Линктер

бейшемби, 27-июль, 2017 Бишкек убактысы 20:39

Кыргыз парламенти зомбулукка кабылган балдардын укугун коргоо үчүн Кылмыш кодекси менен Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү тууралуу эки жылдан бери талкуулап келаткан мыйзам долбоорун күзгө калтырды.

Муну менен балдарга ар кандай зомбулук көрсөткөн жарандарга жазаны күчөтүү аракети дагы артка жылды.

Депутаттар эмне үчүн көпчүлүктү көйгөйгө салган көрүнүшкө каршы күрөштү күчөтүүгө аракет көрбөй жатат? Буга башкы себеп эмне? Эмне үчүн эл өкүлдөрү үй-бүлөнү бекемдөө жана жарандык жоопкерчиликти күчөткөн мыйзамдарды кабыл алууга кайдыгер?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Жанар Акаев, "Балдарды коргоо" борборунун социалдык кызматкери Таалай Жакыпов жана адвокат Айжан Кадырова Ош шаарынан телефон аркылуу катышты.

“Азаттык”: Жанар мырза, жогоруда айтылгандай долбоордун авторунун бири болосуз, демек аны кабыл алууга кызыкдарсыз. Бирок эмне үчүн сессиянын акыркы күндөрү бул долбоор талкууга коюлганда эркек депутаттардын дээрлик бардыгы залдан чыгып кетип, кароого чекит коюлуп калды?

"Азаттыктын" апталык түрмөгү жаштайынан иштеп, акча тапкан балдарга арналды. Аймактардагы кабарчыларыбыз окуучулар жайкы каникулда кантип акча табышат жана алардын укуктары корголуп жатабы деген маселеге кайрылышты.

Жанар Акаев: Бул мыйзам долбоору парламентте биринчи окуудан өттү. Бирок биз дароо 3-окуудан кабыл алууга кызыкдар элек. Тилекке каршы социалдык жактан олуттуу, бирок коомдо анча популярдуу эмес маселелерди кароого келгенде парламенттеги депутаттар бир аз кайдыгерлигин көрсөткөн учурлар көбүрөөк болуп жатат. Парламентте кээ бир учурда ушундай жагдай түзүлүп калат экен. Көбүнчө парламентте саясий, популисттик, айлык акыны көбөйтүү же болбосо ишке ашары арсар болгон маселелерди көбүрөөк талкуулап жатабыз.

Акыркы учурда ушул мыйзамды 3-окууда кабыл алуу маселесин депутат Аида Салянова көтөргөн, бирок күзгө калып калды. Күздө деле парламент кабыл алып берсе жакшы болот деп ойлойбуз, анткени балдарга күч колдонуу, алардын зордук-зомбулукка кабылышынын көбөйүп жаткандыгы Кыргызстанда мыйзамдар аркылуу жазаны катаалдаштыруу керектигин далилдеди.

Ушул маселе көпчүлүктү көйгөйгө салып турганын депутаттар түшүнөт, бирок комитетте абдан чоң талкуу болду. Өз демилгесин Аида Салянова комитетте аябай жактаган, бирок юридикалык жактан караганда бир топ кемчиликтерге жол берилгени айтылды. Экинчи окууга чейин авторлор ал кемчиликтердин баары сөзсүз оңдоп келет. Депутаттар көп мыйзамдарды 3-окууда дароо кабыл алган учурлар арбын.

Өзгөчө каникулга тарардын алдында көп мыйзамдар, ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамдар дүңүнөн кабыл алынды. Өкмөт өзү шалаакылык кылып көп айдан бери алып келе албай жаткан мыйзам долбоорлорун эртең каникулга чыгабыз дегенде чукул алып келе калып өткөрө салган учурлар көп экен.

“Азаттык”: Айжан айым, сиз көп жылдан бери зордук көргөн балдардын укугун коргоп жүрөсүз, демек кордолгон балдардын психикалык абалы, алардын жакындарынын мамилеси жана коомдогу пикир, көз караштар жөнүндө бизге караганда жакшы билесиз.

Былтыр 2016-жылдын алты ай ичинде балдарга карата жасалган 400дөй кылмыш иши катталса, анын 30дан ашыгы сексуалдык мүнөздө болгон. Быйыл жарым жылда да 400дөн ашык кылмыш катталса, анын 50дөн ашыгы сексуалдык экени аныкталган. Демек балдарды зордоо азайбай эле кайра көбөйүп жатыптыр. Буга эмне себеп? Жогоруда айтылгандай буга зордукчуларды жазалоонун жумшактыгы негиз берип жатабы же коомдогу кайдыгерлик өбөлгө түзүп жатабы?

Айжан Кадырова: Балдарга карата зордук-зомбулуктун көбөйүшүнө эмне себеп экенин так айта албайм, анткени ар кайсы кылмыштын өзүнүн өзгөчөлүктөрү болот. Мындай жагдайга кабылган балдардын психикалык абалы албетте абдан оор. Азыр кичине кезинде түшүнбөсө дагы кийин бойго жеткенде тийгизген таасири билинет деген ойдомун.

Ал эми талкууланып жаткан мыйзам боюнча мен мындай ойдо калдым: Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 18-бөлүмүндө “Сексуалдык зомбулукка кабылган адамдар” тууралуу 130-берене бар. Ошол жерде жашы 14кө жетпеген балдарга карата көрсөтүлгөн зомбулук тууралуу жазылган. Балким депутаттар ошого таянып ал мыйзам долбоорду жокко чыгарып, карабай койгон. Бирок бул жакшы долбоор, анткени педофилия боюнча өзүнчө берене болсо тергөөчү, сот жана жактоочунун ишмердигине конкреттүү түрдө түздөн түз негиз түзүп берген мыйзам болмок. Жаңы мыйзамга ушул багытта тактоо киргизилсе соттор менен тергөөчүлөрдүн факт боюнча кылмыш ишин козгоого мыйзамдык негиз түзүлөт. Аталган берене боюнча иш козгоодо же соттук териштирүүдө педофилия тууралуу тактык киргизүү зарылдыгы бар.

Кемсинтүүдөн өчкөн өмүр

Эксперттер маселе кайдыгерликтен чыкканын жана коомдо бейбаш балдар активист катары баркталып баратканына кооптонууда.

“Азаттык”: Таалай мырза, сиз дагы көп жылдан бери балдар менен иштеген адис катары айтсаңыз, эзелтен карысы менен жаш баласына камкордук көрүп, аларды аяган кыргыз элинде эмне үчүн кийинки кезде мерездик, өзүмчүлдүк менен зордукчулук күчөп баратат? Буга эмне себеп?

Таалай Жакыпов: Өткөн кылымдын 90-жылдары Советтер Союзу тараган мезгилде элдин баары жумушсуз калып, эл ичинде кыйынчылык болгондо коомдо эң эле көп азап чеккен катмар кары адамдар жана балдар болгон. Ааламга, мамлекетке карата ичибиздеги болгон ачуунун баарын ошол балдар жана кары-картаңдар аркылуу чыгара баштадык. Оокат кылып, элдин баары базарга чыгып кеткен маалда балдар кароосуз калып калган. Эми бала чагы ошол мезгилге туш келген балдар азыр 30 жашка чыгып калды.

Эмнеге ажырашуу көп деген маселеге келгенде да тамыры ошол мезгил менен байланышып калып жатат. Азыр ажырашып жаткандардын бардыгы 90-жылдарда ата-энесинин кароосунан тыш калган балдар. Адам баласына аба, тамак-аштан сырткары бири-бирине болгон мамиле чоң орунда турат. Адамдар менен жагымдуу мамиле түзүп, мээрим тартуулаганды түшүнө албай жатабыз да.

Ошол мезгилде ушундай мамиледен алыс болуп калган балдар эмне кыла баштады? Мектепте окубай калган балдар көп болду, ички миграция абдан күчөп, Бишкек шаарынын четинде айылдан көчүп келгендер көп болчу. Ата-энелер оокат кыла албай депрессиясынын баарын балдардан чыгара баштады. Балдар мээрим көрбөй, жакшынакай жагдайда жашоого ээ болгон жок. Ошол балдар үйлөнгөндөн кийин да үй-бүлөсүнө мамиле кылганды билбей, мерездик ошондон башталды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG