Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Энгвалл: Партиялар үй-бүлөлүк башкаруудан ашып түштү


Йохан Энгвалл
Йохан Энгвалл

Парламенттик демократияга өткөн Кыргызстан мамлекеттик башкарууну реформалап, коррупцияны азайтып, ачык жана атаандаштык шартта система курууга бет алган. Швециядагы Эл аралык мамилелер институтунун илимий кызматкери Йохан Энгвалл “Азаттыкка” курган маегинде кыргыз бийликтери саясий-экономикалык системаны реформалай алган жок деп, ага бөгөт болгон себептерди атады.

"Азаттык": Йохан мырза, Кыргызстанда башкаруучу режим алмашкандан кийин саясий системанын иштешин, коррупциянын деңгээлин иликтеп, китеп чыгардыңыз эле. Азыркы бааңыз кандай?

Энгвалл: Кыргызстанда коррупциянын деңгээли өзгөрбөгөнү бир катар эл аралык уюмдардын иликтөөлөрүндө көрсөтүлөт. Ооба, өлкөдө кандайдыр бир жазалоо чаралары колдонулуп, кармап, абакка отургузуулар болуп жатат. Бирок ошол эле маалда антикоррупциялык программа түзүү жана аны системага интеграциялоо багытында көп иштер жасалбай калды. Башкаруу системасын өзгөртүү үчүн масштабдуу саясий-экономикалык реформа жүргүзүлгөн жок.

"Азаттык": Кыргыз өкмөтү жемкорлук менен күрөш такай жүрүп жатканын, айрыкча мамлекеттик башкаруу органдарында коррупцияны жоюу багытында иштер жасалып жатканын айтып эле атпайбы?

Энгвалл: Албетте, кандайдыр бир жыйынтык көрсөтүүгө аракеттенишет да. Президенттик шайлоо алдында бийликтердин элге көрүнөйүн деген аракети деп да кароого болот. Мындай маалда эки-үч жыл мурдагыга салыштырганда саясатчылардын сүйлөгөнү дагы өзгөрөт эмеспи. Акаев менен Бакиевдин тушундагыга караганда коррупция азайды деп айтып жүрүшсө дагы андан бери эч кандай иш жасалбаганын көргөндө курулай декларация экени ачык болуп калды. Ошол эле маалда Кыргызстанда карапайым эл арасында коррупциянын деңгээли азайды деген көз караш бекемделдиби – муну айта албайбыз. Анткени мен билгенден коомдук ой-пикирди билүүгө сурамжылоолор жүргүзүлгөн жок.

2010-жылы Бакиевдин бийлиги кулагандан кийинки маалды алсак системада фундаменталдуу трансформация жасалган жок деп айтар элем. Болгону Акаев менен Бакиевдин үй-бүлөсүнүн тыкыр көзөмөлүндө турган монополисттик система көбүрөөк атаандаштык нуктагы башкарууга өттү, алтургай айрым жерлерде хаос түзүлдү.

Мурдагы эки режимдин тушунда коррупциянын тамыры барып эки президенттин үй-бүлөлөрүнө жана алардын айлана-тегерегиндегилерге такалса, азыр система көбүрөөк чачыранды болуп калды деп айтар алам.

Жаңы системада саясий партиялардын ролу мурдагы үй-бүлөлөрдүн таасиринен ашып түштү. Партиялар саясий системага кирүүнүн "дарбазасы" болуп калды. Бийликке аралашам дегендер кайсы бир партияга инвестиция салып, системага киргенден киреше табуунун жолдорун ойлой баштайт.

"Азаттык": Болгону коррупциянын феномени өзгөрдү, башкача айтканда партиялык коррупция пайда болду дегенди айткыңыз келип турабы?

Энгвалл: Иш жүзүндө ошондой калыптанып баратат. Үй-бүлөнүн таасири мурдагыдай күчтүү эмес экени жалпыга белгилүү. Өлкөдөгү коррупциялашкан байлыкка кимдердин колу жетет? Бул учурда саясий партиялардын колуна тийгени көрүнүп турат. Позитивдүү бир нерсени белгилей кетсек, азыр парламентке бир канча партия кирди, мурдагыдай бир үй-бүлөнүн эмес, партиялардын көзөмөлү орноду. Өлкөдөгү туруктуулукту алып караганда, албетте, азыркы системанын артыкчылыгы көп, анткени таасирдүү топтор, адамдар мамлекетти башкарууга катышып жатат дегенди көрсөтөт. Парламенттик башкаруу муну жактайт.

Бирок башка жагынан алып караганда өкмөттүн сапаты, мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү арткан жок. Балким ал буга чейин мамлекеттин бардык тармагын көзөмөлдөп турган Бакиевдин монополисттик системасынан да солгундап кетти деп айтууга негиз бар. Башкача айтканда мамлекеттик органдардын эффективдүү иштешин камсыздоочу система бузулду, алтургай азыр көзөмөлдөн чыгып кетти деп айта алабыз.

Партиялык коррупция тууралуу сурап калдыңар – бул жерде эки категориядагы адамдар тууралуу сөз кылсак болот. Алардын биринчиси байлыгы бар, башкача айтканда бизнесмен саясатчылар. Алар парламентке өз байлыгын коргоо үчүн барышат. Ал эми экинчи категория – анча байлыгы жок, бирок карызга болсо да акча таап, мамлекеттик башкарууга аралашып, ал аркылуу байлык топтоону жана аны коргоону көздөгөндөр. Мындай системаны өзгөртүү жеңил эмес. Анткени система өзгөрсө алар байлыгынан, таасиринен кол жууп калышы мүмкүн.

"Азаттык": Эгер мамлекеттик башкаруу сиз айткандай нукта кете берсе, парламенттик башкарууга, деги эле системанын туруктуулугуна таасири кандай болот?

Энгвалл: Албетте, парламенттин легитимдүүлүгүнө шек келтирип, элдин өкүлдөрү эмес, бизнес элита өз кызыкчылыгын көздөгөн "клуб" сыяктуу түс берет. Бул болсо барып туруп эл менен парламенттин ортосундагы ажырымды чоңойтот. Аны менен катар эле мамлекеттик башкаруу системасын алсыратат. Мурунку премьер-министр кызматтан алынган окуяны эле эстеп көрсөңүздөр, тендер уюштуруу менен жол салуу кыргыз бийликтери үчүн ушунчалык баш ооруга айланып, алтургай аларды жөндөп башкарууга эч кимдин алы жетпегендей көрүндү. Буга дагы жер бөлүштүрүү менен кыймылсыз мүлктү башкарууну кошсо болот.

"Азаттык": Кыргыз бийликтери коррупцияга каршы күрөштү саясий оппозицияга каршы курал кылып колдонуп жатат деген жүйө канчалык негиздүү?

Энгвалл: Мен ушул тапта коррупцияга айыпталып, камакта жаткандардын иштерин майда-чүйдөсүнө чейин караган жокмун. Антсе дагы алардын иштеринин саясий негизи бар деп айтылгандыктан, балким алар күнөөсүз да болушу мүмкүн. Бирок паракорчулук кеңири өкүм сүргөн системанын өзүндө дээрлик ар бир киши кайсы бир деңгээлде коррупциялашкан. Анткени система ушундай жол менен иштейт. Эгер андан баш тартса, анда ал адам бийликтин жогорку тепкичине жетпейт деген фундаменталдык түшүнүктү айткым келип атат.

Бирок эмне үчүн бирөөлөр камалды дагы, ошол эле маалда аны менен бирдей паракорлукка аралашкан башка бирөө жазасыз калууда деген суроо туулат. Эгер коррупция менен бирдей күрөшөбүз деген түшүнүккө таянсак, анда системага аралашкан бардык кишилерди абакка салуу керек, ага мүмкүн эмес. Мындай стратегия, албетте, туура эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG