Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:13

Күзүндө жана жазында өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоолордон кийин бул процесске бийликтин кийлигишүүсү уланып жатканы, кылмыштуу топтун мүчөлөрү бийликке келгени айтылууда.

Ошол эле учурда белгисиз партиялар да жеңишке жетишип жаткан учурлар бар. Жергиликтүү бийликке кимдер келүүдө жана алар мыйзамдык жана моралдык талаптарга канчалык шайкеш келет?

“Арай көз чарай” талкуусуна Ош облусунун мурдагы губернатору Мамасыдык Бакиров, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Бакыт Рыспаев жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери, депутат Майрамбек Адылбеков катышты.

“Азаттык”: Мамасыдык мырза, кечээ социалдык тармактарга тараган айыл өкмөт жетекчилери менен жергиликтүү депутаттардын ортосундагы мушташ Кара-Суу районунун айылдык кеңештеринин биринде 2015-жылы февраль айында болгону айтылууда. Айылдык, шаардык кеңеш менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы түшүнбөстүктөр, карама-каршылыктардын көп болушуна эмне себеп болууда же демократиянын жөнөкөй эле көрүнүшүбү?

Мамасыдык Бакиров: Жергиликтүү кеңештердеги мындай көрүнүштөр акыркы убактарда көбөйүп кетти. Жергиликтүү депутаттардын жалпы деңгээли, сапаты ушуларды жаратып жатат.

Учурда бир эле жергиликтүү кеңештер эмес, Жогорку Кеңеште да өздөрүн сөгүнгөн-сагынган жактары менен көргөзгөн депутаттар отурушат.

Кандай деңгээлдеги депутат болбосун алар элдин арасынан суурулуп чыккандар деп түшүнөбүз. Ошондуктан алардын жүрүш-турушу, акыл-эси, тажрыйбасы менен элге үлгү болушу керек.

Жергиликтүү кеңештер "каралардан" качан арылат?

БШКга жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышкан сегиз талапкер боюнча "уюшма кылмыш топторго байланышы бар" деген материалдар жөнөтүлгөн.

Биз депутаттарды тандоодо, ылгоодо сапаттык жагына көңүл бурбай келатабыз. Элибиздин добуштарын көңүлкош пайдаланып жатышканы да ушуга алып барып жатат. Элди ушундай абалга биз саясатчылар жеткирдик. Убагында мамлекет башчылары “акчасын алгыла, жегиле” деп турушту го. Аягы бүгүнкү оор абалга жеттик, тандоо деген болбой калды. Тандоо акчанын тегерегинде болуп калды. Бул жакшы көрүнүш эмес.

“Азаттык”: Бакыт мырза, жергиликтүү кеңештерге кимдер депутат болуп жатышат, алардын сапаттык деңгээли кандай болууда? Алардын мурдагы чакырылыштарга караганда билими, тажрыйбасы жагынан айырма барбы?

Бакыт Рыспаев: "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам 1991-жылы чыккан, азыр 26 жаштагы күчкө толгон жигиттей. Андан бери көп нерсе өзгөрдү. Башында айыл өкмөт башчысы эмне ишке жооп берери такталган эмес. Айлык акы 1500 сом, айдаган машинасы жок эле. Муниципалдык кызматтардын укук, милдеттери деле аныкталган эмес. Кыргызстанда 453 айыл аймагы бар, ар биринде 11ден 31ге чейин депутат бар. Мындан сырткары шаардык кеңештер бар.

Депутаттардын сапаты жөнүндө айтканда ал элдин тандоосуна жараша болот. Туура, татыктуу адамдарды шайлаган жерде көп жакшы иштер болуп жатканын көрүп жатабыз. Айрым жерлерде жергиликтүү кеңеш менен мэрия же айыл өкмөттөр ортосундагы жаңжалдар басылбай келет. Анын запкысын карапайым эл көрүп жатат.

11-декабрь, 2016-жыл
11-декабрь, 2016-жыл

Жакында мен бир шаарга барсам шайлоонун жергиликтүү бир партия утуп алган экен, “арадан бир жыл өттү, ишенип шайладык эле, эч нерсе жасабай койду, кийинкиде биз аларды шайлабайбыз" деп эл өзү жыйынтык чыгарып жатат. Эл ким иштеди, ким иштеген жок өзү салыштырып жатат. Ошондуктан жогоруда айткан көрүнүштөрдөн трагедия жасабай эле коюш керек. Ырааттуу, өнүккөн жолго түшүү үчүн убакыт керек.

“Азаттык”: Майрамбек мырза, шайлоонун кандай деңгээли болбосун эч кимдин ага кийлигишүүгө укугу жок. Бирок жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо жергиликтүү бийликтердин тоскоолдуктары, бут тосуулары уланып жатат деген маалыматтарды окуп калабыз. Сиз катышкан Жалал-Абад шаардык кеңешине болгон акыркы шайлоодо бийликтин кийлигишүүсү болдубу?

Майрамбек Адылбеков: Кыргызстанда кайсы гана жергиликтүү кеңештерге шайлоо болбосун жергиликтүү бийликтин кызыкчылыгы үчүн иштеп, ага кызмат көрсөткөн учурлар көп эле болуп жатат. Мына, 2016-жылдын 11-декабрындагы, 2017-жылдан май айындагы шайлоодо дагы биздин Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз фактылар көп катталды. Шаардын мэри акыркы шайлоодо өзү талапкер болуп катышты. Анын артынан бир топ муниципалдык кызматтын жетекчилери да талапкер болушту.

Билим берүү, саламаттык сактоо мекемелери, “Жалал-Абад электро” ишканасы баш болуп, иштеген кызматкерлеринин баарын тизмесин алышып, белгилүү бир партияга добуш салдыруу менен убара болушту. Ушундай административдик ресурстарды колдонуу менен шаардык кеңештен белгилүү бир мандаттарды алышты.

Өкмөт өкүлүнүн кадыры канча?

Кыргызстанда саясий адистер жергиликтүү бийлик жетекчилери айрыкча шайлоо алдында өзгөчө мааниге ээ болорун айтып келишет.

“Азаттык”: Мамасыдык мырза, жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго криминалдык топтордун өкүлдөрү таасир көрсөтүп, өз кишилерин депутат кылып шайлоого жетишип жатат, бир нече жергиликтүү бийликтер алардын колунда деген пикирлер арбын, анын канчалык чындыгы же негизи бар?

Мамсыдык Бакиров: Эл бекер айтпайт, жер-жерде ошондой көрүнүштөр болуп жатса керек. Азыркы мыйзам боюнча жергиликтүү кеңештерге 18 жашка толгон адам партиялар аркылуу шайлана алат. Тилекке каршы сиз айткан көрүнүштөр болуп жатат. Мындай болгон жок, деп айта албайм.

Бакыт Рыспаев: Менин жеке пикиримде жергиликтүү кеңештин депутаттарын партиялар эмес, эл түз шайлашы керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына шаардык кеңеш, айылдык кеңеш да кирет. Бири партияга добуш берет, экинчиси адамдын өзүнө добуш берет. Бул мыйзамды Жогорку Кеңеш өзгөртүп, шаардык кеңешти да элге өзү түз шайлаганга укук бериши керек. Өнүккөн көп мамлекеттерде да ушундай, эл өзү тандайт.

Бизде райондун акими жана жергиликтүү кеңеш кандай система, кандай бийлик эл билбейт. Биз экөө эки башка система экендигин билбей аралаштырып алганбыз, маселенин өзөгү да ушул жерде жатат. Экөөн так ажырата билгенде, так түшүнгөндө гана алга жылабыз.

Талкууну толугу менен аудио варианттан угуңуз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG