Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:55

Ташкент чакан ГЭСтерди курууга киришет


Кайрак-Кум суу электр ишканасы, Тажикстан.
Кайрак-Кум суу электр ишканасы, Тажикстан.

Өзбекстан гидроэнергетика тармагына 4,3 млрд доллар жумшоого бел байлап турат. Бул долбоор Эксимбанк, Ислам өнүктүрүү банкы, Инфраструктуралык инвестиция боюнча Азия банкы, Азия өнүгүү банкы берчү насыя менен жүзөгө ашырылаары көрсөтүлгөн.

Июнь айынын башында Өзбекстандын президенти Шафкат Мирзиёев суу кубатын колдонуу менен электр өндүрүү тармагын өнүктүрүү боюнча жаңы программаны бекитти. Анда Борбор Азиядагы бул өлкөдө 2021-жылга чейин 18 жаңы ГЭС куруу жана буга чейин иштеп келген 14 станцияны модернизациялоо үчүн 2 млрд 65 млн доллар бөлүнөөрү жарыяланган.

Ташкенттин жаңы программасында 2030-жылга карата жалпы баасы 1,7 млрд долларлык дагы башка долбоорлор жүзөгө ашырылары көрсөтүлөт. Өзбек маалымат каражаттарында долбоордогу ГЭСтер кайда салынаары тууралуу так айтылбайт.

Борбор Азияда суу талаштын төркүнү Өзбекстанга коңшулаш болгон эки тоолуу өлкө - Тажикстан менен Кыргызстан сууну пайдалануу менен электр кубатын өндүрүп, чет жакка сатууну көздөсө, дарыянын төмөнкү агымында жайгашкан калган үч өлкө - Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан айыл чарбасы үчүн сууга муктаж экенине жана чек аралар аркылуу өтчү сууну кыйыр сатып алууга ынабагандыгына барып такалат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Глобалдык экологиялык баяндамасынын авторлорунун бири, профессор Ренат Перелет бул аймакта чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү бир жагынан учурдун талабы болсо, экинчи жагынан экономикасы чабал өлкөлөр үчүн натыйжалуу экенин айтат.

“Климаттын өзгөрүүсү жүрүп, мөңгүлөр тездик менен эрип жаткан кезде жетиштүү суу менен камсыздоо башкы маселеге айланат” деген профессор “чоң ГЭСтерди жана көлөмдүү гидротехникалык жайларды куруу арбын каражатты гана эмес, көп убакытты алат. Ал эми чакан ГЭСтерди курууну алда канча ыкчам ишке ашырса болот” - дейт.

Өзбекстандын жаңы жетекчилиги жарыялаган программа Кытайдын Эксимбанкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Инфраструктуралык инвестиция боюнча Азия банкы, Азия өнүгүү банкы берчү насыя менен жүзөгө ашырылаары көрсөтүлгөн.

Борбор Азиядагы гидроэнергетикалык талаш-тартыштын чоо-жайын жакшы билген адистер өзбек бийликтери мерчемдеген 4,35 млрд доллар курулушу жүрүп жаткан Рогунду (Тажикстан) же “Камбар-Ата-1” ГЭСин (Кыргызстан) бүтүрүүгө кенен жетээрин белгилешет.

“Азаттык” радиосунун чөлкөм боюнча талдоочусу Брюс Панниер аймактагы өлкөлөр ортосунда суу ресурстарын акыл менен адилет пайдаланчу саясаттын жоктугун коңшулардын турумдарынын өз ара кескин айырмаланышы менен түшүндүрөт.

“Кыргызстан менен Тажикстан Өзбекстанды эки чоң ГЭСтин курулушуна тартууга ниеттенишкен. Ташкент андай сунушту эмдигиче кабыл албаганы өкүндүрөт. Эгер Өзбекстан долбоорго кошулса, электр кубатын ал жактардан деле алмак. Алар өнөктөштөр болгондон кийин энергияны дээрлик бекер алмак да”, - деген Панниер: “Ошол эле маалда Кыргызстан менен Тажикстан өндүргөн энергиясын сатып, пайда табууну көздөшөт. Электр кубатын алар Кытайга, Ооганстанга, Пакистанга, ал түгүл, Индияга чейин жеткирүүгө кызыкдар” экенин да эске салат.

Тажикстан: 2018-жылы Рогун ишке кирет

Ташкент гидроэнергетикалык чакан долбоорлорду мерчемдеген маалда коңшу Тажикстан Рогун ГЭСин активдүү куруп жатат. Жылына 17 млрд кВт/саат энергия чыгарууга кубаты жеткен ГЭСтин алты агрегатынын үчөө эмдиги жылдын этегине чейин ишке кирет деп тажик расмийлери ишенип турганы чагы. Рогун иштей баштаса өлкө энергетикалык көз карансыздыкка ээ болуп, электр кубатын сатууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Рогун ГЭСинин курулушунан бир көрүнүш. Тажикстан.
Рогун ГЭСинин курулушунан бир көрүнүш. Тажикстан.

Италиялыктардан Salini Impregilo ишканасы Рогундун курулушун бүтүрүү тууралуу Тажикстан менен келишимди 2016-жылдын жайында түзгөн. Вахш дарыясындагы эң кубатуу гидроэнергетикалык долбоор 1976-жылы башталып, Советтер Союзу ураганда токтоп калган.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов Рогун менен “Камбар-Ата -1” ГЭСтеринин курулушуна караманча-каршы болуп келгени белгилүү. Андан кийин бийликке келген Мирзиёев болсо Рогун боюнча азырынча пикирин айта элек. Ал премьер-министр кезинде тажиктер италиялык компания менен келишим түзгөндө Дүйшөмбүгө кат жиберип, расмий нааразылык билдирген. Катта Тажикстан энергетикалык көйгөйдү Рогунду курбай туруп эле чечсе болору айтылган.

1-июнда өзбек парламентинин төмөнкү палатасынын төрага орун басары Бөрү (Бори) Алиханов Ташкент чек ара аркылуу өтчү дарыялардын сууларын рационалдуу жана адилет колдонууну жактаарын медиа каржаттарына айткан.

Рогун менен катар эле тажиктер бир нече апта мурун өлкөнү 70% электр кубаты менен камсыздаган Нурек ГЭСин модернизациялоо ишин башташкан. Бул үчүн Дүйнөлүк банк 225,7 млн доллар каражат бөлгөн. Андан тышкары Азия инвестициялык банкы менен Евразия өнүктүрүү банкы да буга акча берери кабарланган.

Кыргызстан: ГЭС курууга инвестор керек

“Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу каражаттын тартыштыгынан токтоп турат. Жалпысынан үч млрд доллар турган курулушту инвесторлордун жардамысыз бүткөрүү мүмкүн эмес. Өткөн жылы Орусия Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскадындагы төрт ГЭСти кура албай калганын жарыялаган. Эки өлкө 2012-жылы макулдашкан келишимге ылайык ГЭСтин биринчи агрегаты 2016-жылы ишке кирмек.

Токтогул ГЭСи, Кыргызстан.
Токтогул ГЭСи, Кыргызстан.

Ушул тапта кыргыз бийликтери өлкөнүн энергетикалык керектөөсүнүн 40% жапкан Токтогул ГЭСин оңдоп-түзөөгө көңүл бурууну чечкен. 2015-жылдын кышында ГЭСтин төрт кыймылдаткычынын (турбинасынын) экөө иштен чыгып, өлкөдө айрым аймактарда электр жарыгы тартыш болгон.

Май айынын ортосунда кыргыз өкмөтү алыскы тоолуу райондордо 14 чакан ГЭС салууга тендер жарыялаган. Жергиликтүү маалымат агенттиктери тендерге катышууга алты компания кызыгуусун билдирсе, анын бирөө гана чет элдик экенин жазып чыккан.

Ушул күндөрү Казакстандын борбору Астанада ачылган EXPO-2017 эл аралык көргөзмөсүндө кайра калыбына келчү кубаттын заманбап булактарын, анын ичинде гидроэнергетиканы өнүктүрүүгө басым жасалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG