Линктер

бейшемби, 27-июль, 2017 Бишкек убактысы 20:34

Чехиялык компаниялардын кыргыз экономикасына инвестиция салуу демилгеси "Интергельпонун” Кыргызстанга экинчи келиши катары бааланууда.

Эмне үчүн Кыргызстандагы ири жана чакан ГЭСтерди куруу чех ишкерлерине гана берилип жатат, эки тараптуу келишимдин артыкчылыгы жана ишенимдүүлүгү эмнеде, гидроэнергетиканын өнүгүшүнө, жалпы экономикага кандай салымы болот ж.б.у.с. суроолорго “Арай көз чарай” берүүбүздө жооп издейбиз.

Талкууга Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер Райымбек Мамыров, энергетика боюнча эксперт Жаныбек Оморов жана жеке ишкер Улан Момуналиев катышты.

“Азаттык”: Райымбек мырза, кыргыз өкмөтү акыркы убактарда гидроэнергетикага бир нече чет элдик компаниялар инвестиция салууга келип жатат деп келди эле. Кечээ Орусия орто жолдо калтырган Нарын каскады ГЭСтерин, бир нече чакан ГЭСтерди куруу чех компаниясына гана берилди, бул тандоонун негизги себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Орусиянын инвестициясы келбей калса эле Кыргызстанда гидроэнергетика өнүкпөйт дегенден арылдык десем болот. Чехтерби же башкаларбы Кыргызстанга келип, Жогорку Нарын жана чакан ГЭСтерди куруп берсе мамлекетибиз үчүн чоң олжо.

Райымбек Мамыров: Кыргызстан үчүн бул келишим саясий, моралдык жагынан да жакшы иш болду. Орусиянын инвестициясы келбей калса эле Кыргызстанда гидроэнергетика өнүкпөйт дегенден арылдык десем болот.

Чехтерби же башкаларбы Кыргызстанга келип, Жогорку Нарын жана чакан ГЭСтерди куруп берсе мамлекетибиз үчүн чоң олжо. Коңшу Тажикстан инвестиция тартып, Рогун ГЭСин куруп, эки агрегатын 2018-жылы пайдаланууга беребиз деп жатат. Аларга удаа бизде да долбоорлор башталып жатканы жакшы жышаан.

“Азаттык”: Райымбек мырза, мурдагы орус компанияларына караганда чехтер менен иштөөнүн артыкчылыгын эмнеден көрүп турасыз?

Райымбек Мамыров: Биз эми келишимдин мазмуну менен тааныш эмеспиз, ал кийин белгилүү болот чыгаар. Мисалы, орустар менен түзүлгөн келишимде ГЭСке кеткен чыгымдын орду толмоюнча Кыргызстан өз үлүшүн алмак эмес. Акцияларды башкаруу орустардын колунда болчу.

Азыркы келишимде Энергохолдингдин кызматкерлеринин маалыматы боюнча чехтер менен башынан эле 50-50 пайыздык үлүш менен чогуу башкарышат. Бул жакшы жагы. Эми бул келишимдин начар жагы – эмне үчүн Жогорку Нарын каскадынын эки эле станциясы жөнүндө сөз болуп жатат? Долбоордун натыйжалуу болушу үчүн төрт ГЭС курулушу керек болчу. Эгер эки ГЭСти куруп, калганын таштап койсо, анда Кыргызстан бир топ уттуруп коет. Анткени бул убакка чейин даярдоо иштери ошол төрт ГЭС үчүн жүргөн, канча жерлер ажыратылган. Жанагы Орусия короттум деген 37 миллион доллар да ошол төрт ГЭС үчүн жумшалган. Ал акча туура колдонулганбы аны эсептеп чыгуу керек.

“Азаттык”: Райымбек мырза, чех инвесторлору Нарын каскадын курууда Кыргызстандын Орусияга болгон 37 миллион доллар карызын өз моюнуна алып жатат деп айтылды. Ал үчүн чех тарап Кыргызстанга шарт койдубу?

Райымбек Мамыров: Чехтер ал акчаны моюнга алган жок. Алар 37 миллион долларды биргелешкен компаниянын уставдык капиталына киргизип, аткарылган жумуштар каржыланды деп эсептеп, чогуу моюнга алганы турат.

“Азаттык”: Жаныбек мырза, кыргызда “Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет” деген кеп бар эмеспи. Чех жеке менчик компаниясынын гидротармакта тажрыйбасы аз экендиги айтылып жатат, күмөнсүнгөн суроолор көп?

Биринчиден, тендер жарыяланбай эле кыска мөөнөт ичинде бир компаниянын чыга калышы түшүнбөстүк жаратат. Муну ачык эле жарыялап, бардык шарттар ачык айтылышы керек болчу, сыр болуп катылып жатпашы керек эле.

Жаныбек Оморов: Биздин өкмөт мурдагы кеткен кемчиликтерди, орустар менен болгон көйгөйлөрдү эске албай жатат. Биринчиден, тендер жарыяланбай эле кыска мөөнөт ичинде бир компаниянын чыга калышы түшүнбөстүк жаратат.

Муну ачык эле жарыялап, бардык шарттар ачык айтылышы керек болчу, сыр болуп катылып жатпашы керек эле. Анткени бул долбоордо жалпы кыргыз элинин, мамлекеттин кызыкчылыгы бар. Ошондой болбогондугу үчүн орусиялык компания менен туңгуюкка кептелип жатабыз. Биздин өкмөт бул жолу да чоң тобокелдикке барып жатат, бул биринчи жагы.

Экинчи жагы, ушундай саясатпы билбейм, энергетикага болгон чыгымдарды абдан көбөйтүп жатабыз. Чыгымдар качан азаят? Бардык аракеттер ачык-айкын болуп, маселени талкуулап чечкенге жетиштүү убакыт берилгенде гана. Бардык мамлекеттерге, бардык компанияларга бирдей мүмкүнчүлүк бергенде болот. Мен аталып жаткан чех компаниясы жөнүндө укпаптырмын, мындан ири, мындан абройлуу компаниялар дүйнөдө көп. Алар бул жакка келбейт. Анткени Кыргызстанда ачык-айкындуулук жок, шарттары так айтылбайт, кепилдик дагы жок.

“Азаттык”: Буга чейин кыргыз өкмөтү 14 чакан ГЭСти куруу боюнча конкурс жарыялаган. Келишим боюнча чехтерге ушунча ГЭС өтүп жатат, алар баарын алып кетти десек болобу?

Жаныбек Оморов: Бул дагы айкындуулуктун жоктугу болуп жатпайбы. Чоң ГЭСтер менен бирге чакан ГЭСтерди да кургула деп чехтерге берип койгону чоң тобокелдик. Өкмөт ушул убакка чейин кайсы компания жеңип жатканын айта албайбыз деп келди, ушунун өзү түшүнүксүз. Айта албаса анда башка компаниялар катыша алган эмес деген күмөн саноо келип чыгат. Ошондуктан бул белгисиз компания кандай шартта бизге келип жатканы түшүнүксүз.

“Азаттык”: Улан мырза, сиз көп жылдан бери чакан ГЭСтер менен алектенип жүрөт экенсиз. Тажрыйбаңыз менен бөлүшсөңүз, жеке, чакан ГЭСтерди чет элдик инвестициясыз кыргыз ишкерлери өздөрү кура алабы?

Кыргызстандын шартында, 21-кылымда жеке, чакан ГЭСтерди куруу өтө эле оңой. Бизде эмне оор? Кыргызстанда ГЭС курууга даярдык көрүү, тиешелүү уруксат берүү жолдору татаал, өтө оор.

Улан Момуналиев: Жеке пикиримде Кыргызстандын шартында, 21-кылымда жеке, чакан ГЭСтерди куруу өтө эле оңой. Бизде эмне оор? Кыргызстанда ГЭС курууга даярдык көрүү, тиешелүү уруксат берүү жолдору татаал, өтө оор. Чиновниктерден өткөрүү өтө кыйын, тоскоолдуктар толтура. Уруксат алуу тоону томкоргон менен барабар. Мисалы, мен Чычкан капчыгайына Тажикстандан келген жергеталдык кыргыз туугандардын жардамы менен 50 киловаттык мини ГЭС курдум. Бизди көрүп башкалар да куруп жатышат. Учурда Чычкан капчыгайында тогуз жерде чакан ГЭС курулду. Ушундай ГЭСтерди Кыргызстандын ар бир айылына курсак болот, болгону өкмөт ага шарт гана түзүп бериши керек.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Ыңгайсыз суроолор": Чехтерге артылган үмүт. 12.07.2017

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG