Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:04

Президенттик шайлоо жакындаган сайын бийлик партиясындагы кызыкчылык топторунун ортосунда айыгышкан, тымызын кармаш күч алды.

Анткени КСДП партиясы президенттикке бирдиктүү талапкер көрсөтүүдө учурдагы президенттин ишеними чечүүчү болгондуктан кызыкчылык топтору өз талапкеринин “жолун тазалоо” аракеттери татаал “шахматтык жүрүштөр” менен байланышкан тымызын саясий оюндар менен коштолууда.

Кызыкчылык топтору

Саясат таануучулар президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы президенттикке талапкер көрсөтүүгө кызыкдар атаандашкан төрт негизги бейрасмий топту аташууда.

Алар президенттик аппарат жетекчисинин орун басарлыгынан жакында эле парламент депутаттыгына кеткен Аалы Карашев менен президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун таасириндеги топ.

Андан кийин Аалы Карашевдин ордун алмаштырган президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Сапар Исаков менен президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязовдун тобу.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, КСДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков менен учурдагы өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун тобу.

Анан аягында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, “Кыргызгаздын” мурдагы башчысы Тургунбек Кулмурзаев жана БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдон турган төртүнчү топ.

Саясат таануучу Марат Казакпаев бийлик партиясынан президенттикке талапкер быйыл жаздан калбай аныктала турганына токтолду:

- Президент Атамбаев өткөн жылы декабрь айында деле “өзүңөр чечип алгыла, “мураскер” операциясы болбойт” деп айтып кетпедиби. Бирок КСДПдан талапкер көрсөтүүдө жабык оюндар болбой койбойт. Азыр КСДПда президенттик дымагы бар 4-5 талапкер бар. Алардын арасынан Асылбек Жээнбековдун, анын агасы Сооронбай Жээнбековдун, Сапар Исаковдун жана Иса Өмүркуловдун талапкерлиги көп айтылууда. Президент бардыгын таштап коюп эле жөн эле кетип калбастыгын баары түшүнүп турат. Ал ошолордун бирине ишеним көрсөтөт. Президенттин кайсы талапкерге токтолгону март-апрель айына чейин аныкталууга тийиш. Болбосо өтө эле кеч болуп калат.

Талапкер тандоо түйшүгү

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев буга чейин президенттикке “мураскер” даярдабай турганын айтып, бирок КСДП партиясынан президенттике талапкер чыга турганын белгилеген. Мына ошондуктан Алмазбек Атамбаев айланасындагы кайсыл кызыкдар топтун өкүлүнө президенттикке талапкер катары ишеним артышы мүмкүн экени убакыт жакындаган сайын негизги темага айланууда.

Саясат таануу илимдеринин кандидаты, илимпоз Чолпон Сыдыкбаев талапкер тандоодо ачык атаандаштыкка негизделген ички партиялык эрежелер жок болгондуктан президент жең ичинен чечим алууга мажбур экенин белгиледи:

- “Тактыга ким келет” деген маселе боюнча азыркы президенттин командасы дагы бир пикирге келе албай, 3-4 топко бөлүнүп, тымызын жолдор аркылуу ар бири өзүнүн талапкерин президенттикке түрткөнгө аракет жасап жатканы терс көрүнүш. Өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй партиянын ичинен ачык-айкын жол менен талапкер тандоо эрежелери жок болгондуктан көшөгө артындагы оюндардын жыйынтыгында бир талапкер чыгышы күтүлөт. Таасир этүүчү топтордун ар бири өз талапкерин түртөт. Талапкерге токтолуу чечими өлкөдөгү коомдук-саясий абалдан жана оппозициянын жүрүштөрүнөн дагы көз каранды. Ошонун бардыгын талдап туруп, анан президент өзүнүн пикирин билдириши керек. Азыр президент “өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат” деген абалда турат.

Буга чейин саясат талдоочулар КСДП партиясындагы электоралдык потенциалы жогору жана тажрыйбалуу саясатчылар катары Иса Өмүркулов менен Асылбек Жээнбековдун ысымдарын аташкан. Ал былтыр бир тууган агасы Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөндө президенттик дымагын “ооздуктап”, парламент спикерлигин өткөрүп берген эле. Эгерде жакында Сооронбай Жээнбеков кандайдыр бир саясий оюндардын жыйынтыгында өкмөт башчылыктан кетсе, анда анын бир тууганы Асылбек Жээнбековдун президенттикке аттанышына жол ачыла турганы талдоочулар арасында сөз болууда.

15-октябрь, 2016-жыл
15-октябрь, 2016-жыл

Ал арада президент кимге токтолору анын айланасындагылардын "ичин бышыра" баштагандай. Президент Атамбаев былтыр Кыргызстанга келген Германиянын канцлери Ангела Меркелге Сапар Исаковду “оң колум” деп тааныштырган. Андан кийин КСДП партиясынын курултайында Сапар Исаков саясий кеңешке мүчө болуп кирген. Мындан улам президент ага ишеним көрсөтүшү мүмкүн деген имиштер тараган.

Саясат таануучу Чолпон Сыдыкбаев президенттикке талапкер тандоонун татаалдыгынан кеп салды:

- Айтылып жаткандардын арасындагы президенттин “оң кол” баласы катары таанылган аткаминерлердин бирине президент талапкер катары токтолсо, тилекке каршы, анын артында электораты жок болуп жатат. Партиянын ичиндеги электораты бар саясатчыларды “тышкы күчтөр колдобой коёт” деген пикирлер бар. Анткени азыр Москванын Кыргызстанга таасири падышалык Орусиянын учурундагыдай эле болуп жатпайбы. Ошондуктан ал жак биздин болочок президентти тандообузга сөзсүз таасир тийгизет. Ошондуктан азыр президенттикке талапкер көрсөтүү маселеси өтө татаал жагдайда турат. Бийлик партиясынан талапкер көрсөтүү өтө чоң саясий оюндардын, ар түрдүү жүрүштөрдүн жыйынтыгында гана бир чечимге келүүгө туура келет го.

"Кремлдин таасири күчтүү"

КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов президенттикке талапкер партиянын курултайында көрсөтүлө турганын билдирди. Анын айтымында, талапкер ички партиялык атаандаштыктын жана президенттин ишеним арттуусунун негизинде тандалат:

- Албетте, бул маселе кеңири талкууланат. Бул боюнча тиешелүү сунуштар курултайда каралып, ошол жерде маселе бекитилет. Бул жерде биздин партиядан көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан баштап, Жогорку Кеңештеги депутаттарга чейинки бардык партиялаштарыбыздын пикирлери да эске алынат. Бул жерде болочок талапкердин бардык тарабын эске алуу менен сунуштар кабыл алынат деген ойдомун.

Президенттин кайсы талапкерге токтолгону март-апрель айына чейин аныкталууга тийиш. Болбосо өтө эле кеч болуп калат.
Марат Казакпаев

Анткен менен саясий чөйрөдө ички-тышкы факторлор президенттин чечимине таасир этиши мүмкүн экени белгиленүүдө. Саясатчы Равшан Жээнбеков бийлик партиясы президенттикке талапкер тандоодо жетекчиликке ала турган жагдайларга токтолду:

- Бул жерде президенттин айланасындагы топтор эки нерсеге ылайык болочок президенттикке талапкерге токтолушат. Бул алардын коопсуздугуна жана байлыгын сактап калууга кепилдик бере турган адамдын талапкерлиги болушу керек. Мына ошол эки нерсеге кайсы адамдын талапкерлиги туура келсе, негизги күчтөрдүн бардыгы ошого оойт. Бул жерде болочок талапкердин маселесин бир эле президент Атамбаев чечпейт. Бул жерде башында айланасындагы топтордун кызыкчылыгын эске алуу менен президент өз пикирин айтып, анан барып Кремл акыркы чечимди кабыл алары белгилүү болуп калды.

Конституцияда көрсөтүлгөн мөөнөт боюнча Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 2017-жылы күз айларында өтө турганы белгилүү. Бирок анын так күнү азырынча аныктала элек.

Азырынча башка саясий партиялардын өкүлдөрү дагы расмий түрдө бул президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирише элек. Баш мыйзамга ылайык, президент алты жылдык мөөнөткө жана бир гана жолу шайланат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG