Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 09:13

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, азыр чет жакта жашаган оппозиционер Садыр Жапаров март айында Кыргызстанга келерин жарыялады. Быйыл Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Андыктан оппозициянын биригүү мүмкүнчүлүгү канчалык? Ал эми бийлик кандай талапкерге токтолот? Жалпы эле өлкө ичиндеги саясий абал кандай? “Азаттык” саясат талдоочу Чолпонбек Сыдыкбаевди кепке тартты.

Сыдыкбаев: Садыр Жапаровдун бул аракети сөзсүз түрдө жакында бейрасмий түрдө старт берилүүчү президенттик шайлоого байланыштуу.

Бийлик да азырынча мураскерин тактай албай жаткандыктан оппозиция кандайдыр бир чоң мүмкүнчүлүк бар деп кыймылга келе баштады. Тыштагы оппозиция өкүлдөрү эле эмес, ичтегилер да аракетке өтүүдө.

Бул аракетке баа кырдаалга жараша берилет.

Негизи кыргыз саясатында ар кандай окуялар болуп кетиши мүмкүн. Ким катуураак кыйкырып, жалындуу сөздөрдү көбүрөөк сүйлөсө, эл аны ээрчип кеткен учурлар көп эле.

“Азаттык”: Кырдаалдын өзгөрүшүнө, 2005, 2010-жылдардагыдай окуя чыгышына өбөлгө болчу жагдайлар барбы?

Сыдыкбаев: Албетте кырдаалдын нугун ошол жакка бурганга оппозиция аракет кылат. Бирок ага жетпей эле шайлоого старт берилсе, негизги саясий күчтөр шайлоодо мыйзамдуу түрдө жеңип чыгуунун аракетин көрүп, даярданып калышы мүмкүн.

Дагы бир фактор – бул Кумтөр маселеси. Кумтөр жана Кыргызстандын масштабында саясатташкан башка ар кандай көйгөйлөр элди бийликке каршы мобилизациялоонун бир куралы катары колдонулушу ыктымал.

Баары бийликтин аракетине жана анын президенттикке кандай талапкерди мураскер катары алып чыгуусуна жараша болот. Эгер татыксыз, орто заар саясатчыны тандай турган болсо, анда элдин пикири да тескери жакка кетип, оппозициянын да утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү анык.

“Азаттык”: Азыркы шартта бийликтин талапкер тандоосу кайсы факторлорго негизделет деп ойлойсуз?

Сыдыкбаев: Башынан эле белгилүү болуп келаткан түндүк-түштүк фактору чоң роль ойнойт. Анан дагы кайсы бир саясатчынын артында электораты канчалык экени маанилүү.

Азыр аты аталып жаткан айрым саясатчылардын, мисалы, Кремль колдойт деген бир-экөөнү айтып жатышат, алардын артында электораты жок. Ал эми электораты бар саясатчылардын дагы өз кемчиликтери болууда. Президент деле азыр үч-төрт адамдын ортосунда баш катырып, бир чечимге келе албай жаткандай ой калтырат.

“Азаттык”: Алар кимдер, атай аласызбы өз божомолуңузду?

Сыдыкбаев: Менин оюмда, азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Аалы Карашев, Сапар Исаков жана бардык параметрлери, электораты, коомдогу кадыр-баркы, эл аралык саясаттагы таанымалдыгы боюнча дагы бир талапкер болушу мүмкүн.

“Азаттык”: Ал эми оппозициядан бирдиктүү талапкер чыгышы канчалык ыктымал жана ал ким болушу мүмкүн?

Сыдыкбаев: Негизи классика боюнча оппозиция бийликтен окчун туруп, “программалык, идеялык жактан алардан өйдө турабыз, программабыз такыр башка” деген топ болушу керек эле. Тилекке каршы, ушул жаатта биздегилер көп жагынан аксап жатат.

Менин оюмда, азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Аалы Карашев, Сапар Исаков жана бардык параметрлери, электораты, коомдогу кадыр-баркы, эл аралык саясаттагы таанымалдыгы боюнча дагы бир талапкер болушу мүмкүн.

Бийликке таарынып, бийликке жетпей калып оппозицияга чогула беришет. Акаевдин, Бакиевдин убагындагы чиновниктер, азыркы бийликте анча-мынча иштеп калып таарынгандар баары аралашып, бир фронкто биригип жатат.

Бизде реформалардын, мамлекеттик саясатта жыйынтыктардын оң жагына өзгөрбөй жатышынын бир себеби – ар кошкондор чогулуп алат, аларды идея да, программа да бириктирбейт.

“Эптеп бийликке жетсек, андан аркысын көрө жатарбыз” деген көз караш.

Андан кийин кандай болуп жатат? Ар кимиси арабаны ар жакка тартып, эч жыйынтык чыкпай келет. Идея, принцип жок. Либералдар менен социалисттер, капиталисттер менен коммунисттер бириге берет. Тилекке каршы, бул кыргыз саясатындагы чоң кемчиликтердин бири.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Рахат Кеңешова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG