Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

Журналисттер ГЭСтерди курчу чех компаниясын иликтей баштады


Жогорку Нарындагы ГЭС курула турган жер
Жогорку Нарындагы ГЭС курула турган жер

Кыргызстанда ГЭСтерди кура турган чех компаниясын прагалык журналисттер иликтей баштады.

Чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялады. Анда айтылгандай, Чехияда эч ким билбеген Liglass Trading CZ аттуу компанияны Кыргызстанга чех президенти Милош Земан жана анын канцелярия башчысы Вратислав Минарж сунуштаптыр. Кыргызстанда ГЭСтерди куруш үчүн ал компания миллиондогон доллар каражат табышы керек. "Документтерин карап көрсөк, Liglass Trading CZ фирмасынын соода-сатык ишмердиги 2014-жылы 345 миң чех кронуна айланып (азыркы курс менен 15 миң АКШ долларындай акча), бир миллион крондой чыгаша тартыптыр. Калган жылдардын финансылык маалыматы жарыяланбаптыр.

Кыргызстанда эң чоң жаңылыкка айланып, келишимге кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда кол коюлду. Бул компанияны чех президентинин администрациясы сунуштаганын тактадык, бирок алардан башка Liglass Trading CZ ишканасы тууралуу Чехиянын энергетика, же өнөр жай тармагынан бир да киши укпаптыр", - деп жазат Aktualne сайтынын кабарчылар тобу.

Кыргызстанда мындай ири келишимге кол коюлганын журналисттерден уккан Чехиянын өнөр жай жана соода министри Йиржи Гавличек: "Ушундай чех компаниясы бар экенин биринчи жолу угуп атам", - деп таң калганын жашырган эмес. Чехия президентинин администрация өкүлдөрү: "Бардык маалыматты кыргыз прессасынан окуп алгыла", - деген жооп кайтарган.

Liglass Trading CZ компаниясы Прагада белгилүү адвокат Драгомир Шахтанын офисинде катталган экен. Шахта өзү: "Биз аларга юридикалык кеңеш беребиз, андан башка ишибиз жок", - десе, кагаздарда компаниянын башкы директору деп жазылган Йиржи Войтеховский: "Кыргызстанда ири долбоор үстүндө иштеп атканыбыз чын, анын баары коммерциялык жашыруун сыр", - деп айтуу менен чектелген.

Чехиялык журналисттер бул маселени иликтөөнү улантарын, Чехияда эч ким билбеген компания Кыргызстандагы ири энергетикалык долбоорго каражатты кайдан табары, фирма кантип бул келишимге жетишип калганы тууралуу суроолорго жооп издешерин айтышты.

Liglass Trading CZ компаниясынын маалымат сайтын ачсак, "Азыр ондоп-түзөө иштери жүрүп жатат" деп жазылып турат.

Фетхуллах Гүлен Эрдоганды Сталинге салыштырды

Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылды деп айыпталган белгилүү диниятчы Фетхуллах Гүлен АКШда The Wall Street Journal басылмасына кеңири интервью берди. Ал эч качан кандайдыр бир кутумга аралашпаганын айтып, Түркиядагы куугунтуктарды айыптады. "Эрдоган мынчалык катуу кетээрин күткөн эмесмин. Түркиянын бир бөлүгү азыр нес болуп калды. Буга чейин Түркия мындайды башынан өткөргөн эмес. Аны эми Ленин, Сталин же Ирактагы Саддам менен эле салыштырса болот", - деди Гүлен.

2016-жылдын 15-июлундагы окуялардан кийин "Хизмет" кыймылындагы жүз миңдеген атуулдар куугунтукталып, 50 миңдейи камалган. Окуялардын бир жылдыгына карата Түркиянын АКШдагы элчиси Сердар Кылыч басма сөз жыйын өткөрүп, Гүленди айыптап, аны түрк бийлигине өткөрүп берүү талабын дагы бир эскертти.

Ал эми The Wall Street Journal журналындагы интервьюсунда Гүлен Түркияда шовинизм менен расизм курчуп, бирок Европа жана АКШдагы салттуу институттар ага маани бербей жатканын белгилеп: "НАТО, Европа парламентинде бул көйгөйгө кийлигишүү даремети болгону менен унчукпай келишет", - дейт ал өкүнүү менен.

Гүлен "Хожаефенди" деген ысым алдында таанымал оратор жана диниятчы, анын дүйнө жүзүндө миңдеген жактоочулары бар. АКШнын улуттук чалгындоо кеңешинин мурдагы өкүлү Грэм Фуллер Гүлендин кыймылын заманбап ислам түшүнүгүн жайылтууну көздөйт деп, ага карата коюлган айыптоолорду негизсиз деп сыпаттаган. Түркия бийлиги былтыр 15-июлда ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракетине учурда АКШда ыктыярдуу бозгунда жүргөн диниятчыны айыптап, аны жалпы жонунан 2000 жылга абакка кескен.

Токсондон өткөн президент жакырларга үй курууда
АКШнын президенти Дональд Трамп гольф талаасында көңүл ачып жатканда 92ге чыккан мурдагы мамлекет башчы Жимми Картер өз колу менен жакырларга үй куруп жатканын The Independent басылмасы жазып чыкты. Канаданын Уиннипиг аймагында кайрымдуулук программасынын алкагында Жимми Картер бир апта бою курулушта иштеди. Бейшемби күнү ысыктан улам эсинен танып, ооруканага жеткирилген. Бирок эртеси эле кайра аялы Розалин менен жакырлар үчүн курулуп жаткан имаратка кайтып барган.

Ал арада АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп болсо сегиз саат бою аялдардын гольф боюнча Нью-Жерсиде өткөн ачык чемпионатын көрүп отурду. Гезит мурдагы жана азыркы ажонун күн тартибин салыштырып, 36 апта бою Жимми Картер курулушта иштесе, президенттигинин 176 күнүнүн 36 күнүн Дональд Трамп гольф клубда өткөрдү деп баяндайт.

1977-1981-жылдары АКШ президенти болуп турган Картер адам укуктары, демократиялык принциптерди туу тутуп, 2002-жылы кайрымдуулук иштери үчүн тынчтык боюнча Нобел сыйлыгын алган.

Күйөөлөрдү айнек кутуга таштап кетсе болот

Кытайдын ири соода түйүндөрүндө аялдар эми күйөөлөрүн бардык заманбап жабдыктары бар айнек кутуларга таштап кете алышат. Бул тууралуу Newsweek журналы кабарлайт. Эркектер үчүн соода борборлорунда айнек цилиндрлер пайда болду. Көп учурда аялдар соода кылганы чыкканда аларды эрчиген күйөөлөрү тажап, чарчап калышат.

270 миң чарчы метрлик Global Harbor Mall дүкөнүндө электрондук аспаптар, экрандары бар цилиндрлер 2010-жылы чыгып, 2014-жылдан тарта абдан популярдуу боло баштаган. "Күйөө кампасы" деп аталган цилиндрдин ичинде телевизор, интернет ал тургай чылым тартуучу жайлары да бар. Бирок бул жайларды Кытайдын социалдык тармактарды колдонуучулары сындап чыгышты. Соода-сатыкка баргысы келбеген эркектер эмнеге үйдө калып, каалашынча телевизор көрбөйт дегендер болууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG