Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 03:41

Кыргызстанда өзгөртүлгөн Конституцияга ылайык, премьер-министр өз укуктарын пайдалана баштады. Жаңы Баш мыйзам кепилдеген укуктардын негизинде өкмөт башчы бир катар акимди иштен алды. Мындай чара бийликтин вертикалын бекемдөө үчүн деп түшүндүрүлгөн. Ошол эле учурда жаңы өзгөртүүлөрдүн натыйжалуулугунан күмөн санагандар да бар.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзгөртүлгөн Конституциядагы укугунан пайдаланып, акимдерди кызматтан алды. Ага чейин 30-январда өкмөттүн жыйыны өтүп, анда былтыркы жылдын жыйынтыгы талкууланган.

Жыйында биринчи вице-премьер-министр Мукамбеткалый Абулгазиев баяндама жасап, өз ишин эптей албаган бир катар жетекчилерге чара көрүүнү сунуштаган эле:

- Аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдөгү олуттуу кемчиликтерди кетирип, облус жана райондордун айрым көрсөткүчтөрүнүн начарлашына жол берген, өз милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылбаганы үчүн бир катар жетекчилерге чара көрүүнү сунуштайбыз.

Бул жыйындан соң премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 30га жакын аткаминерге эскертүү берип, көпчүлүгүнө сөгүш жарыялады.

Референдумда эмнеге добуш беребиз?

Баш мыйзамга президенттин, өкмөт башчынын, депутаттардын, соттордун ыйгарым милдеттерине жана адам укуктарына байланышкан 26 өзгөртүү киргизил

Ал эми Кемин районунун акими Тынарбек Супатаев, Сокулук районунун акими Аманкан Кенжебаев жана Талас районунун акими Нурак Качкынбаев кызматтан алынды. Мындай жол менен Жээнбеков өзгөртүлгөн Баш мыйзамдагы премьер-министрдин кеңейтилген укугунан пайдаланды. Буга чейин өкмөт башчынын район акимдерин кызматка өз алдынча дайындоого жана бошотууга укугу жок болчу. Акимдерди райондогу айыл кеңештерден түзүлгөн кошмо жыйын шайлап, алардын макулдугу менен гана кызматтан кетчү.

2010-жылдагы Конституцияга киргизилген бул норма жергиликтүү бийликтерди дайындоодо демократиялык ыкма киргизүү жана бул жааттагы коррупцияны азайтуу максатын көздөгөн. Бирок өткөн беш жыл аралыгында мындай ыкма өзүн актабаганын, бийликтин вертикалын чыңдоо зарылдыгы жаралганын өкмөт айтып чыккан.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманбек Дыйканбаев акимдерди жергиликтүү кеңеш тарабынан шайлоо өзүн актабаганын айтууда:

- 2010-жылы кабыл алынган эрежеде карама-каршылык болуп иштебей калды. Себеби, аким бул мамлекеттик бийликтин, премьер-министрдин райондогу өкүлү. Ал эми айылдык кеңеш эл бийлиги катары саналат. Бирок айылдык кеңештер акимди шайлаганда ошол аймактан чыккан гана адамдар бийликке келе баштады. Алардын деңгээли, тажрыйбасы эске алынбай калды. Ошондуктан жаңы Баш мыйзам менен мына ушуларды оңдоого мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.

Иллюстрация
Иллюстрация

Анткен менен айрым эксперттер мындай өзгөрүүнүн натыйжалуулугунан күмөн санап жатышат. Маселен, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Бакыт Рысбаев акимдерди жергиликтүү кеңештин шайлашы демократиялык талаптарга жооп берүү үчүн түзүлгөн деген пикирде:

- Акимдер убагында дайындалып эле келген. Аны премьер-министр, президент дайындаган учурда акимдин орду кадимкидей сатылып калганы айтылып эле жүрөт. Жергиликтүү кеңештердин акимдерди шайлоосу менен мындай иштерден арылтууга жол ачылган. Экинчиден, жергиликтүү кеңеш шайлаган акимдер региондогу элдин жогорку бийликке каршылыгын азайтмак.

Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум былтыр декабрда өткөн. Анда Баш мыйзамдын 20дан ашык беренеси оңдолуп, президент, премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилген.

Президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери Конституцияга киргизилип жаткан жаңы өзгөрүүлөр парламенттик демократияны чыңдап, өкмөттүн туруктуулугун камсыздайт деп ырасташат.

Бирок, оппозиция Конституцияны азыркы өзгөртүү да президенттин жана анын партиясынын жеке кызыкчылыгына багытталганын айтып келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG