Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:59

АКШ менен Ирандын кайым айтышуусу


Иран баллистикалык ракетасын 29-январда сыноодон өткөргөн.
Иран баллистикалык ракетасын 29-январда сыноодон өткөргөн.

Ирандын орто аралыктагы ракета сыноосун Кошмо Штаттар сынга алды. Американын Улуттар Уюмундагы өкүлү Никки Хейли ракеталык сыноо БУУнун чечимине жана Иран менен ири алты мамлекет жетишкен келишимге каршы келет деп билдирди. Тегеран өз кезегинде андай айыптоолорду четке кагып, эки мамлекет ортосундагы абалды чыңалтпоого чакырды.

Иран баллистикалык ракетасын 29-январда сыноодон өткөргөн. Кошмо Штаттар сыноону кабыл алгыс деп атап, ал сыноо Тегеран жана ири алты мамлекеттин Ирандын ядролук программасы боюнча жетишилген келишимине жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимине каршы келерин билдирди.

Вашингтон маселени Коопсуздук Кеңештин жыйынына алып чыгып, 31-январда БУУнун Коопсуздук Кеңеши аны жабык талкуулады. Ал жыйындан кийин АКШнын БУУдагы өкүлү Никки Хейли буларды билдирди:

- Иран орто аралыктагы ракетасын 29-январда, жекшемби күнү сынап атты. Ал абсолюттук түрдө кабыл алынгыс нерсе. Биз аны тез арада маалымдап жеткирүүнү кааладык. Биз билгендей, 2015-жылы кабыл алынган 2231 чечими боюнча баллистикалык ракеталарды өркүндөтүүгө, сыноого жол жок деп айтылат. 2016-жылы сентябрда Ирандын коргоо министри бул ракеталык продукция менен 2017-жылдын мартына чейин барабыз деген. Биз Коопсуздук Кеңештин 2231 чечими бир нерсеге турарын алар билиш керек дейбиз.

АКШнын өкүлү Никки Хейли Иран 29-январда сынаган ракета 500 киллограм жүк менен 300 чакырым аралыкка жетерин, бул ядролук дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү экенин белгиледи. Ал мындай нерсеге Кошмо Штаттар кайдыгер карай албасын жана тийиштүү чараларды көрөрүн эскертти.

Иран өз кезегинде ракеталык сыноосу коргонуу багытында экенин, ал ракетага ядролук дүрмөт коюлбайт деп билдирүүдө. Ирандын коргоо министри Хусейин Дехкани шаршемби күнкү сөзүндө, “Жакында эле өткөрүлгөн сынообуз өз программабызга ылайык болду жана биз чет өлкөлүктөрдүн коргоо иштерибизге кийлигишүүсүнө жол бербейбиз” деди.

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф ракеталык маселе Тегеран жана алты ири мамлекеттин сүйлөшүүсүнүн предмети болбогонун айтып, ракеталык сыноо айынан Иран менен мамилени чыңалтпоого Вашингтонду чакырды.

Иран жана ири алты мамлекет Тегерандын ядролук программасын чектөө боюнча келишимге 2015-жылы жетишкен.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Ирандын ракеталык сыноосуна НАТО көз салып турганын билдирди:

- Биз эмне болгонуна байкоо салып, баллистикалык ракетанын атылышынын деталдарын иликтеп жатабыз. Ошондуктан азыр деталдар тууралуу коментарий бере албаймын. Бирок бир нерсени айта алам, НАТО ракетадан коргонуу системасын өнүктүрүүдө. Анткени бир нече мамлекет, анын ичинде Иран түрдүү баллисттикалык ракеталарын сындоон өткөрүп, өнүктүрүп-өрчүтүүдө. Мунун баары НАТО ракетадан коргонуу системасын өнүктүрүшү керек экендигин билдирет.

Кошмо Штаттардын президент Дональд Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда Иран жана ири алты мамлекеттин Тегерандын ядролук программасы боюнча келишимин эң начар келишим деп баалаган. Кечээ жакында болсо Иранды миграциялык чектөөлөр киргизилген өлкөлөрдүн катарына кошту. Бул расмий Тегеран тарабынан терс кабыл алынып, алар АКШга карата да ошондой чектөө киргизилерин билдирди.

АКШ менен Ирандын бири-бирине каршы риторикасы мына ошентип акыркы кезде кайрадан жаңыра баштады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG