Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

Депутаттардын оюну казынаны кемитти


Жалал-Абад шаардык кеңеши үч айдан бери сессияга чогула албай, анын айынан кеңештин төрагасы, шаар мэри шайланбай, шаар бюджети бекибей турат.

Буга коалициялык көпчүлүк менен оппозициялык азчылык ортосундагы тиреш себеп болууда. Азчылыктагы партиялар шаардык кеңештин тарашын талап кылууда. Шаардык кеңешке шайлоодо уткан беш партиянын ичинен КСДП, "Кыргызстан" жана "Республика - Ата-Журт" фракциялары көпчүлүк коалицияны түзүп, “Өнүгүү-Прогресс” менен “Ата- Журт” азчылыкта калган.

Шаардык кеңештин 16-февралда ачылган биринчи сессиясы азыр да жыйынтыктала элек. Жыйын алты жолу жылдырылды. Азчылыктагы “Өнүгүү-Прогресс” менен "Ата-Журт" фракциялары жүйөлүү себептер менен келбей жатышат.

Көпчүлүктөгү "Ынтымак" коалициясынын лидери Сайдулла Чымбердиев алдыдагы күндөрү шаардык кеңештин тагдыры чечилерин билдирди:

- Өзүңөр билип тургандай эки партиянын депутаттары сессияга келбей жатат. 28-мартта да сессия уюштуруп, аларды чакырып жатабыз. Ошол күнкү сессия чечүүчү болуп калышы мүмкүн. Анткени биз айрым партияларга төрагалык менен вице-мэрлик орундарды сунуштадык. Алар менен азырынча сүйлөшүү жүрүп жатат. Эгер ошол күнү да бир пикирге келе албасак, анда тарап кетүүгө да макул болушубуз керек.

Таласта төрага шайлоо создукту

Таласта төрага шайлоо создукту

Талас шаардык кеңешинин айрым депутаттары басым болуп жатканын айтып чыгышты.

Азчылыктагы эки фракциянын 13 депутаты шаардык кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратуу боюнча өткөн жумада көпчүлүк коалицияга кайрылуу жолдогон. Азырынча ага жооп боло элек. "Ата-Журт" фракциясынан депутат жана шаардык кеңештин вице-төрагасы Эрнис Ормоков мындай деди:

- Эки партия биригип 13 депутат колубузду коюп, өз алдынча тароого макулбуз деп буларга кайрылуу бергенбиз. Бирок булар ага азырынча макул болбой турушат. Мыйзамга ылайык шаардык кеңештин жалпы курамынын үчтөн экиси колдогондо гана кеңешти таратууга негиз болот. Бирок биз али биринчи сессияны өткөрө албай жатабыз. Бул жерде партия жетекчилеринин пикири келишпей жатат. КСДП менен "Кыргызстан" өздөрү мыйзамды бузуп, соттун чечимдерин аткарган жок. Ошол себептүү бизде бир гана туура багыт - таркап кетүү.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамга ылайык шаардык кеңешти эки гана учурда таратууга болот. Ал эми сессияга чогула албай, иш жүрбөй жаткан шаардык кеңешти өз алдынча таратууга мыйзам жол бербейт. Бул мыйзамдагы катачылыктардын бири экенин шаардык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Дамир Жүндүбаев айтты:

- Шаардык кеңешти мэр шайлоо бекитилгенден кийин үч жолу чогула албаса таратууга болот. Мындан сырткары 31 депутаттын 21и өзүн өзү таратууга макулдук берсе да таратууга болот. Башка учурда аларды эч ким тарата албайт. Бул жагдайды алар регламентине киргизишкен эмес. Ошол эле учурда сессияга беш жолу келбей койгон партия өкүлдөрүн шаардык кеңештен четтетүү жагы булардын регламентинде бекитилген. Бирок аларды сотто далилдүү фактылар менен көрсөтүп берүү да керек. Азыркы түзүлгөн жагдай мыйзамдагы катачылыктардан улам болууда. Булар сессия өткөрбөй жүрсө дагы боло берет.

Өткөн айда өлкөдөгү бардык шаарларда жергиликтүү бюджет иштелип чыгып, шаардык кеңеш аркылуу бекитилип бүттү. Ал эми Жалал-Абадда 350 млн сомдук калаанын бюджети азырынча каралып бүтө элек. Бул аткаруу бийлигине кедергисин тийгизип жатканын шаар мэри Салайдин Авазов айтат.

- Учурда чынында бюджеттин бекитилбей жатышы биздин ишибизге кыйынчылык жаратууда. Биз ага карабай жашылдандыруу жана тазалык жумуштарын аткарып жатабыз. Тилекке каршы курулуш иштери, көчөлөрдү асфальттоо жана оңдоо жумуштары токтоп турат. Мындан сырткары республикалык бюджеттен бөлүнүүчү 15 млн сомдук долбоордун акчасынан да кол жууп калуу коркунучу бар. Ошол эле учурда шаардык мэрия иштеп чыккан 1 млрд сомдук алты инвестициялык жумуш да туруп калды. Шаардык кеңештеги бардык жагдай менин кызматыма барып такалууда. Азчылыктагы фракциялар Авазов кетсе, биримдикке кошулабыз деп жатыптыр. Анткени буларга мурункудай мэрлер керек экен.

Бирок шаардыктар депутаттарды биригүүгө чакырууда. Кайра шайлоо өткөрүүдөн баш тартып, кызыкчылыктарын артка таштап, шайлоочулардын колдоосун жана сунушун эске алса дешет. Алардын бири аймактык аксакалдар кеңешинин төрагасы Алимжан Божиев:

- Кайра шайлоо өткөрүүдөн эч кимге пайда болбойт. Менин пикиримде ушул чакырылыштагы депутаттар жеке кызыкчылыгын артка таштап, биригиши керек. Шайлоочуларга кандай убадаларды беришкен, ошолорду кресло талашып отура бербей аткарсын. Бул жерде партиялык кызыкчылыктардын кагылышы болуп жатат. Кандай болгон күндө да мен аларга ынтымак каалайт элем.

Учурда Жалал-Абад шаар кеңешинде КСДП 10, “Өнүгүү-Прогресс” сегиз, "Кыргызстан" беш, "Ата-Журт" беш жана "Республика-Ата-Журт" партиясы үч мандатка ээ.

Буга чейин январь айында "Өнүгүү-Прогресс", "Ата-Журт" жана "Республика-Ата-Журт" фракциялары биригип өткөргөн алгачкы сессияны КСДП менен "Кыргызстан" мыйзамсыз деп эсептеп, сотко кайрылышкан. Учурда бул иш азыр облустук сотто каралууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG