Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Шыкмаматов: Орусия доолаган карызын алат


Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча денонсацияланган кыргыз-орус келишиминдеги карыз боюнча орус тарап менен сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр экенин билдирди. "Азаттык" 37 млн доллар боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы, ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматовду кепке тартты.

“Азаттык”: Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу долбоору боюнча орус тарап Кыргызстанды эл аралык арбитражга берерин айтты. Кыргызстан сүйлөшүүгө даяр экенин билдирүүдө. Сүйлөшүү жүрсө кыргыз тараптын 37 миллион долларды төлөбөй коюу мүмкүнчүлүгү канчалык?

Шыкмаматов: Биринчиден, биз ошол келишимде жазылган эрежелерди тактап алышыбыз керек. Келишимде "кайсы тарап биринчи бузса, ошол чыгымдарды толугу менен төлөп берет" деп бакыйып жазылып турат. Келишимди Кыргызстан тарап бузган. Президенттин демилгеси менен парламент денонсация кылды. Аны бузгандан кийин орус тарап өзүнүн кеткен чыгымдарын эсептеп, "37 миллион доллар, ошону ордуна коюп койгула” деп айтты.

"РусГидронун" кыргыз өкмөтүнө дооматы

"РусГидронун" кыргыз өкмөтүнө дооматы

Орусиялык басылмалар бул жумада "РусГидро" ишканасы расмий Бишкектен акча доолап жатканын, ал эми Душанбе мигранттарына Москвадан жеңилдик сураганын, Москва болсо Ташкентти өзүнө имергиси келип турганын жазышты.

Бүгүнкү күндө алар бизди эл аралык сотко беребиз дегени – сылык-сыпаа айтып жатканы. Же болбосо алардын эл аралык сотко бербей эле башка кысым көрсөтүп, төлөтүп коюуга толук мүмкүнчүлүгү бар. Анткени Кыргызстан Орусиядан көп жактан көз каранды. Мисалы, ошол эле ЕАЭБ тармагында, миграттар маселеси, башка социалдык көйгөйлөр, ал жактан алып жаткан жардамдар боюнча. Өзгөчө ЕАЭБ алкагында чырмалышкан, Орусиядан көз каранды болуп калган жагдайлар көп. Алар ошол рычагдарды басып, кулакты толгоп туруп эле алып коет.

Мисалы, мунай. Мунайдын бажы төлөмдү көтөрүп, жаз келатканда жер семирткич бербей, мунай бербей койсунчу, Кыргызстан кандай акыбалга түшөр экен.

37 миллионду алар баары бир төлөтөт. Бирок комиссия текшергенде 37 миллион доллар эки-үч эсе кымбат бааланып калды деп биздин айтып жатканыбыз далилденүүдө. Орусия ага башын оорутпайт. Анткени ал “аймак силердики, күч органдары силердики болчу, акча мыйзамсыз короп жатканда каякты карап отурдуңар эле” деп кыргыз тарапты күнөөлөйт.

Ал эми биздин Башкы прокуратура, УКМК акча туура эмес коротулуп жатканда колго чаап айткан эмес да. Эмне үчүн ушул убакка чейин иш козгоп, иликтебейт? Анткени далай кишинин “кулагы көрүнүп калат” деп чочулагандай шек туудурат.

“Азаттык”: Демек Кыргызстандын орус тарапка келтирчү аргументтери жокко эсе экен да.

Шыкмаматов: Бир да аргумент жок. Болгону, “күтө тургула, кое тургула” деген сөз. Же болбосо баягы эски адатка салып “кечирип койгула” деген жүйө менен эле барбаса, башка доомат айтып, 37 миллионду төлөбөй коебуз деген ой – бул суу кечпеген фантазия. Орусия төлөтөт.

Бизде кээ бирөөлөр калп айтканды өнөкөткө айландырып алды.“37 миллионду жаңы келген инвесторго төлөтөбүз” деп айтып жатышат. Эгер ошондой боло турган болсо биз кайра эле жаңы келе турган инвесторго карыз болобуз да.

“Азаттык”:Деги эле бул долбоорго инвестор келчүдөйбү?

Алар 60 миллионду эсепке салган. 37 миллиондук акча короп кетти. Аны эки тараптын тең эргулдары чогуу аралашып жеп алган. Ошону да эл билиши керек.

Шыкмаматов: Бүгүнкү күндө инвестициялык климат түзүлбөй, мыйзамдар туруктуу болбой, көп кирешелүү бизнес рейдерлик жол менен тартылып алынып жатканына байланыштуу ири инвестор бизге келбей жатканы айдан-ачык эле болуп турбайбы. “Мегаком” сатылбай турат. Акыркы эки-үч жылда бир да ири инвестор келген жок.

“Азаттык”: Алмамбет мырза, эгер Орусия Кыргызстанды сотко берсе өкмөттүн бетке кармачу жүйөсү барбы? Себеби долбоордун башталышын Кыргызстан канча күттү. Акыр-аягы денонсацияга барууга мажбур болду. Деги эле мөөнөт жагы келишимде жазылганбы? Балким ушуга такап кыргыз тарап өзүн коргоп алаттыр?

Шыкмаматов: Жазылган. Бирок баары бир Кыргызстан утулуп калат. Анткени Орусия 37 миллион долларын коротту да. Алар эсепке 60 миллион доллар салган. Ошонун 37си иштетилген. Кыргыз тараптын да өз милдеттенмелери бар болчу. Жер бөлүп, айдоо аянттарын өткөрүп берүү, документтештирүу жагы. Бул иш жасалган жок. Андыктан орус тарап да “өз милдеттенмелериңерди аткарбай, шалаакылык кылып, анан келишимди бузарга келгенде бизди айыптап жатасыңар” деп айта алат. Алар 60 миллионду эсепке салган. 37 миллиондук акча короп кетти. Аны эки тараптын тең эргулдары чогуу аралашып жеп алган. Ошону да эл билиши керек.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG