Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 05:43

БШКнын маалыматына караганда, 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоодо ат салышууну каалап арыз бергендердин саны ондон ашты.

Шайлоо алдында президент болгусу келгендер планын жарыялап, ар кандай убадаларды берип жатат. Алардын ишке ашуусуна ишеним барбы? Ушул суроонун тегерегинде Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиев “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: 1-июлда президенттикке аттанарын расмий жарыялаган депутат Өмүрбек Бабанов шайлоодо жеңишке жетсе, Кыргызстанды алты жыл ичинде бат өнүгүп жаткан он өлкөнүн катарына кошо алам деген планын жарыялады. Ушул программалардын аткарылышы канчалык реалдуу?

Алишер Мамасалиев: Баарыбызга белгилүү болгондой ар бир талапкердин өзүнүн саясий программасы, мамлекетти өнүктүрүү стратегиясы болушу керек. Ошол программа боюнча ар бир талапкер элге чыгып саясий убадаларын берет, ар кандай тезистер менен кайрылат. Дүйнөдө муну “message” же кайрылуу деп коет. Ошол кайрылуунун негизги максаты - элдин, коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүн өзүнө бурууну көздөйт.

Мына азыр Өмүрбек Бабановдун убадаларын талкуулап жатабыз. Эксперттер анын сөзүнө өз баасын берүүдө. Коомдо талкуу пайда болду. Ушул жагынан алып караганда, Бабановдун кайрылуусу өз максатына жетти деп ойлойм. Ал эми анын айткан убадаларына токтолсок, алты жыл ичинде Кыргызстанды ылдам өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин катарына кошуу чындыктан алыс стратегия. Алардын катарына кирүү үчүн бир топ критерийлерге жетүү керек. Экономика, адам укугу жаатындагы маселелер турганда жакынкы 50 жыл аралыгында бат өнүгүп жаткан мамлекеттердин сабына кошула албайбыз.

“Азаттык”: Президенттик шайлоонун мөөнөтү жарыялангандан бери ондон ашуун киши талапкерлигин көрсөттү дебедикпи. Алардын президент болуу мүдөөсү тууралуу маалыматтар жарыялангандан бери коомчулукта ар кандай пикирлер чыкты. Шайлоого, талапкерлерге көбү ишеним артпайт экен. Эмне себептен?

Алты жыл ичинде Кыргызстанды ылдам өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин катарына кошуу чындыктан алыс стратегия. Алардын катарына кирүү үчүн бир топ критерийлерге жетүү керек. Экономика, адам укугу жаатындагы маселелер турганда жакынкы 50 жыл аралыгында бат өнүгүп жаткан мамлекеттердин сабына кошула албайбыз.

Алишер Мамасалиев: Мындай сын-пикирлерге кошулам. Бирок адилеттик үчүн айтып коюу керек. Мында шайлоочулардын да күнөөсү бар. Таза иштейм деген талапкерлерди тандоо эмес, акча биринчи орунга чыгып жатат.

“Азаттык”: Буга чейин өткөн шайлоолордо бир топ убадалар берилгени менен аткарылбай калды деген нааразылыктар да бар. Негизи эле убадалардын аткарылышын коомчулук талап кылышы керекпи? Мунун кандай механизмдери бар?

Алишер Мамасалиев: Эмне үчүн партиялар жана талапкерлер шайлоо учурунда берген убадаларын бийликке жеткенде аткарбайт? Анткени, жогоруда айткандай эле шайлоо маалында акча менен утса болот деген ой баарыбызда пайда болгону чындык. Шайлоо учурунда добушканалардын жанында кадимкидей биржалар пайда болуп калды. Кайсы партия, кайсы талапкар көп акча берсе эл ошого добуш берет. Ошол маселени чечпесе өзгөрүү болбойт. Биринчиден, ар бир киши өзүнө суроо бериши керек. Эгер өзгөрүүнү кааласак, ар кимибиз өзүбүздөн баштоого тийишпиз да. Ар бир жаран добушту жүрөгү менен бериши зарыл. Ошондо гана чындап элге, мамлекетке иштеген адамдар бийлик башына келет. Убадалар аткарылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG