Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 21:23

Бишкекте Кыргызстан улуттук кеңеши “Мамлекет менен коомдун ортосундагы ажырым: эмне кылуу керек?” деген темада чоң жыйын курду.

Негизги бөлүгү мурдагы мамлекеттик жетекчилерден түзүлгөн Улуттук кеңештин негизги максаты, милдети эмне? Улуттук кеңеш президенттик шайлоо алдында түзүлүп, бийликтин камчысын чапкан куралбы же туруктуу иштөөгө жөндөмдүү, тасирдүү уюм боло алабы?

“Арай көз чарай” талкуусуна Кыргызстан улуттук кеңешинин мүчөсү, профессор Сыртбай Мусаев жана юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев катышты.

“Азаттык”: Сыртбай агай, коомчулукта “улуттук” деген ат менен коомдук уюмду уюштурууга эмне зарылчылык болду? Уюмдун максаты кандай?

Сыртбай Мусаев: Кыргызстан улуттук кеңеши - бул кыймыл, мунун аты эле айтып тургандай Кыргызстан конфедеративдик эмес, улуттук мамлекет экендигин айткыбыз келип отурат. Мамлекеттеги бардык маселелер улуттук кызыкчылыктарга төп келип чечилиши керек. Биздин форумга Кыргызстандын бардык аймагынан өкүлдөр келип катышты. Бул уюм шайлоонун гана алдында түзүлө калган жок, антип эсептебеш керек. Кыймылды түзүү идеясы бир жыл мурда эле башталган.

“Азаттык”: Эмне үчүн президенттик шайлоонун алдында активдеше баштадыңыздар?

БШК үгүт ишин эрте баштабоону эскертти

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого катышканы жаткан саясатчыларга, саясий күчтөргө үгүт иштерин эрте баштабай турууну эскертти жана мыйзамды сыйлоого чакырды.

Сыртбай Мусаев: Анткени бардык нерсенин башталышында идея болот. Анан ошол идея, ойлорду кимдер менен ишке ашырасың деген суроо чыгат экен. Кандайдыр бир адамдардын колдоосуна ээ болгондон кийин идеялар материалдаша баштайт турбайбы. Биз бул убакка чейин 7-8 жолу жолугуп, идеяларды бышырдык, уюмдун келечегин талкууладык. Бул уюм президенттик шайлоого эле байланышпайт, келечекте элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн көтөрүлгөн маселелерде дайыма катыша турган туруктуу уюмга айланат.

“Азаттык”: Бекбосун агай, уюмга мүчө болгондор, бүгүнкү жыйынга катышкандардын басымдуу бөлүгү мурдагы замандарда жалаң жетекчи кызматтарда жүргөн аксакалдар экен. Анын себебин сиз эмнеден көрүп турасыз?

Бекбосун Бөрүбашев: Саясий процесстер башталганда ар кандай уюмдар жандана баштаганы табигый көрүнүш. Ар бир уюмдун кылган ишине, анын аткарылышына карата баа бериш керек. Бүгүн Улуттук кеңеш эмне маселе көтөрдү? Булар “Кыргызстандагы азыркы саясий кырдаал, ага улуттук кеңештин көз карашы” деген доклад жасашты. Жалаң саясатка токтолушту. Ошондуктан бул саясий багытка кеткен уюм.

Сыртбай Мусаев: Бүгүнкү биздин форумга жалаң эле улуу муундун өкүлдөрү, же мурдагы жетекчилер эмес, жаштардын өкүлдөрү да катышты. Бизде мүчө болгон жигердүү жаштар көп. Биздин максат, жогорку, орто жана жаш муундардын ширелишкен күчүн топтосок деп ойлойбуз. Мурункулардын акыл-эсин, тажрыйбасын, азыркылардын, жаштардын билимин, жигерин бириктирсекпи дейбиз. Алардын көз караштарын, идеяларын пайдалансакпы деген ой. Азыркы жашообуздун өзү саясат болууда. Биздин кыймылдын максатында бийликке же оппозицияга жан тартуу деген жок.

“Азаттык”: Сыртбай агай, бүгүнкү жыйындын өзөгүндөгү тема президенттик шайлоону тынч, мыйзамдуу, адилет өткөрүү болду. Улуттук кеңеш бул саясий өнөктүктүн таза өтүшү үчүн кандай кандай жолдор менен таасир бере алат? Башка коомдук уюмдардан сиздердин аракеттер эмнеси менен айырмаланат?

Сыртбай Мусаев: “Шайлоонун таза өткөрөлү” деген жакшы тилек-жарым ырыс. Азыр буту менен баскандын баарынын тилеги шайлоо тынч өтсүн деп жатат. Коогалаң, революция дегендер болбосо экен деп жатабыз. Бизде шайлоого байланыштуу таасир бере турган даяр сунуштарыбыз бар. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек.

Добуш санаган операторлорго эле ишенип отура бербеш керек. Добуш саноонун эки формасын тең: кол менен саноо жана электрондук урнаны да колдонушубуз керек деп жыйында маселе көтөрүлдү. Ар бир шайлоочу добушун акчага сатпай, өз пикириндеги адамды тандоосуна шарт түзүүнү көбүрөөк түшүндүрүшүбүз керек. Биз коомдук уюм катары шайлоонун идеологиясын ушундай жолдор менен түшүндүрүүгө аракет кылабыз.

“Азаттык”: Бекбосун агай, бүгүнкү жыйында дагы бир оратор “биз тандай турган талапкерге тартынбай эле батаңыздарды берип койсоңуздар” деди. Бул "Улуттук кеңештин тандап койгон талапкери барбы?" деген суроо жаратты.

Бекбосун Бөрүбашев: Бүгүнкү жыйында “бата берип коелу” дегени Улуттук кеңештин беделин түшүрүп койду. Булар бирөөнүн заказы, же көрсөтмөсү боюнчабы, жогору жактан же капталдан чыккан демилге катары кабыл алса да болот. Уюштуруучулар көп маселелерди бышырбаганы билинип турат.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG