Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Зилалиев: талкууга түшкөн чех компаниясы 30 банк күндүн ичинде сыналат


Дүйшөнбек Зилалиев
Дүйшөнбек Зилалиев

Кыргызстанда ГЭСтерди курмай болгон чех компаниясына байланыштуу талаштуу жагдайга Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев "Азаттыкка" комментарий берип, тынчсызданууга негиз жоктугун билдирди. Анын айтымында, Liglass Trading CZ компаниясы менен макулдашуу түзүлөөрдө алар 1 миллион 200 миң доллар кепилдик акы төлөшкөн.

- Булар 30 банк күн ичинде Орусияга болгон 37 миллион карызыбызды жабышы керек. Азырынча бир бүтүм чыгарууга эрте. Экинчиден, бизден бир тыйын каражат кеткен жок. Эгер алар милдетти аткарбаса, 30 банк күндөн соң макулдашууну бир тараптуу жокко чыгарып, башка тендер өткөрөбүз, - деген Зилалиев аталган компания менен түзүлгөн келишим боюнча документтердин баарын журналисттерге көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Буга чейин чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялаган.

Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти Чехиядагы жеке менчик компания курмай болгон. Ал тууралуу келишимдерге 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен Liglass Trading CZ. SRO компаниясынын өкүлдөрү кол койгон.

Ал тапта Кыргызстанда ГЭСтерди курмай болгон чех компаниясы менен кызматташпоого чакырган өкмөттүк документтин көчүрмөсү делген катты кыргызстандык "24.kg" маалымат агенттиги жарыялады. 17-июлда чыккан үч беттик кат Кыргызстандын Австрия менен Чехиядагы элчилигинин жана Тышкы иштер министрлигинин чехиялык Liglass Trading CZ компаниясын изилдегенден кийин Экономика министрлигине жана Улуттук энергохолдингге жиберген жообу болгон. 2017-жылдын 10-мартында жазылган ал катка ТИМдин ошол кездеги орун басары Азамат Үсөнов кол коюп, "Өтө маанилүү!" деп белгиленген.

ГЭСти куруу боюнча алгач Орусия менен макулдашып, жарым-жартылай иш аткарылган кезде токтотулган. Орусия тарап аткарган иштер үчүн 37 миллион доллар төлөп берүү талабын койгон.

XS
SM
MD
LG