Линктер

шейшемби, 24-апрель, 2018 Бишкек убактысы 16:14

Кыргызстандын президенти болууну самап, шайлоого катышам деп арыз бергендердин саны 15ке жетти. 1-августка чейин каалагандар дагы өзүн көрсөтө алат.

Кыргызстанда президент болууну эңсегендер эмне үчүн көп? Мамлекет башчы болуу жоопкерчилиги ошончолук эле арзанбы? Өлкө лидери болууга мыйзамдын укук бергенинен сырткары дагы кандай артыкчылыгы бар? Талапкерлигин көрсөткөн адамда кандай сапаттар, жоопкерчилик болушу керек?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманбек Дыйканбаев жана “Элдик курултай” кыймылынын мүчөсү Кадыр Кошалиев катышты.

“Азаттык”: Курманбек мырза, бүгүнкү маалыматтарга караганда президент болууну каалап, БШКга арыз бергендердин саны 20га жакындап баратат, бул көрүнүштү кандай бааласак болот, мынчалык үргүштөгөн талапкерлердин чыгып жатышынын себебин сиз эмнеден көрөсүз?

Курманбек Дыйканбаев: Талапкерлердин көп чыгып жатышы жалпы кыргыз элинин бүгүнкү аң-сезиминин, коом алдындагы жоопкерчилигинин белгиси десек болот.

Өткөндөгү президенттик шайлоодо 87 адам көрсөттү эле. Азырынча 20 чыгууда, 1-августка чейин убакыт бар, дагы талапкерлер көбөйөт. Мындай болуп жатышынын дагы бир себеби саясий заказ, башка бир саясий оюндардын арты менен көрсөтүп жаткандар болууда. Кээ бирөөлөрдө жоопкерчилик жетишпей жатат.

Коом өзү да суроо бериши керек, эмне үчүн көп талапкерлер чыгууда? Мисалы, Орусияда 100 олигарх (миллиардер) бар экен, алардын бирөө да президент болом дебейт экен. Бизде кимдин акчасы болсо президент болгусу келип жатат. Жөн эле мелдешип кетип кое салгандар болууда. Кийин бала-чакасы айтып жүргөндөй, тарыхтын бир бурчунда жазылып калуу үчүн талапкер болуп жаткандар бар.

“Азаттык”: Кадыр мырза, бүгүнкү күнгө чейин өзүн көрсөткөн талапкерлер кимдер, алардын жалпы дарамети, билими, саясий салмагы боюнча кандай кандай сүрөттөсөк болот?

Кадыр Кошалиев: Менимче талапкерлердин саны 1-августка чейин жүзгө жакындап барат деп ойлойм. Азыркылардын ичинде ар кандайы бар. Акыркы жылдары өнөкөт болуп кетти тыйының болсо саясатка аралаша аласың, болбосо жок. Мамлекеттин лидери кандай болушу керек, деген суроону баарыбыз ойлонушубуз керек.

Ушул жагынан алганда чыгыштын улуу ойчулу Ал-Фараби мамлекет башкарчу кишиге 12 талапты койгон. Адамдын зиректиги, билими, керек болсо келбети, эске тутуу жөндөмү, азыркыча айтканда “харизмасы” болушу керек, эң негизгиси байлыкка кызыкпагандыгы деп айткан. Бизде болсо президент болуу белди оорутпай баюунун мүмкүнчүлүгү болуп калбадыбы. Байысаң алгач депутат, анан президент болушуң керек. Анан бул маселеге эл дагы жоопкерчиликтүү карашы керек.

“Азаттык”: Курманбек мырза, мамлекет башчысы болуунун жоопкерчилигин сиз кандай элестетесиз? Аны күчөтүү үчүн мыйзамдык, моралдык кошумча чараларды көрүшү керекпи?

Тактыга талпынгандар көп

Президенттик шайлоо жакындаган сайын бийлик партиясындагы кызыкчылык топторунун ортосунда айыгышкан, тымызын кармаш күч алды.

Курманбек Дыйканбаев: Ушул тапта Кыргызстанда мамлекет башчысы болуу өтө оор. Өлкөбүздөгү азыркы кырдаал кыйын. Мындай шартта президент абдан билимдүү, тажрыйбалуу, элин сүйгөн, мыйзамды сыйлаган, эң негизгиси ыймандуу болушу зарыл. Ушундай сапаттагы адам президент болбосо дагы эле кыйнала беребиз.

25 жылдагы эки революция, эки президенттин качып кетиши бизге сабак болуш керек. Тилекке каршы, сабак болбой эле байлар гана бийликке келүүгө жан үрөп жатышат. Бийликке келип алып, анын аштоосунан өзү, айланасындагыларды байытайын деп жатышат. Элди ойлогон талапкер болбой жатат.

Азыркы талапкерлердин көбү билбесе керек, шайлоого канча акча кетип жатканын, Кыргызстандын бюджетинен 670 миллион сом кеткени жатат. Мурдагы шайлоолордо 90-100 миллион сомдун тегерегинде каражат кетчү, аны да ойлонушубуз керек. Ал акча менин, сиздин салыгыңыздан кетип жатат.

“Азаттык”: Кадыр мырза, 2016-жылдагы референдум аркылуу кабыл алынган Конституцияга ылайык президенттин ыйгарым укуктары бир топ кыскарганына карабай президент болом дегендердин саны эмне үчүн көп болуп жатат?

Кадыр Кошалиев: Бул кыргыз менталитетине байланыштуу көрүнүш. Бизде парламенттик башкаруудагы республикабыз деп алып эле президент өзү эле башкарып жатканын көрүп жатпайбызбы. Президенттин укугу азайганына карабай шайланган мамлекет башчысы мурдагыдай эле башкара бериши мүмкүн. Бизде мыйзам, Конституцияны карап коюу, ага баш ийүү деген жок. Азыр президент болуу он эсе жоопкерчиликтүү экендигин сезиши керек, ким болбосун.

Бийликке келип алып, анын аштоосунан өзү, айланасындагыларды байытайын деп жатышат. Элди ойлогон талапкер болбой жатат.
Курманбек Дыйканбаев

Курманбек Дыйканбаев: Шайлоодо көп талапкердин чыгып жатышына сырткы, ички факторлор таасир этүүдө. Талапкерлердин көбү сыртка чуркашып, башка өлкөлөрдүн “макулдугун” алып келишүүдө.

Азыр Кыргызстанда тынчтыктын болушун каалабаган сырткы күчтөр бар. 50 талапкердин 20сы шайлоонун жыйынтыгы боюнча нааразы болуп, тополоң уюштуруп, кырдаалды курчутсак дегендер бар. Анан шайлоочуларды акчанын күчү менен сатып алам деген талапкерлер да жок эмес. Чет мамлекеттин заказын аткарып, акчасын алып күрөшөм деген деп чыгууда. Эл, талапкерлер да шайлоого өтө жоопкерчиликтүү кылса деп тилейм.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG