Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:36

Орусия Жогорку Нарын каскадын курууга багытталган 37 миллион долларды кайтарып берүүнү талап кыла баштады.

Бул тууралуу улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев билдирди. Кыргыз тарап орусиялык “РусГидро” компаниясынын бул чыгымын ашыкча көрсөтүлгөн деп эсептеп, Орусияга эл аралык аудит өткөрүүнү сунуштаган. Бирок Орусия тарап биргелешип эл аралык аудит чакыртуудан баш тартып, келишимге ылайык бөлүнгөн акчаны кайтаруу талабын коюп жатканы белгилүү болду.

Саясат талдоочулар муну президенттик шайлоонун астындагы Москванын кыргыз бийлигине карата саясий басымы катары мүнөздөшүүдө.

Москванын күтүүсүз талабы

Жогорку Нарын каскадын курууга кетти деп орусиялык “РусГидро” компаниясы доомат артып жаткан жагдай боюнча кыргыз өкмөтү өзүнүн позициясын ачык айта албай келген. Бул жагдайды иликтеген депутаттык комиссия пайдубалы турбаган курулуштун чыгымын 37 миллион долларга баалоо туура эмес деп тапкан. Өкмөт ошондон кийин Орусияга биргелешип эл аралык аудит өткөрүүнү сунуштаган.

Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев бул боюнча сүйлөшүүлөрдөн азырынча жыйынтык чыга электигин билдирди:

- Чынында бул маселе абдан актуалдуу бойдон кала берүүдө. Буга чейин Орусия тарап менен бир канча ирет сүйлөшүүлөр болду. Бирок жыйынтык чыга элек. Орусия учурда “биз силерге берген 37 миллион долларды кайра кайтарып бергиле” деп бир жактуу негизде айтып жатат. Ал эми кыргыз тарап болсо ошол акчаны кайтаруудан мурун кеткен чыгымды эсептөөгө эл аралык аудит өткөрүүнү сунуштап жатабыз.

“РусГидро” компаниясы контейнерден жумушчулардын жатаканасын куруп, андагы беш чакырымга жакын таш жолду тегиздөө менен чектелген.

Шыкмаматов: Орусия доолаган карызын алат

Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча денонсацияланган кыргыз-орус келишиминдеги карыз боюнча орус тарап менен сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр экенин билдирди. "Азаттык" 37 млн доллар боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы, ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматовду кепке тартты.

Жогорку Нарын каскадынын башталбай жатып токтогон иштин чыгымын кийин Орусия тарап 37 миллион долларга баалаган. Кыргыз тарап Орусия менен мамилени бузуп алуудан чочулап жүрүп, кийин ал компаниянын жетекчиси Евгений Додго иш козголгондо ишти иликтөөгө уруксат берилген.

Депутаттык комиссия 1073 чарчы метр контейнерден жасалган жатакананын ар бир чарчы метри 1300 доллардан айланганын аныктаган. Жергиликтүү куруучулар мындай курулуштун чарчы метри 500 доллардан ашпай турганын белгилешкен.

Парламенттеги КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев бир тараптуу эле шартта аудит өткөргөнгө эмне тоскоол болуп жатканына кызыкты:

- Аудит өткөрүп, кеткен чыгымдарды негиздөө маселеси эмнеге ушул күнгө чейин кечеңдеп жатат? Мына ушул боюнча өкмөттүн чечими барбы? Силер маселени өкмөткө коюп, бир жактуу негизде деле аудит өткөрүүгө эмнеге болбосун? Сиздер мына ушуну карап, чече аласыздарбы?

Туңгуюкка кептелген сүйлөшүүлөр

Буга чейин парламент эл аралык аудит аркылуу кеткен чыгымды эсептеп чыгууну өкмөткө тапшырган эле. Бирок өкмөт эмнегедир анын мөөнөтүн кечеңдетип келди.

Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев депутаттын суроосуна бир тараптуу аудит жүрсө, анын жыйынтыгын Орусия тарап тааныбай коюшу мүмкүн экенин белгиледи. Ошондой эле ал эл аралык аудит жалдоо үчүн бир миллион долларга жакын акча керек экенин билдирген.

Экономика министринин мурдагы орун басары Туратбек Жунушалиев эки тараптуу сүйлөшүүлөр былтыр туңгуюкка кептелгенинен кеп салды:

- Биз эч кандай корутунду чыгарган жокпуз. Болгону сүйлөшүүлөр кандай жүргөнү жана кандай тоскоолдуктар болгону туурасында гана өкмөт башчысына маалымат киргизгенбиз. Биз Орусияга эл аралык аудит өткөрүүнү сунуштасак, ал жак “силерге керек болсо, өткөрө бергиле” деди. Анда эгерде биз өз алдыбызча аудит өткөрүп, бардыгын текшерип чыкса, ошонун жыйынтыгын кабыл аласыңарбы десек, алар баш тартышты. Буга жооп кылып, “анда эч нерсе ала албайсыңар, эч кандай акчаңар бул жакта жок, болсо ошол каражаттын кайсынысын каякка салдыңар далилдегиле” дедим. Мына ошону менен былтыр жайында сүйлөшүүлөр токтогон.

Анткен менен талдоочулар Орусиянын эл аралык аудит өткөрүүдөн баш тартып, келишимдин шартын аткарууну талап кылып, акчаны доолай башташын саясат менен байланыштырышууда.

КСДП партиясынын жаштар канатынын төрагасы Ренат Самудинов муну саясий басым көрсөтүү катары кабыл алды:

- Азыр эми күздө өтө турган президенттик шайлоонун астында Москва өзүнүн барк-баасын, маанисин жана булчуңун көрсөтүү үчүн мына ушундайга барып жатат деп эсептейм. Эгерде чынында эле Орусия 37 миллион долларды чыгымдаганы чын болсо, анда ал эмне үчүн эл аралык аудит өткөрүп, эки тарап тең капа болбогудай кылып, жыйынтык чыгарганга макул болбой жатат. Буга баргысы келбей, акча чынында эле Кыргызстанга келдиби же жокпу? Ошону изилдебей туруп, келишимде көрсөтүлгөн деген негизде акчаны доолап жатышында чоң саясат бар. Мына ушундай жолдор менен ал кандайдыр бир маанилүү чечимдердин кабыл алынышына таасир этүүдө.

Ошол эле кезде парламенттеги айрым депутаттар макулдашууну жокко чыгаруу учурунда мына ушундай тобокелдиктерди алдын ала албаган өкмөттүн жана энергетика тармагынын жоопкерчилигин кароону сунушташууда. Өкмөт болсо бул жагдайды жөнгө салуу үчүн парламенттен убакыт сураганы белгилүү болду.

“РусГидро” 2013-жылы Жогорку Нарын каскадын баштап, бирок эки жыл өтсө да, курулуш иштери алдыга жылбагандыктан кыргыз өкмөтү келишимди бир жактуу бузууга аргасыз болгон.

“РусГидро” компаниясынын мурдагы башчысы Евгений Додду өткөн жылы июнда орус бийлиги ири өлчөмдөгү мамлекет акчасын жымырып алган деген айып менен камакка алган. Орусиянын тергөө комитети ага “РусГидро” мамлекеттик компаниясын жетектеген учурда ири өлчөмдөгү акчаны башкы эсепчинин жардамы менен өзүнө ыйгарып алган деген айып койгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG