Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Өкмөттүн саясий эрки


Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков.
Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын премьер-министри болгон бир жылдан ашуун убакыт ичинде өкмөт кандай иштеди?

Азыркы кыргыз өкмөтү макроэкономикалык алгылыктуу көрсөткүчтөргө жетише алдыбы, кандай экономикалык долбоорлорду ишке ашырды, өкмөт башчы өз алдынча реформалык кадамдарды, аракеттерди жасадыбы же эски башкаруу ыкмасынан арыла албадыбы? Ушул жана башка маселелерди бүгүнкү “Арай көз чарай” берүүбүздөн кенен сөз кылабыз.

Талкууга Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Элдар Абакиров жана экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев катышты.

“Азаттык”: Айылчы агай, Сооронбай Жээнбеков жетектеген өкмөттүн иштегенине бир жылдан ашып калыптыр, коомчулуктун азыркы өкмөт кандай иштеди деген суроосуна кандай жоопторду айтат элеңиз?

Айылчы Сарыбаев: Албетте, өкмөттүн ишин баалоо, отчетун угуу парламенттин иши. Парламент ар бир айда, кварталда өкмөттү, керек болсо ар бир министрди өзүнчө чакырып сурап жатат.

Бизде 2010-жылдан бери кызыктай кырдаал түзүлүп калды, бир жагынан баарыбыз тынч жашап жаткандай сезебиз, тескерисинче өкмөттүн беш-алты жолу алмашканы өлкөдө тынчтык жок экенин көргөзүп жатат.

Мындай абал экономикадагы стабилдүүлүккө жетишүү, ири долбоорлорду ишке ашырууга абдан тоскоол болот. Ар бир өкмөт башчынын жактырган, жактырбаган министрлери болот экен, команда топтоого аракет кылышат экен. Жалпы тил табышуу үчүн да убакыт керек болуп жатты. Биздеги мурдагы премьер-министрлер өз программасы менен келиштиби, бул жагы да так эмес. Азыркы өкмөттүн да бар-жогу белгисиз болду. Ар бир министрлик мурдагыдай эле иштеп жатат, өз жумуштарын жасап жатат. Азыркы өкмөт башчыны алмаштыруунун кереги бар беле деген суроо дагы эле коюлуп келет.

“Азаттык”: Элдар мырза, өкмөттүн негизги милдети экономиканы жөнгө салуу болгону менен Кыргызстанда акыркы жылдары макроэкомикалык көрсөткүчтөр жакшырган жок, алдыга жылдыра алган жок дегендер бар...

Кыргызстанда акыркы 25 жылда өндүрүшкө багытталган инфраструктураны түзүүгө аракеттери болбогону чындык. Акыркы эки жылда инфраструктураны түзүүгө чындап аракеттер болууда.
Элдар Абакиров

Элдар Абакиров: Расмий статистикага кайрылсак 2016-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда ички дүң продукциянын (ИДП) өсүшү 3,8 пайыз болду. Бул көрсөткүч өнүгүп жаткан өлкөлөр үчүн көп көрүнбөшү мүмкүн, бирок Кыргызстандын кошуналарына салыштырганда, Казакстанга, Орусияга караганда алда канча жогорку көрсөткүч. Экспортубуз 5,1 пайызга өстү.

Эгер 2017-жылдын беш айынын жыйынтыгын алсак, ИДП 6,8 пайызга өстү, жалпы эспортубуз 30 пайызга өстү. Дегеле, акыркы айларда экономикабызда өсүштөрдү байкап жатабыз. Бул жерде дагы бир маанилүү маселени айтсак, Кыргызстанда акыркы 25 жылда өндүрүшкө багытталган инфраструктураны түзүүгө аракеттери болбогону чындык. Акыркы эки жылда инфраструктураны түзүүгө чындап аракеттер болууда. Анын үстүнө ЕАЭБге кирүү Кыргызстанды көп маселеге милдеттендирүүдө, бир топ талаптарды аткарып жатабыз.

Мурда биз өзүбүздү либералдык негиздеги соода, транзиттик нуктагы өлкө катары эле элестетип келсек, ЕАЭБге киргенден бери өндүрүштү жандантмайын өнүгүү болбой тургандыгын түшүнүп жатабыз.

“Азаттык”: Айылчы агай, 2016-2017-жылдары азыркы өкмөткө Чубактын кунундай чубалган Кумтөр маселесин жаңы деңгээлде чечүү жүктөлдү эле, бир жылдан бери эч нерсе угулбады го, бул өкмөттүн колуна келбей калдыбы?

Туруктуу өкмөт болмоюнча, жарым жыл, бир жылга келген өкмөт Кумтөр маселесин чече албайт. Кумтөр эмне деген ишкана экендигин терең билүү үчүн көп убакыт керек, том-том китептерди окуп чыгууга туура келет.
Айылчы Сарыбаев

Айылчы Сарыбаев: Кумтөр соңку тарыхта Кыргызстан эле эмес, эл аралык деңгээлдеги коррупциялык схема экендиги көрүнүп калды. Бул жерде Кыргызстандан сырткары эл аралык маанидеги күчтөрдүн кызыкчылыгы бар экени байкалып турат.

Бул маселени чечүү үчүн биздин жетекчиликте саясий эрк жана терең билим керек. Туруктуу өкмөт болмоюнча, жарым жыл, бир жылга келген өкмөт Кумтөр маселесин чече албайт. Кумтөр эмне деген ишкана экендигин терең билүү үчүн көп убакыт керек, том-том китептерди окуп чыгууга туура келет.

Мына ушундай кырдаалдан пайдаланып “Кумтөр” компаниясы өзүн-өзү мактап, “бул жакка жардам бердим, бул ишти бүтүрдүм” деп рекламалап жатат. Ага ишенип алган коомчулукта “Кумтөргө” байланыштуу эч кандай маселе жок, тескерисинче көйгөйдүн баары өзүбүздө калгандай ой калтырып жатат.

“Азаттык”: Элдар мырза, Кыргызстан ЕАЭБге кирип жатканда бир топ жеңилдиктерди алды эле, аны аткаруу үчүн убакыт сураган, анын баары өнөктөш өлкөлөр тарабынан аткарылды, Кыргызстан ЕАЭБдин пайдасын көрүп жатабы?

Элдар Абакиров: Албетте, мен жогоруда айткан экспорттун көлөмүнүн көбөйүшү Орусия, Казакстан менен байланыштуу. Сыртка сүт азыктарын сатуунун көлөмү эле 7 миллион доллардан ашты, былтыр 1,5 миллион доллардын тегереги болчу.

Текстил тармагы боюнча уюмга мүчө өлкөлөргө товар жеткирүүнүн чыгымы бир топ азайды, мурдагыга караганда кыска убакытта аткарылууда. Ага бажы көзөмөлдөрүнүн алынып салганы бир топ жеңилдетүүдө. Жалпы эле экспорттук багыттарда көп өсүштөр бар десек болот.

“Азаттык”: Айылчы агай, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун бир жылдан ашык өкмөттү жетектеген мезгилде, анын өзүнө таандык демилгеси, идеясы, кайсы бир кадамдары болдубу?

Айылчы Сарыбаев: Тилекке каршы, өкмөт башчынын андай сапаттарын көргөн, байкаган жокмун. Качан карасам эле парламентте же өкмөттө жыйналышта отурганын көрөбүз. Анан жер кыдырып жүрөт.

Өзүнчө программа, өзүнчө идея менен максат кылган аракети байкалбады. Андай кадам жасасам эмне болот деп парламенттен жалтанабы же башка бирөөдөн коркобу, айтор түшүнүксүз.

(Талкуунун толук варианты менен ушул жерден таанышыңыз)

Өкмөттүн саясий эрки (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:15 0:00
Түз линк

Өкмөттүн саясий эрки (2-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:33 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG