Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Бабанов спикерди кетирүү оюнан кайтты


РАЖ спикерди чакыртып алуу оюнан баш тартты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:42 0:00

РАЖ спикерди чакыртып алуу оюнан баш тартты

“Республика – Ата Журт” фракциясы Жогорку Кеңештин төрагасын чакыртып алуу оюнан баш тартты.

“Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов спикер Чыныбай Турсунбеков менен бетме-бет жолугушкандан кийин өз ара тил табышканы маалым болду. Фракция ошондой эле өкмөттүн тагдырын кароо маселеси да актуалдуулугун жоготконун билдирди.

6-февралда Жогорку Кеңеште парламент спикери Чыныбай Турсунбеков жана “Республика – Ата Журттун” лидери Өмүрбек Бабанов шашылыш кыска жыйын куруп, журналисттерге маалымат берди.

Анда сөз баштаган спикер Чыныбай Турсунбеков өткөн жумада парламентте чыккан пикир келишпестиктер өз ара түшүнүшүү жолу менен жайгарылганын билдирди. Анын айтымында, чырга себеп болгон Жогорку Кеңештин регламенти өзгөртүлөт:

Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

- Негизги түшүнбөстүктөр комитеттердеги депутаттардын санынан чыккан болчу. Биз мындан ары комитеттерге мүчөлөрдү фракциядагы депутаттардын санына жараша бөлүү чечимине келдик. Эч качан уруш-талаштар жакшылыкка алып барбасын бардыгыңыздар жакшы түшүнөсүздөр. Андыктан ынтымак гана өнүгүүнү жана өсүштү камсыздайт.

2-февралда Жогорку Кеңеш жыйынындагы өкмөттүк саатта министрлер кабинетинин дарегине бир катар сындар айтылган. Талкуу учурунда “Ата Мекен” фракциясы Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөттү отставкага кетирүү демилгесин көтөрүп, аны “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы да колдогон.

Ал эми “Республика – Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго нааразычылыгын билдирип, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетке КСДП фракциясынын депутататтары көп кирип калганын айтып чыккан. Ошону менен бирге Чыныбай Турсунбековду спикерликтен чакыртып алуу боюнча фракциянын чечимин жарыялаган. Бабанов аны парламенттин жалпы жыйынына алып чыгууну сунуштап, депутаттар маселени 72 сааттын ичинде карашы керектигин да белгилеген.

ЖК: Фракция лидерлери өкмөт башчыга нааразы
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:30 0:00

Бирок бүгүн Өмүрбек Бабанов спикердин да, өкмөттүн да тагдыры тууралуу маселе актуалдуулугун жоготконун айтты:

- Мен 2-февралда өкмөттүн тагдырын чечебиз деп айткам. Бул өкмөттү кетиребиз же калтырабыз деген сөз эмес. Ошонун негизинде биз өзүбүздү фракциябыз менен жыйын өткөрүп, өкмөттү азыр кетирүү актуалдуу эмес деген чечимге келдик. Себеби өкмөт март айында жылдык отчету менен парламентке келет, ошондо бул маселе кайрадан каралат.

“Республика – Ата-Журттун” лидери Өмүрбек Бабановдун көз карашы ыкчам өзгөрүп кеткени коомчулукта талкуу жаратууда. Мурдагы башкы прокурор, коомдук ишмер Кубатбек Байболовдун айтымында, Бабановдун оюнан кайтышына бийликтеги чоң фигуралар таасир этти:

Кубатбек Байболов
Кубатбек Байболов

- Бабанов, биринчиден, спикерди чакыртып алуу боюнча билдирүүсүн да жогорку жактын көрсөтмөсү жок айтпайт болчу. Ак үйдөгү “өкүмдардын” бир бутагынын адамдары Бабановго сөз айтууга шыбырап койду. Ушундан улам эле Ак үйдүн өзүндө да ынтымак жок болуп жатканын билип койсо болот. Андан соң кайра эле жогорку жактагылардан Бабановдун пикирин өзгөртүүгө буйрук берип айттыртышы мүмкүн. Башкача болушу мүмкүн эмес.

Ал арада “Республика – Ата Журт” партиясын Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги иштери үчүн да сындагандар болууда. 12-январда Жалал-Абад шаардык кеңешинде курамына “Республика-Ата Журт”, “Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” партиялары кирген коалиция түзүлгөн. Бирок ортодогу ыйкы-тыйкылыктардан улам “Республика – Ата Журт” коалициядан чыгып кеткен.

6-февралда болсо жаңы коалиция түзүлүп, ага мурда азчылыкта калган КСДП, "Кыргызстан" фракциясы, ошондой эле "Республика - Ата Журт" да киргени маалым болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG