Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:56

Өкмөт 14 чакан ГЭСти курууга тендер жарыялады. Ага ылайык, өкмөт чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвесторлорго чакан электр станцияларынын долбоорлорун сунуштап, бардык шартты түзүүнү убада кылууда.

Бийлик мындай жол менен кошумча электр энергиясы өндүрүлүп, тармактагы абалды оңдоого өбөлгө түзөт деген ишенимде. Бирок буга чейин энергетика тармагында бир нече долбоор үзгүлтүккө учурган Кыргызстандын чакан ГЭСтерди куруу боюнча кезектеги демилгесинен кандай майнап чыгат?

Тендер жарыяланып, шарттары айтылды

Өнөр жай, энергетика, жер ресурстары мамлекеттик комитети кубаттуулугу 3 мВттан 20 мВтка чейинки 14 чакан ГЭСти курууга өткөн аптада тендер жарыялады. Ага ылайык, чакан электр станцияларды курууга жергиликтүү жана чет өлкөлүк ишкерлер жана компаниялар катыша алат. Аларга комитет даяр долбоорлорду сунуштап, курууга кеткен каражатты инвестор көтөрүшү керек.

Мамлекеттик комитеттин энергиянын кайра жаңыланма булактары бөлүмүнүн башчысы Эрмек Абдувалиев тендердин шарттары тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

- Долбоордогу жерди мамлекет берип, мамлекеттин менчигинде калат. Ал эми чакан ГЭСти инвестор курушу керек болот. Тендерге катышкан инвесторго биз жардам көрсөтүп, жерди бөлүп берүүгө жана башка маселелерди чечүүгө жардам кылабыз.

Кеминде чакан ГЭС ишке кирди

Чүйдүн Кемин районунда Тегирменти-2 чакан ГЭСи ишке берилди. Долбоор кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, ГЭСке 215 миллион сом сарпталды.

Абдувалиев курулуп бүткөн соң чакан ГЭСтен өндүрүлгөн электр кубаты мамлекет бекиткен тариф менен пайдалануучуларга сатыларын кошумчалады. Мындай жол менен өкмөт электр энергиянын кошумча булактарын таап, колдонуучуларды үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыз кылууга ниеттенүүдө.

Өнөр жай жана энергетика комитети алгач жолу көп сандагы чакан электр станцияларды курууга сынак жарыяланганын билдирип жатат.

Кыргызстанда электр энергиясынын кошумча булагын өндүрүү максатында чакан ГЭСтерди куруу демилгеси көп жылдан бери көтөрүлүп келет. Бул демилгенин өлкөдө ири ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлор үзгүлтүккө учурап, кошумча кубаттуулукка муктаждык туулганы мааниси дагы артты.

Мына ушундай шартта өлкөдө кошумча электр булактарын табуу аракетин колдоого алуу зарылдыгын мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев "Азаттыкка" билдирди. Артыкбаевдин айтымында, өкмөт тендерди өткөрүүдө бир нече жагдайды эске алышы керек:

- Бул тармакты өнүктүрүүдө эң башкысы тариф маселеси. Бул тармакка инвестор акчасын салгысы келбейт, себеби өндүрүлгөн электр жарыгын сатууда анча пайда ала албайт. Экинчиден, бул жаатта түзүлгөн шарттар начар. Үчүнчүдөн, мыйзамдарды либералдаштыруу маселеси бар. Тендер жарыялоодо мыйзамдар либералдуу болбосо, андан майнап чыгышы кыйын.

Сөздөн ишке өтөбү?

Ошентсе да бул долбоорлор ийгиликтүү ишке ашабы деп күмөн санагандар да бар. Себеби өкмөттүн энергетика тармагында мерчемделген долбоорлору ишке ашпай, сөз жүзүндө калган учурлар болгон эле. Маселен, былтыр Чехия менен 15 кичи ГЭСти куруу боюнча 190 миллион долларлык келишимге кол коюлганы кабарланган. Бирок бул долбоордун ишке ашпай калганын Экономика министрлиги жакында жарыялады.

Ошондой эле Кара-Кече кенин комплекстүү иштетүү долбоору боюнча бир нече тендер өтүп, бирок кызыккандар болбогондуктан ишке аша элек.

ГЭСтердин багы тушалып турат

Кыргыз өкмөтүнүн Орусия менен ГЭСтерди куруу боюнча эл аралык келишимин денонсациялоо жараяны соңуна чыкты.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын мүчөсү Руслан Акматбек мындай долбоорлордун ишке ашпай жатканын өлкөдө инвестицияны тартуу боюнча ырааттуу системанын жоктугунан көрөт:

- Инвестиция тартууда ырааттуу иш эмес, ар бир мамлекеттик органдын кыска, утурумдук кызыкчылыгы бар. Маселен, ошол ГЭСтерди курууда деле жер тилкелери трансформацияланбай калган же ушул сыяктуу толгон-токой маселелер чыккан эле. Эгер анын баарына көңүл бурбаса кыйын болот.

Бирок Чехия менен биргеликте чакан ГЭСтер курулбаса да кыргызстандык жеке ишкерлер чех компаниялар менен келишим түзүп, кичи станцияларды курууга кызыгып жатканын экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.

Кыргызстанда учурда 13 чакан ГЭС иштеп жатат. Анын тогузу мамлекеттик "Чакан ГЭС" ишканасына таандык. Алар жылына 140 миллион киловатт саат электр энергиясын өндүрөт.

Өлкөдө дагы 80ден ашык чакан ГЭСти курууга жана жалпы 1 миллиард киловатт саат электр энергиясын алууга болорун "Чакан ГЭС" ишканасынын техникалык директору Нурлан Самудин уулу "Азаттыкка" айтып берди:

- Союз учурундагы эсептелип чыккан эсептерге караганда Кыргызстандын аймагында 1 миллиард кВ саат электр энергиясын өндүрүүгө болот. Бул сан Кыргызстанда жалпы өндүрүлгөн электр энергиясынын 8-9 пайызын түзөт.

Чакан ГЭСтерден башка Кыргызстанда Камбар-Ата 1, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын Орусия менен бирге куруу боюнча долбоор башталган. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан, Орусиядан иш ыраатында жүрбөй токтоп калгандыктан Кыргызстан макулдашууну денонсациялаган. Андан бери бул долбоорлордун башы ачылбай токтоп турат. Ал эми Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү үчүн Евразия өнүктүрүү банкынан насыя алып, аны баштаганы жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG