Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:00

Апта: оппозициянын дымагы, орус-украин чатагы...


"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Узап бараткан аптада парламенттеги оппозициялык эки фракция өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылды. Мурдагы башкы прокурор УКМКда беш саатка жакын суракта болду. Украина чыгышында кырдаал кескин курчуду.

Оппозиция өкмөттү оодарууга белсендиби?

Узап бараткан аптада “Ата Мекен” менен бийликтин өчөшкөн кармашы уланды. Өткөн жумада Улуттук коопсуздук кызматы “Мегакомдун” айланасындагы коррупциялык иштерге “Ата Мекендин” лидерлеринин тиешеси болгондугун билдирип, анын бир өңүтү боюнча Аида Салянованы суракка чакырган эле.

Жуманын башында “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев УКМКнын чабуулуна жооп берип, президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгына байланыштуу суроолорду кабыргасынан койду:

- Атамбаев бардык жерде мен абдан бай адаммын, мага ал байлыкты Кудай берди деп айтып жүрөт. Аны менен чогуу эле жүргөн адам катары мен ушул кезге чейин байлыкты каяктан алып калды деп, ага жооп таппай жүрөм. Бабанов бензин сатып байыды, Чыныбай ун сатып байыды, Артыкбаев дары сатып байыды, Калык Султанов үй салып, сатып байыды. Бирөө кыш чыгарат, бирөө цемент чыгарат, бирөө шагыл чыгарат. Атамбаев эмне чыгарат?

Текебаевдин пикиринде, Атамбаевдин бир топ байлыгы 2010-жылдан кийин жыйналган.

Президенттин маалымат кызматы ага жооп берип, Атамбаев эгемендүүлүк доорунун башатында эле ишкер болуп, китеп сатып байыганын билдирди. Бирок Атамбаевдин ошол кездеги баштапкы капиталы боюнча жаңжалдуу маалыматтар чыккан. Маселен, мурунку президент Аскар Акаев жана саясатчы Бекболот Талгарбеков Кыргыз жазуучулар биримдигине Орусия тарабынан 1992-жылы бөлүнгөн 50 миллион рублди маркум Чыңгыз Айтматовдун ишенимине кирүү менен Алмазбек Атамбаев алып кеткенин билдиришкен.

Бийлик менен оппозициянын ушундай кайым айтышуусу 2-февралда парламентте уланды. Бул күнү өкмөттүк саат алкагында Жогорку Кеңешке келген премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттө катар-катар жыйындарына байланыштуу парламентте көпкө кармала албасын билдирди. Бул оппозициялык депутаттардын кескин нааразылыгын пайда кылды. Жээнбеков ошондой эле Евразия экономикалык биримдигине кирүүдөн бюджетке 2,8 млрд сом түшпөй калганын моюнга алды:

- Евразия экономикалык биримдигинен планда белгиленгенден 2 млрд 800 млн түшпөй калды. Бирок Бажы кызматы бул жердеги планын толтурду. Орусияда санкция болуп жатат, мунайдын баасы түшүп кетти. Алар кыйналып, анын таасири бизге тийип жатат.

Өкмөт Евразия экономикалык биримдигине кирүүдө кетирген кемчиликтерди түзөй албады деген “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары премьер-министрди кызматтан кетүүгө чакырды. “Өнүгүү-Прогресстин” лидери Бакыт Төрөбаев өкмөт ишти алып кетүүгө жөндөмсүз деди:

- Биз азыр Казакстан менен Орусияны күнөөлөп, санкция деген шылтоолорду айтып жатабыз. Чек араны тосуп жатат дейбиз. Биз бул биримдикке кирип жатканда мен биздин техникалык регламентибиз даяр эмес деп айткам. Буга өкмөт күнөөлүү. Анткени керектүү иш-чараларды толук, жүз пайыз аткарган жок.

Оппозициялык үчүнчү, эң ири “Республика-Ата Журт” фракциясы өкмөттү кызматтан кетирүү маселесин жума күнү чечебиз деп, бирок ал максатынан баш тартканын жарыялады. Ошону менен азыркы мезгилде “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары гана өкмөттү кызматтан кетирүү талабынан тайбай турат.

Чамасы чакталуу оппозиция

Бул эки фракция биригип 24 мандатка гана ээ болгондуктан, алардын аракетинен натыйжа чыгары күмөндүү. 28 мандаттуу “Республика - Ата Журт” фракциясы өкмөттү кызматтан кетирүү демилгесине кошулган учурда абал бир топ оорлоп, “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун баа-баркы “алтындан кымбаттамак”. Андай шартта коалициядагы “Бир болдун” чечиминен өкмөттүн тагдыры эле эмес, өлкөнүн андан аркы саясий өнүгүүсү да өзгөрөт эле. Бирок Өмүрбек Бабанов кырдаалды курчутууга барган жок. Анын өзүнүн эсеби бар сыягы.

Оппозициянын, жалпы эле парламенттин өкмөттү кызматтан кетирүү мүмкүнчүлүгү мезгилдик жагынан алганда конституциялык чектөөгө жетип турат. Конституциянын 85-беренесине ылайык, президенттик шайлоого алты ай калганда парламент өкмөттү кызматтан кетире албайт. Эгерде шайлоого алты ай эмес, андан көбүрөөк убакыт бар дей турган болсок, анда президенттин өкмөттүн кызматтан кетүүсүн кабыл албай коюу укугун эске алууга туура келет. Парламент үч айдан соң кайрадан ишеним көрсөтпөй койгон учурда гана президент өкмөттү сактай албай калат. Демек, бийликте өкмөттү парламент чабуулунан сактоо үчүн тогуз ай бар. Ошондуктан күз айларында президенттик шайлоо болорун эске алсак, анда өкмөттүн тагдыры де-юре да, де-факто да жалгыз президенттин колунда калганы айкын болот.

Оппозициялык фракция лидерлеринин өкмөткө чабуулун бир жагынан алдыдагы президенттик шайлоодо атаандашты алсыратуу катары кароого да болот. Анткени, эгерде КСДП Сооронбай Жээнбековду "мураскер" катары алып чыгууга токтолгон болсо, анда оодарып түшүү анын мүмкүнчүлүгүн дароо азайтат эмеспи. Ошондуктан президент болот элек деген фракция лидерлеринин өкмөт башчысына чабуулу түшүнүктүү.

Премьер-министр менен катар парламентте төрага Чыныбай Турсунбековду кызматтан кетирүү маселеси көтөрүлдү. Мындай демилгени “Республика-Ата Журт” фракциясы алып чыгып, “Өнүгүү” фракциясы колдоду. Ал эми Чыныбай Турсунбеков менен “Ата Мекендин” эзелтен жакындыгы бул партиянын төрагага каршы чабуулда четке чыга туруусуна алып келүүдө.

Беш саатка жакын сурак

Узап бараткан жумада УКМК мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы суракка чакырды. Ал шаршемби күнү УКМКда беш саатка жакын сурак берди.

Белгилүү болгондой, Аида Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турган мезгилде издөөдөгү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартып берген. УКМК бул иш боюнча кылмыш ишин козгогон. Беш сааттык сурак соңунда тергөө сырына байланыштуу эч нерсе айта албасын Аида Салянова билдирди:

- Эми сурак болду. Аны эч кимге айтпайбыз деп кол коюп бердик. Ошондуктан аны айта албайм.

“Ата Мекен” фракциясы бул ишти "чылгый саясий иш" деп баалап келатат. Аида Салянова өзү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу менен мыйзам бузбаганын жана лицензиянын берилиши менен коомго зыян келбегенин билдирген.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Аида Салянова чындыкты айткандыгы үчүн куугунтукталууда дейт:

- Жактоочуга лицензия берип коюптур деп атышат. Аны менен бир тарап кыйрап кеттиби? Кеп анын лицензия берип койгонунда эмес. Кеп Салянованын болгонун болгондой айта баштаганында. Экинчи маселе -бийликтин абийирсиздиги. Ачык эле айтышыбыз керек - бийлик абийирсиз. Ошол канча жыл мурун болгон нерсени издеп, ойлоп табууга өтө турган болсо, анда дагы караш керек, мүмкүн университетте окуп жүргөндө кайсы бир саясатчы токоч жеп койгон болушу мүмкүн?! Иштерди табам десе издесе чыга берет. Ошондуктан бул бийликтин алсыздыгы жана абийирсиздиги.

Адахан Мадумаров “Белизгейттин” жасалма экени аныкталгандан кийин президент сөзүндө туруп, УКМК башчысын кызматтан кетириши керек деп эсептейт.

Бирок УКМКнын акыркы билдирүүсү “Мегакомго” байланыштуу иликтөөлөрүн тереңдетип жана кеңейтип жатканын кабарлайт.

Милициям токмоктойт...

Тартип коргоо органдары, тагыраак айтканда милиция кызматкерлери катышкан өтө бир орой жана көпкөн көрүнүш интернетке жүктөлгөн видео аркылуу маалым болду.

Ал видеодо көрүнгөндөй, 1-февралда Бишкектеги “Оливье” кафесинен чыгып баратып эки милиция кызматкери алдынан чыккан жигитти эч себепсиз ур-токмокко алган. Бандиттер да себепсиз жай адамды сабабайт эмеспи. Милиция кызматкерлери тарабынан сабалган жигит оор абалда ооруканага түшүп, кайра-кайра операция болгонун агасы “Азаттыкка” кабарлады.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы окуяны ырастап, чуулгандуу видеодогу окуяга Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери аралашканын, алардын аты-жөнү такталып кармалганын, тийиштүү материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилгенин кабарлаган. Бирок көп өтпөй “туура эмес маалымат тарап кетиптир” деген жүйө менен аны четке какты.

3-февралда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ички иштер министрлигинин жылдын жыйынтыгына байланыштуу жыйынын өткөрүп, анда милицияны уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлерин эмес, катардагы мүчөлөрүн гана кармап жатасыңар деп сынга алганы кабарланды. Бирок милиция кызматкерлеринин тынч жаранды эч себепсиз сабоосу, учак кыйроосу учурундагы терс көрүнүштөр тартип коргоо органдары өздөрү коомго коркунуч келтире баштаган тенденциядан кабар берет.

Президент Атамбаевдин жансакчысынан министрликке көтөрүлүп, парламентте депутаттардын бир суроосуна жооп бере албаган Улан Исраилов, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков мындай терс тенденцияны түшүнөбү? Маселе ушунда.

Чыгыш Украинада кырдаал курчуду

Узап бараткан жумада дүйнөнүн көңүлү кайрадан Украина чатагына бурулду. Донецк шаарына жакын Авдеевка шаарчасында Украина өкмөттүк күчтөрү менен куралдуу жикчилдер ортосунда кагылышуу тутанып, эки тараптан терең ондогон жоокерлер өлүп, жарадар болушту.

Аткылоолордон Авдеевка шаарчасын суу, электр энергия жана жылуулук менен камсыздоо үзгүлтүккө учурап, кыш чилдесинде 20 миң адамы бар шаарчада гуманитардык абал кескин начарлаганы кабарланды.

Украина жана Орусия Чыгыш Украинада кырдаалдын курчушу боюнча бири-бирин айыпташууда. Украина президенти Петр Порошенко Орусия агрессия жасады, ага дүйнө кайдыгер калбашы керек деп 31-январда билдирди:

-Бүгүн биринчи жолу "Град" ракеталык системасы жана артиллерия тынч жарандарга жана биздин аскерлерге каршы колдонулду. Аткылоо абдан катуу болду. Мындай кырдаалда санкциялар алынышын ким көтөрөт? Агрессорду жоопкерчиликке тартуу үчүн дагы кандай кошумча далилдер керек?

Орус президенти Владимир Путин Авдеевкадагы кырдаалга мындай баа берди:

- Эмне үчүн ал азыр болуп жатат? Менин көз карашым боюнча бир нече себеп бар. Биринчиси - Украина жетекчилиги үчүн бүгүн акча керек. Акчаны эң жакшысы Европа Биримдигинен, андагы айрым өлкөлөрдөн, Кошмо Штаттардан, Эл аралык финансылык институттардан өзүн агрессия курмандыгы катары көрсөтүп алууга болот.

Чыгыш Украинада кырдаал президенттер Дональд Трамп жана Владимир Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин курчуду. Ошондуктан Вашингтондун Украина маселесин четке сүрүп, Москва менен тил табышып кетүүсү Киевдин кызыкчылыгында эмес болгондуктан, Украина маселеси чечилбестен оор бойдон турганын Вашингтонго жеткирүү үчүн кырдаалды курчутуп, тобокелчиликке барганы айтылууда.

Киев бийлиги АКШдагы президенттик шайлоодо Хиллари Клинтонду толук колдогон. Ошондуктан Дональд Трамптын администрациясы менен Украин бийлигинин мамилеси кандай болору аныктала элек. Вашингтон Киевге финансылык жардам көрсөтүү саясатын улантары да белгисиз. Бирок Украина багытындагы айрым стратегиялык маселелер боюнча Вашингтондун позициясы айкын болуп калды. Маселен, Украина боюнча Орусияга киргизилген санкция саясатында өзгөрүү болбосун, Крымды аннексиялоо таанылбасын АКШнын БУУдагы өкүлү Никки Хейли 31-январда билдирди.

Орусия менен АКШнын Украина эле эмес, Иран боюнча да карама-каршылыгын жарата турган турган жагдай жаралууда. Иран баллистикалык ракетасын 29-январда сынагандан кийин Кошмо Штаттар аны кескин сынга алып, Тегеранга каршы жаңы санкцияларды жарыялады.

Кошмо Штаттардын азыркы жетекчилиги 2015-жылы алты ири мамлекет: АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Франция, Германия менен Иран ортосундагы Тегерандын ядролук программасы боюнча келишимге кескин тескери көз карашта. Вашингтон Ирандын баллистикалык ракета сыноо сыяктуу аракеттерин токтотуу үчүн ар кандай чараларга даярдыгын билдирди. Тегеран өз кезегинде аны чагымчыл катары баалап, өзүнүн ракеталык программасын токтотпойбуз деди. Ошентип, Вашингтон менен Тегерандын бири-бирине каршы риторикасы жана тирешүүсү өр алып баратат.

Иран Кытай сыяктуу эле Орусия Батыш менен тирешкен мезгилде бир топ жакындашкан өнөгү. Москва эми АКШ менен тил табышууга аракеттенип жатканда Вашингтондун Тегеран, Бээжин менен татаалдашкан мамилеси оңой эмес тандоо маселесин жаратууда.

Узап бараткан жумада Орусиянын Батыштагы эң ишенимдүү өнөгү Беларус менен да мамилеси начарлады. Орусиянын мунай, газга баасына нааразы болгон Минск Батышка карай ыктап, АКШ, Европа Биримдиги жана көптөгөн өлкө жарандарына Беларуска беш күнгө визасыз келип кетүүгө жол ачты. Москва ага жооп кылып, Беларус менен чек ара зонасын түздү. Москва Минскиге визасыз келе турган чет өлкөлүктөрдөн сактануу үчүн эки союздаш өлкөнүн чек арасын бекемдегени айтылууда.

Баркы арткан Түркия

Узап бараткан жумада Түркия Европа лидерлеринин көңүл борборунда болду. Анкарага Британия өкмөт башчысы Тереза Мэй, андан көп узабай Германия канцлери Ангела Меркел келди. Алар түрк президент Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүү өткөрдү.

Европа Биримдигинен чыгып жаткан Британия үчүн Түркия эң бир маанилүү соода өнөктөрдүн бирине айланууда. Ошондуктан эки өлкө жөнөкөй соода-экономикалык эмес, аскерий-техникалык багытта кызматташууну белгилешти.

Анкара жасап жаткан аскерий учакка Британия өзүнүн салымын кошмокчу. Бул үчүн 100 млн фунт стерлингге келишим түзүлдү. Европа Биримдигиндеги эң кубаттуу жана таасирлүү өлкө катары Германия да Түркия менен соода-экономикалык кызматташууларга, миграциялык келишимдерди сактоого кызыкдар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG