Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Нарын ГЭСтер каскадын ким курат?


ГЭСтин долбоору азырынча макетте
ГЭСтин долбоору азырынча макетте

Кыргыз бийликтери Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга жаңы инвестор тапканын жарыялады. Азырынча расмий айтылбай жаткан инвестор менен кийинки айда келишимге кол коюлары кабарланды. Орусия менен бирге курулушу башталып, орто жолдо токтоп калган ГЭСтер каскадын ким курганы жатат?

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курулушун жандантууга жаңы инвестор табылганын президент Алмазбек Атамбаев өткөн апта соңунда Орусиядагы сапары учурунда шардана кылды. Президент аталган долбоор боюнча июль айында келишимге кол коюларын жарыялады:

- Эми көз тийбесин деп айтпай жаткам, Жогорку Нарын каскадына буюрса инвестор табылды деп айтсак болот. Камбар-Ата ГЭСи абдан чоң потенциалы бар долбоор. Бул абдан кымбат жана абдан керектүү долбоор. Ал деле чечилет, бирок убагында оюндар жүрүп жатканда арай көз чарай кылып, Путинге сенин жигиттериң ойноп жатат, кийин өзүңөр өкүнөсүңөр деп ачык айттым. Ошондуктан келишимди жокко чыгардык. Бул долбоорлор салынат. Менин мөөнөтүм бүткөнгө чейин Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча келишимге июль айынын аягына чейин кол коюлат деп ишенем.

Шыкмаматов: Орусия доолаган карызын алат

Шыкмаматов: Орусия доолаган карызын алат

Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча денонсацияланган кыргыз-орус келишиминдеги карыз боюнча орус тарап менен сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр экенин билдирди. "Азаттык" 37 млн доллар боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы, ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматовду кепке тартты.

Атамбаев сыяктуу эле өкмөт да Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча кайсы өлкө жана кайсы компания менен келишип жатканын ачыктаган жок.

Энергетика, өнөр жай жана минералдык ресурстар комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев ГЭСтер каскады боюнча сүйлөшүү аягына чыгып калганын белгиледи:

- Сүйлөшүүлөр бүтө элек. Бүтсө эле июлдун ичинде кол коебуз. Ал эми кайсы компания менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айта албайм. Жакындасын, ачык айтабыз. Кийинки аптада байланышсаңыз, кийинки дүйшөмбүдө айтып берем.

Зилалиев сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча бардык укуктук маселелер жөнгө салынарын убада кылууда.

Ошол эле учурда кыргыз өкмөтү ГЭСтер каскадын куруу боюнча чехиялык компания менен келишим даярдап жатыптыр деген жоромолдор айтыла баштады. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты, аталган объектти курууга жумшалган каражатты текшерүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ырастады:

- Бул Чехия компаниясы. Алар Нарын каскадынан башка да чакан ГЭСтерди куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Келишимге ылайык, каскадды курууга буга чейин коротулду делген 37 миллион долларды "Русгидро" компаниясына биз үчүн төлөйт жана жалпы инвестициялык суммага кошкону жатат. Мындай нерсе туура эле. Бирок биз 37 миллион долларды мурун орустарга карыз болсок, кийин чехтерге карыз болобуз. Ошондуктан мамлекет баары бир 37 миллион долларды ким уурдаганын тактап чыгышы керек.

Нарын ГЭСинде иш азырынча токтоп турат
Нарын ГЭСинде иш азырынча токтоп турат

Чехиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Марат Жаанбаев чех компаниялары Кыргызстанда чакан ГЭС куруу боюнча сынактарга катышып жатканын айтып, бирок ГЭСтер каскады тууралуу маалыматы жоктугун билдирди:

- Чех компаниялары Кыргызстанда чакан ГЭСтерди курууга кызыкдар болуп жатат. Бирок Жогорку Нарын каскады боюнча так маалымат жок. Өкмөт 14 чакан ГЭСти куруу боюнча тендер жарыялаган. Ошого бир нече чех компаниялары кызыгып катышууда. Атүгүл бир компания конкурстун кийинки айлампасына өттү. Жогорку Нарын каскады боюнча балким сүйлөшүү жүрүп жатышы мүмкүн. Бирок чехиялык компаниялар Кыргызстандын энергетика системасына аралашууга кызыкдар экени чын.

Буга чейин кыргыз өкмөтү 14 чакан ГЭСти куруу боюнча конкурс жарыялаган. 14-июнда анын алгачкы айлампасы өткөн. Конкурстун кийинки айлампасына өткөн ишканалар арасында Liglass Trading аттуу чехиялык компания да бар.

Камбар-Ата 1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча 2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын "Русгидро" компаниясы аталган эки энергетикалык объект курмак.

12-июнь, 2013-жыл
12-июнь, 2013-жыл

Жогорку Нарын каскадын куруу үчүн тиешелүү жер тилкеси бөлүнүп, атайын жумушчулар шаарчасы курула баштаган. Аталган долбоордун жалпы баасы 727 млн. доллар деп эсептелген. Курамына төрт ГЭСти камтыган каскад жыл сайын 1 млрд. киловатт сааттын тегерегинде электр энергиясын өндүрмөк. Бирок бул жаатта иш шыр жүрбөй, үзгүлтүккө учурагандыктан 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган.

Орус тарап долбоор үчүн 37 миллион доллар коротконун айтып, денонсация шартына ылайык кыргыз тараптан бул сумманы төлөп берүүсүн талап кылган. Жогорку Кеңеш энергетикалык объектте анча өлчөмдө каражат кеткенинен шектенип атайын депутаттык комиссия түзгөн эле. Мындан соң кыргыз өкмөтү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга инвестор издеп келген болчу.

Бул долбоорго бир нече өлкөдөн компания кызыкдар экенин расмий бийликтер айтып келишкен. Ошентип кыргыз бийликтери акыркы жылдары олуттуу энергетикалык долбоорлордун бири катары атаган Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушу жандандарын билдирүүдө.

Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев бул долбоорду ишке ашырууда мурда кетирилген каталарды эске алуу менен ачык иш алпарышы керектигин белгилеп жатат:

- Бул долбоорду курууда ачыктыкка өтө чоң маани берүү керек. Анткени бул абдан чоң объект. Аны курууда биринчи этабында абдан көп сөз болуп, токтоп калды. Кийин да бул кайталанбашы үчүн ачыктык зарыл. Ал эми бул абдан керектүү долбоор.

Ошол эле кезде өлкө бийликтери эң ири Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга инвестор издөөнү улантууда. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев аталган ГЭСти дарыянын төмөн жагындагы Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте ишке ашыруу зарылдыгын белгилеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG