Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

Киев Астанадан карта боюнча жооп күтөт


Эл аралык көргөзмөнүн ачылышындагы инсталляция.
Эл аралык көргөзмөнүн ачылышындагы инсталляция.

Астанадагы эл аралык ЭКСПО-2017 көргөзмөсүнүн ачылышы менен Украина менен Казакстандын ортосунда дипломатиялык талаш чыкты. Көргөзмөгө катышып жаткан мамлекеттердин картасында Крым Орусиянын бөлүгү катары көрсөтүлгөн.

Эл аралык иш-чаранын ачылышын утурлай, бир жыл мурда эле ага катыша турган мамлекеттердин карталары түшүрүлгөн инсталляция ачылган. Анда куурчак адамдар шарларды көтөрүп турушат, ал эми аларга ар бир мамлекеттин карталары түшүрүлгөн.

Бул инсталляцияга ЭКСПО-2017 ачылганда гана көңүл бурулду. Дал ушундай шарлардын биринде Крым жарым аралы Украинанын бөлүгү катары эмес, Орусиянын картасына киргизилип калган.

ЭКСПО-2017ге 115 мамлекет катышып жатат.
ЭКСПО-2017ге 115 мамлекет катышып жатат.

Орусия Крымды аннексиялап алганына үч жыл болсо да Казакстан бул маселе боюнча өз позициясын так билдирбей келет.

- Биз Орусия менен союздаш мамлекет болгонубузга карабастан Москва бизге басым жасап, "Крымдын бизге кошулушун" же болбосо "Түштүк Осетиянын төбөлсүздүгүн тааныгыла" деп таңуулабашы керек. Бул деген туура эмес. Орусия өнөктөш мамлекеттерди колдоп, алардын позициясын сыйлаш керек. Ал эми биздин өлкөлөр ортосундагы алака союздаш катары эмес, агасы менен инисиндей болсо анда башка маселе-дейт Казакстандагы блогерлер альянсынын президенти Галым Байтук.

Астананын мэри Асет Ишекеев журналисттердин суроолоруна жооп берген жок. Кийинчерээк шаар башчысы алгач бул акимиаттын тапшырыгы менен жасалбаганын айтса, бир аздан соң күнөөнүн баарын сүрөтчүлөргө оодарды:

- Жок, буга акимиат эч кандай тапшырык берген эмес. Мына бул фигуралар акимиаттын буйругу менен жасалган, бирок ким тарткан, ким мындай чечим кабыл алган - муну азыр териштирип жатабыз.

Көп өтпөй Украинанын Казакстандагы элчилиги Тышкы иштер министрлигине бул боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылган кайрылуу жөнөттү. Бир түндөн кийин карталардагы талаштуу аймактар боелуп калды. Украинанын Казакстандагы убактылуу ыйгарымдуу өкүлү Владимир Жиджора буларды айтты:

- Эми Украинанын чек аралары такыр жок болуп чыкты. Бардык шарларда мамлекеттердин чек аралары так аныкталып турат. Ал эми Орусия менен Украинанын эле чек аралары белгиленген эмес. Демек көйгөй чечилген жок, ал болгону боелуп турат.

Бул инсталляцияны тарткан сүрөтчүлөр тобу болсо Украинанын элчилигине кечирим сурап, кат жөнөтүштү. Ал эми Казакстандын Тышкы иштер министрлиги муну сүрөтчүлөрдүн чыгармачыл кадамынан кеткен ката деп түшүндүрдү.

- Бул жөн гана чыгармачыл топтун кетирген алешемдиги, эч кандай саясий мүдөөсү жок. Алар чыгармачыл мамиле кылып, саясий аки-чүкүсүнө кийлигишпесе керек. Сүрөтчүлөр өз күнөөлөрүн мойнуна алып, Украина элчилигине расмий кайрылуу жөнөтүштү,-деди Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Мухтар Тлеуберды.

Эл аралык көргөзмөнүн символдору.
Эл аралык көргөзмөнүн символдору.

Украина элчилиги үчүн сүрөтчүлөр тобунун бул каты жетишсиз, алар Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий кечирим суроосун күтүп жатышат.

"Мен бул катты албетте Киевге жөнөтөм, борбордогу бийлик чечет. Бирок Казакстан тараптан биз эч кандай расмий кечирим суроо болгон жок"-деди элчиликтин өкүлү.

Астанада 10-июнда ачылган ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсү “Болочоктун энергиясы” деп аталып, энергиянын кошумча булактарын өнүктүрүүгө, "жашыл экономиканы" колдоого, экологияны коргоого багытталган.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Өзбекстандын павильону эң инновациялык экени айтылууда. Ташкент көргөзөмөгө аккумулятору күндөн энергия топтогон автоунаа алып чыкты. Уюштуруучулардын айтымында, бул автоунаа сатыкка 2025-жылы чыгарылат. 10-сентябрга чейин улана турган иш-чарага 115 мамлекет катышып жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG