Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:44

ГЭС курулушу: чехтерге артылган үмүт


ГЭС курулушу: чехтерге артылган үмүт
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:56 0:00

Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти Чехиядагы жеке менчик компания кура турган болду. Муну бышыктаган келишимдерге 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен Liglass Trading CZ. SRO компаниясы кол койду. Чех инвесторлору Нарын каскадын курууда кыргыз тараптын Орусияга болгон 37 млн доллар карызын өз моюнуна алды. Чет өлкөлүк компанияны долбоорду ишке ашырууга кандай жагдай кызыктырды? Кыргыз өкмөтү аталган компанияга эмне үчүн ишеним артты? Чехия өкмөтүнүн кепилдиги жок келишим ишке ашпай калса, долбоордун тагдыры кандай болот? "Ыңгайсыз суроолор" программасынын кезектеги берүүсүндө ушул маселе талкууга алынды. Программага мурдагы Энергетика министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов жана "Электр станциялар" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев катышты.

XS
SM
MD
LG