Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:25

Смелик: Нарындагы ГЭСтер долбоору он жылдан кийин өзүн актайт


Liglass Trading CZ компаниясынын ээси Михаэл Смелик. 21.7.2017.
Liglass Trading CZ компаниясынын ээси Михаэл Смелик. 21.7.2017.

Нарын ГЭСтерин куруу үчүн кыргыз өкмөтү менен келишимге кол койгон чехиялык Liglass Trading CZ компаниясынын ээси Михаэл Смелик 21-июлда "Азаттык" үналгысынын суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Смелик мырза, чехиялык маалымат каражаттары сиздердин чакан фирмаңар ушундай чоң долбоорду утуп алганын, ГЭСтер же энергетика тармагында иш жүргүзгөн компаниялардан сураштырганда Liglass Trading CZ тууралуу билишпегенин айтышкан. Буга эмне деп жооп берет элеңиз?

Михаэл Смелик: Биринчиден, студияга чакырганыңызга, мага сөз бергениңерге ыраазычылыгымды айткым келет. Ал эми сурооңузга кайрылсам, Liglass Trading CZ акыркы жылдары финансы жүгүртүү жагынан чакан фирма көрүнүшү мүмкүн.

Бул фирма мен ээлик кылган фирмалар тобуна кирээрине көңүл бургум келет. Калыбына келип туруучу табигый булактар тармагында 12 жылдык тажрыйбабыз бар.

Чех компаниясынын таржымалы талкууда

Чех компаниясынын таржымалы талкууда

Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев ГЭСтерди кура турган чех компаниясы боюнча бир бүтүм чыгаруу азырынча эрте деп билдирди.

Экинчиден, бул бизнес дал ушундай жол менен жасалат, мен муну бүтүндөй дүйнөдө жасап келгем. Ар бир жолу конкреттүү долбоор менен иштөөгө карызы жок, кожоюндар структурасы так белгиленген фирма тандалат. Биз бул ирет Liglass Trading CZ бөлүүнү чечтик.

Чех мамлекетинен эч качан эч кандай субсидия же көмөк алып көргөн эмеспиз. Калыбына келүүчү кубат булактарына байланышкан тармакта иш алып барган эл аралык чөйрөдө пресса жазгандай Михаэл Смелик деген ысымды таанышпайт деп айта албайм.

"Азаттык": Кыргызстанда электр кубаты арзан экенин билебиз. Бир топ аттуу-баштуу компаниялар долбоор өзүн көпкө актабайт деп бул тендерге катышпоону чечишиптир. Сиздерди эмнеси менен кызыктырды? Киреше таап, акчаңарды канча убакытта кайтарып алууну көздөп жатасыздар?

Михаэл Смелик: Бул долбоордун кайтарымдуулук мөөнөтү 8-10 жылдын айланасында болот. Келишимдердин бардык деталдары, экономикалык прогноздор ар бир учурда айырмаланып турат. Бирок жалпысынан биздин кайсы болбосун инвестицияларыбыз 10 жылдан кийин кайтарылат.

Бул аралыкта Кыргызстан электр кубатынын мыйзамда белгиленген белгилүү бир баасына кепилдик берет. Сууну жана жерди пайдаланууга 25 жылга укук алсак, аны узартуу мүмкүнчүлүгү болсо, бул долбоор акыр-аягында кирешелүү эле.

Чех инвесторлору менен келишим түзүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:32 0:00

"Азаттык": Бул долбоорго каражат банктан алынабы же башка инвесторлордонбу?

Михаэл Смелик: Мен мүмкүн болушунча ачык жооп кайтаргым келет. Ошол эле маалда мен 10 жылда жасаган ишимди эки мүнөттүн ичинде атаандаштарга, кимдир бирөөлөргө сатып жибергим келбейт. Маалымат каражаттарынын финансылык өнөктөштөрүм менен байланышка чыга баштоосун каалабайм.

"Азаттык": Кыргызстан тарап ошол өнөктөштөрүңөрдү, албетте, билсе керек?

Михаэл Смелик: Ооба, тендерге катышып, аны жеңүү үчүн мен каржы жагынан гана эмес, техникалык-экономикалык даярдыгыбызды далилдөө үчүн толук, комплекстүү презентация кылышым керек болчу.

Нарын каскадын чехтер курмай болду

Нарын каскадын чехтер курмай болду

Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти Чехиядагы жеке менчик компания кура турган болду.

Акчанын ири бөлүгү менин 10 жылда тапкан жеке каражатым. Ошол эле ТЭО – техникалык-экономикалык аныктаманы даярдоо үчүн эле канча акча кетээрин элестетсеңиз. Ар бир станцияда ар бир түтүктөгү суунун басымы, суунун акканы, кыскасы бардык техникалык деталдар иштелип чыгышы керек болчу. Техникалык документацияга ири акча кетет.

"Азаттык": Демек өнөктөштөр белгилүү, алар көргөзүлгөн экен да? Тиешелүү маалыматты кайдан таба алабыз?

Михаэл Смелик: Ар бир мындай маанилүү келишимге кайсы бир сырдуу маалыматтар камтылат деп ойлойм.

"Азаттык": Бирок долбоорду каржылоо ачык жүрүп жатат жана ачык жүргүзүлөт деп сиздердин билдирүүдө айтылып жатпайбы?

Михаэл Смелик: Тигил же бул банк муну же тигини менен камсыздайт дегенди угам десеңиз андай болбойт. Себеби бул долбоорго банк менин ал жакка салынган каражатымды которуу аспабы катары гана катышат. Акчаны ачык которуп турат. Албетте ал акча кайдан келгенин текшерүү алардын милдети.

Ишимди өз убагында бүтүрүп, долбоор өз мөөнөтүндө каржыланганда кайсы өнөктөштөр же кайсы субъекттер катышканы ачыкка чыгат, тагыраак айтканда, чыгарышыбыз керек. Дагы кайталап койсом: ал жакта менин акча каражатым, менин ээлигимдеги фирмалар тобунун каражаты жана партнерлорубуздун акчасы бар.

Менин чөнтөгүмдө даяр 500 миллион долларым бар деп айткан жокмун. Андай эч кимде болбойт. Ар дайым техникалык каражаттар, финансылоо жактан да бир нече фирма биргелешип иш алып барат. Коркууга негиз жок. Техникалык кепилдик бар, 30 банк күнүнүн ичинде акчаны котором, орустардын карызын төлөйсүңөр, биргелешкен ишкананын 50 пайызын алабыз да, курулушту баштайбыз. Биз кечээ эле ишибизди баштадык.

Смелик: "Долбоордо жашыруун маалыматтар камтылган"
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG