Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Чех компаниясынын таржымалы талкууда


Liglass Trading CZ заводунун сырткы көрүнүшү
Liglass Trading CZ заводунун сырткы көрүнүшү

Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев ГЭСтерди кура турган чех компаниясы боюнча бир бүтүм чыгаруу азырынча эрте деп билдирди.

Зилалиев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, эгер Liglass Trading CZ компаниясы белгиленген мөөнөттө милдеттенмени аткарбаса, анда келишим бир тараптуу жокко чыгарыларын, кыргыз тарап эч зыян тартпай турганын айтты.

Мунун алдында Тышкы иштер министрлигинин аталган компания менен кызматташпоону эскерткен каты деген документ жарыяланып кетти. Чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген аталыштагы иликтөө макаласын жарыялады.

Liglass Trading CZ Жогорку Нарын каскадындагы төрт ГЭСти жана андан башка он чакан ГЭСти куруу боюнча кыргыз өкмөтү менен 10-июлда макулдашууга кол койгон. Ага президент Алмазбек Атамбаев да катышкан.

Нарын каскадын чехтер курмай болду

Нарын каскадын чехтер курмай болду

Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти Чехиядагы жеке менчик компания кура турган болду.

Дүйшөнбек Зилалиев чехиялык компания тендер сынагынын бардык талаптарына жооп берген деп билдирди. Анын маалымдашынча, келишимдеги милдеттенме боюнча 30 банктык күндүн ичинде, тактап айтканда жалпысынан 50 күндүн аралыгында Орусияга бересе болуп калган 37 миллион долларды төлөшү керек, болбосо келишимди бир тараптуу токтотуп коюу мүмкүнчүлүгү бар:

- Мыйзам боюнча биз сынактык, тендердик талаптардын баарын койгонбуз. Бул компания бизге 1 миллион 200 миң доллар кепилдик төлөмдү төккөн. Биздин шарттар боюнча баарын төккөн, баарын көрсөткөн. Азыр кымгуут болуп кетпедиби. Мен баарын (журналисттерди - ред.) чакырат элем, биз бардык макулдашууларды көрсөтөлү. Ал жерде жашыруун эч нерсе жок. Анын баарын мен журналисттерге көрсөткөнгө даярмын. Баарын ачык талкуулайлы. Бул 30 банктык күндүн ичинде 37 миллион доллар карызыбызды жабышы керек. Ошону биз биринчи көрөлү. Азырынча компания тууралуу бир нерсе айтуу эрте. Экинчиден, бизден бир тыйын каражат кеткен жок. Эгер булар талапты аткарбаса анда 30 банктык күндүн ичинде бир тараптуу кылып эле келишимди жокко чыгарып коебуз. Бул жерде эч кандай коркунуч жок. Бир тыйыныбыз корогон эмес, зыяны тийбейт. 30 банктык күн бул 47-48-50 күн болуп эсептелет. Биз бул убакыт аралыгында 37 миллион долларды төгөбү же жокпу байкап турабыз.

Биз Зилалиевден аталган чехиялык компания менен келишимге кол коюлардан мурун анын таржымалы иликтенгенби же жокпу деп сурадык. Ал иликтенгенин, анда күмөн же шек жараткан жагдайлар болбогонун кеп салды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин аталган чехиялык компания менен кызматташпоону эскерткен каты тууралуу түшүндүрмө берген жок:

- Бардык массалык маалымат каражаттарын караганда маалыматтар чыккан болчу. Биздин балдардын даярдаганы боюнча бардык маалыматтар чыккан. Бул жакта Чехияда ички атаандаштыкпы же дагы башка нерсе бар деп айтып жатышат. Мен эми ага комментарий бере албайм. Сиздердеги маалымат дагы канчалык туура же туура эместигине комментарий бере албайм. Биз алардын иш-аракеттерин көрөлү. Алар биз тендердик сынакта койгон милдеттенмелерди аткарышты. 1,2 миллион доллар кепилдик төлөмүн төлөштү. Негизи тендерге алты компания катышкан. Бир чехиялык, бир кытайлык компания, калгандары биздин улуттук компаниялар болгон.

Күмөндүү чехиялык Liglass Trading CZ

Күмөндүү чехиялык Liglass Trading CZ

Нарын ГЭСтер каскадын жана чакан ГЭСтерди курмай болгон чех компаниясы тууралуу Чехиянын өзүндө чуулгандуу маалыматтар чыгып жатат.

Мунун алдында "24.kg" маалымат агенттиги 17-июлда Кыргызстандын Австрия менен Чехиядагы элчилигинин жана Тышкы иштер министрлигинин Liglass Trading CZ компаниясы менен кызматташпоону эскерткен каты деген документти жарыялады. Кат Экономика министрлигине жана Улуттук энергохолдингге жөнөтүлгөн жана анда чехиялык компаниянын ишеним жаратпай турганы боюнча маалыматтар айтылган, соттук иштери да болгондуктан макулдашуу түзбөө тууралуу эскертүү жазылган.

Liglass Trading CZ компаниянын айланасындагы күмөн жараткан жагдайлар тууралуу алгач чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялаган. Макаланын автору Ондржей Соукуп "Азаттыкка" маек куруп компаниянын уставдык капиталы, каттоосу, иши тууралуу күмөндүү маалыматтарды иликтеп чыгышканын айтып берди.

- Биз тереңдеп иликтей баштадык. Өндүрүш министрлигине, Чех Экспорт банкына, ошондой келишимдерди камсыздандырган мамлекеттик камсыздандыруу агенттигине чала баштадык. Бардык жерде эч ким эч нерсе билбей турганын айтышты. Эч качан угушпаптыр, кабары жок жана алар бул ишке тиешеси жок болуп чыкты. Өзгөчө Экспорт банкы эч нерсе билбегени биздин көңүлдү бурду. Анткени 230 млн доллар Чехия үчүн да аз эмес акча. Мен Чех Экспорт банкысыз ишке ашкан башка мындай ири экспорттук келишимди билбейм. Ал мамлекеттик мекеме катары акчаны арзаныраак берет. Ал эми Экспорт банкындагылар эч качан укпаганын, андай келишимди алар менен эч ким талкуулабаганын айтышты.

Тасмада: Чех инвесторлору менен келишим түзүлдү

Чех инвесторлору менен келишим түзүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:32 0:00

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку төрага орун басары Марат Иманкулов кыргыз өкмөтүн чехиялык компания тууралуу атайын кызматтан маалымдама алынбаганын сындады:

- Бул стратегиялык объект болгондуктан өкмөт бардык тиешелүү органдардан маалымат алышы керек болчу. Маселен Тышкы иштер министрлиги бул компания менен байланышпагыла, иши күмөндүү экен, банкрот астында турат экен деп айтыптыр. Мына ушундай эле маалыматтарды өкмөт атайын кызматтан дагы алышы керек болчу. Атайын кызматтарда маалымат ала турган көп булактар бар. Стратегиялык объекттерди курат деген компанияны тыкыр текшерген маалымат алса ал көптүк деле кылбайт болчу.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов өкмөт бул комания менен чукул арада келишим жокко чыгарылышы керек деп эсептейт:

- Бул өтө коркунучтуу жагдай. Кеп мамлекеттик коопсуздук жөнүндө болуп жатат. Бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында энергетика стратегиялык тармак деп жарыялап жатышат. Кыргызстандын дарыяларын, 11 ГЭСти иши күмөндүү компанияга карматканы жатышат. Бул келишим бүгүндөн калбай жокко чыгарылышы керек, тиешелүү адамдарга чара көрүлүшү керек. Албетте тергөө иштери жүрүшү керек. Тышкы иштер министрлигинин маалыматын ким жокко чыгарды, кайсы тарап кызыкдар болуп жатат деген суроо бар. Анткени бул жерде шалаакылык эле эмес, мамлекеттик чыккынчылык тууралуу сөз болуп жатат.

Аталган чехиялык компания айтылган дооматтар боюнча жакын арада расмий маалымат берилерин билдирди.

Компания кыргыз өкмөтү менен ГЭСтерди куруу тууралуу макулдашууларга өткөн аптада, 10-июлда кол койгон. Кол коюу жөрөлгөсүнө президент Алмазбек Атамбаев дагы катышкан.

Атамбаев бул келишимди "Кыргыз экономикасына Европадан ири жеке инвестордун келиши" деп сыпаттаган. Ошондой эле "дүйнөдөгү бардык потенциалдуу инвесторлорго кубаттуу белги берип, Кыргызстан бизнес жүргүзүүгө жана өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык шарттарды түзүүгө даяр экендигин ырастайт", деп айткан.

"Ыңгайсыз суроолор": чехтерге артылган үмүт

ГЭС курулушу: чехтерге артылган үмүт
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:56 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG