Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

Премьер кызматын качан тапшырат?


Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Социал-демократиялык партиядан президенттикке талапкер катары расмий көрсөтүлдү. Ага жараша Жээнбеков өкмөт башчылык кызматты качан тапшырат жана анын ордун ким ээлейт деген суроо көтөрүлдү. БШК Жээнбеков расмий талапкер катары катталганга чейин бул кызматты аркалоого укугу бар экенин айтууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы Социал-демократиялык партиядан президенттикке көрсөтүлгөн учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун арызын кабыл алды.

Эми ал бийликчил партиянын жалгыз талапкери катары шайлоого даярдыгын баштай берсе болот.

Бирок Жээнбеков өкмөт башчылык кызматын качан өткөрүп берери белгисиз. Өкмөттүн маалымат кызматы бул маселе боюнча комментарий бере элек.

Учурда Жээнбеков өкмөт башчысы катары ишмердигин улантып, аймактарды кыдырып жүрөт. Аны мамлекеттик маалымат каражаттары кеңири чагылдырууда.

Маселен, 19-июлда премьер Жалал-Абад облусуна иш сапар менен барып, Бишкек- Ош жолунун абалы менен таанышты.

Мындай көрүнүштү Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам бузуу деп эсептебейт.

Түндүк-түштүк жолунун курулушу менен таанышуу
Түндүк-түштүк жолунун курулушу менен таанышуу

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун айтымында, мыйзам боюнча талапкер катары расмий каттоодон өткөндөн кийин гана кызматын өткөрүп берүүгө милдеттүү болот:

- Биздин Конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык, талапкер катары расмий катталган күндөн тарта мамлекеттик кызматтагы ыйгарым укуктарын токтото турушу керек. Каттоонун мөөнөтү 9-сентябрда гана аяктайт. Бирок биз кайсы бир талапкерди он-он беш күн же бир айдан кийин каттасак, мамлекеттик кызматтан кетиши керек.

Демек, Сооронбай Жээнбеков сентябрь айына чейин учурдагы кызматын тапшырбай өкмөттү башкара берүүгө укуктуу.

Бирок айрым жарандык активисттер, эксперттер Жээнбеков өкмөт башчы катары элди кыдырып, аны маалымат каражаттары кеңири чагылдырып жатышын үгүт катары сыпатташты.

“Полис Азия” аналитикалык борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаеванын айтымында, мындай кырдаал башка талапкерлердин нааразылыгын жаратышы мүмкүн:

- Бийлик учурда аныктап алышы керек. Албетте, алар өздөрүнүн аткаруучусун сүрөгөнгө ниеттенип жатат. Бирок ал киши шайлоону уюштурууну да аткарып, ошол эле кезде шайлоого талапкер катары катышканы адилеттүүлүккө жатпайт. Жээнбековду президенттикке талапкер катары чыгарабыз деген соң башкалар менен тең укукта шайлоого катышуусу керек.

Ошол эле кезде Сооронбай Жээнбеков талапкер катары расмий катталган соң премьер-министрлик кызматын толугу менен тапшырып бериши керек же үгүт маалында убактылуу токтотушу керек.

Айрым маалыматтар боюнча Жээнбеков экинчи жолду тандап, убактылуу ыйгарым укуктарын токтото турат. Мындай учурда өкмөттүн учурдагы курамы ишин улантып, биринчи вице-премьер өкмөт башчысынын милдетин аткара бермекчи.

Эксперт Алмазбек Акматалиевдин пикиринде, бийлик башындагылар ушул сценарийге ыктап тургандай:

- Биз азыр мыйзамга таянышыбыз керек. Мыйзамда премьер-министр отставкага кетсе гана аны менен кошо өкмөттүн курамы толук кызматтан кетет. Бул сапар премьер отставкага кетпейт, шайлоого байланыштуу убактылуу кызматын тапшырышы мүмкүн. Менин жеке пикиримде, “КР Өкмөтү” жөнүндө мыйзамга ылайык, премьердин милдетин биринчи вице-премьер аткара берсе керек.

Сапар Исаков
Сапар Исаков

Ошол эле кезде Жээнбеков шайлоого кеткен учурда биринчи вице-премьер эмес, башка адамды премьерликке алып келиши мүмкүн деген божомолдор айтыла баштады. Жаңы премьер катары президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковдун ысымы аталууда.

Айрым маалымат каражаттары бул үчүн Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы премьер жана өкмөттүн жаңы курамын бекитиши мүмкүн экенин жазып чыгышты.

Мындай учурда Социал-демократиялык партия шайлоого акыркы кезде "Таза коом" аттуу программага жооптуу болуп жаткан Сапар Исаков жана Сооронбай Жээнбековдун тандеми менен барышы мүмкүн дейт саясат таануучу Марс Сариев:

Жаңы премьер катары Сапар Исаковдун талапкерлиги каралат. Бул абал бүгүнкү күндө реалдуу болуп турат.
Марс Сариев

- Ушундай болушу мүмкүн. Себеби, кырдаал ушуга түртүүдө. Социал-демократтардан Сооронбай Жээнбеков менен катар Чыныбай Турсунбеков өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен шайлоого катышса, анда өкмөт таратылат. Жаңы премьер катары Сапар Исаковдун талапкерлиги каралат. Бул абал бүгүнкү күндө реалдуу болуп турат.

Бирок Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү, депутат Дастан Бекешов мындай планды четке какты. Анын айтымында, парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу боюнча демилгеден кабары жок:

- Эгер учурдагы премьер кызматтан кетем деп арыз жазса гана парламент чогулуп, жаңы өкмөттү курашы мүмкүн. Бирок андай болбойт деген ойдомун. Жаңы өкмөт болсо деле үч эле айга иштейт. Шайлоодон кийин президент жаңы өкмөт түзөт. Ошондуктан, коалицияны ары-бери бузуп, өкмөттү таратпай, убактылуу кызматын тапшырып берсе керек.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча учурда 30 жарандан талапкер катары катталуу үчүн арыз түштү. Алардын ичинен бешөөнү партия көрсөтсө, калганы өзүн өзү көрсөткөндөр.

"Ыңгайсыз суроолор". 19-июль, 2017-жыл
Tалапкерлер: дымак жана жоопкерчилик
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:21 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG