кулматов айына 15 миң доллар маяна аларын "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн фонддун ишмердүүлүгүн талкуулаган жыйында билдирди. Фракция катчылыгынан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, Кулматов жыйынга катышкан жок:

-Кулматов Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду эл аралык уюм болгондуктан, парламент алдында отчет берүүгө милдеттүү эмес дейт. Фонд мамлекет алдында отчет берүүгө милдеттүү. Анткени 500 миллион доллар Кыргызстанга бөлүнүп, фонд Кыргызстанда катталган. 15 миң доллар айлык алган адам кантип ушинтип айтат?

“Ата Мекен” фракциясы бүгүн Кыргыз-орус өнүгүү фондунун ишмердигин талкуулады. Эл өкүлдөрүнүн суроолоруна аталган фонддон, Финансы жана Экономика министрликтеринен адистер келип жооп беришти.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду кыргыз экономикасын Евразия экономикалык биримдигинин шарттарына ыңгайлаштыруу максатында былтыр түзүлгөн. Ага Орусия өкмөтү 1 миллиард доллар бөлүп, өндүрүштү жандандырууга жеңил шарттагы насыяларды берет деп айтылган. Бирок бул жаатта иш жетиштүү деңгээлде аткарылбай жатканы боюнча ар кандай сындар айтылып келет. (NT)

XS
SM
MD
LG