Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:03

2005-жылдагы март элдик ыңкылабын каржылаганын айткан казакстандык олигарх Мухтар Аблязовдун билдирүүсүн атайын кызмат иликтей баштады.

Кыргызстандагы соңку он жылдагы окуяларга сырткы күчтөрдүн таасири болгонбу же жалган айтып, саясий кызыл кулактык кылып жатышабы деген суроо кыргыз коомчулугунда кабыргасынан коюлууда.

Аблязовдун билдирүүсү кылмыш ишине негиз болобу?

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке Казакстандын БТА банкынын мурдагы кожоюну, бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязовдун француз басылмасындагы билдирүүсү боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Мухтар Аблязов Liberation француз басылмасына аны Казакстанда жана Орусияда куугунтукка алуу саясий мүнөздө болгонун билдирген. Ошондой эле ал Борбор Азиядагы демократиялык жараянга жол ачуу үчүн 2005-жылдагы Кыргызстандагы ыңкылапты каржылаганын айткан.

24-март, 2005-жыл
24-март, 2005-жыл

Атайын кызматтын отставкадагы полковниги Талант Раззаков Аблязовдун билдирүүсүн иликтеп чыгууга негиз бар экенин белгиледи:

- 2005-жылы чынында эл арасында нааразылык бышып калган болчу. Бирок ошол нааразылыкты башка бир багытка пайдаланып кеткиси келген ички-тышкы күчтөр болгон. Ошол кезде жеке кызыкчылыгы үчүн дагы Аблязов андагы кыргыз оппозициясына каражат бериши мүмкүн. Бирок анын кайсыл учурда бергени, кимге бергени жана ал каражат кандай максаттарга колдонулганы боюнча Кыргызстандын укук коргоо органдары териштирүүгө толук негиз бар. Мухтар Аблязов азыр бул боюнча суроолорго жооп берип, эгерде чынында эле анын ошол ишке тикелей катышы далилденсе, ага кылмыш иши козголушу керек. Бул билдирүү далилденсе, анда кылмыш ишин козгоого толук негиз берет.

Элге жетпеген, элита “эптеген” каражат

Ошол эле учурда 2005-жылдагы ыңкылапты ишке ашырган күчтөр сырттан кандайдыр бир каржылык колдоо болгонун четке кагышууда. 2005-жылы элдик ыңкылаптын негизинде Курманбек Бакиевди бийликке алып келген күчтөрдүн башын бириктирген саясатчы Үсөн Сыдыковдун жакын адамдарынын бири Керимберди Макеев ыңкылапты уюштурууга кеткен чыгымдын көпчүлүгүн жергиликтүү ишкерлер көтөргөнүн белгилеп, сырттан каржылоо болгону тууралуу ал кезде маалымат түшпөгөнүн айтты:

- Мухтар Аблязов каржылап жатканы туурасында ал кезде уккан эмеспиз. Каршылык акциясына чыккан элдин тамак-ашына кеткен чыгымдарды бийлик режиминин салыгынан тажаган жергиликтүү ишкерлер өздөрү көтөргөнү бизге белгилүү. Оппозициялык саясатчылар Ошто, Жалал-Абадда, Кочкордо, Таласта, Караколдо жана Бишкекте чогулган митингдерге кеткен чыгымдарды өз ара көтөрүп турушкан. Тамак-ашка, жолго жана үн күчөткүч сыяктуу техникалык жабдууларды ижарага алууга кеткен чыгымдар болчу. Ал кезде эч ким элге акча тараткан эмес. Себеби нааразы эл акча таратпаса деле бийликке каршы акцияга чыгууга даяр болчу.

Мындан сырткары 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы элдик толкундоолордун башында турган саясатчылардын бири Азимбек Бекназаров кийин жеңишке жеткенден кийин аны пайдаланып кеткен күчтөр болгонун жокко чыгарбайт.

Казакстандык олигарх, БТА банкынын кожоюну Мухтар Аблязов менен ошол кездеги анын ишкер өнөктөштөрүнүн бири, Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун байланышы тууралуу маселе бар. Анткени Мухтар Аблязовдун БТА банкынын 30 пайыз үлүшү Данияр Үсөновго таандык болгону белгилүү.

Кайсы бир күчтөр Данияр Үсөнов аркылуу Бакиевдерге акча бериши мүмкүн. Аны алар шайлоого же башка бир максаттарга колдонгон деген шек бар.
Азимбек Бекназаров

Саясатчы Азимбек Бекназаров эки ыңкылаптан кийин сырткы күчтөр таасирдүү фигураларды ороп алган көрүнүштөрдү төмөндөгүчө белгиледи:

- Ыңкылап ишке ашар замат, андагы саясий лидерлерге байланышка чыккан күчтөр болду. Мына ошондон улам,Орусия 2005-жылкы элдик толкундоону АКШ каржылады деп чыкты. 2010-жылы болсо ыңкылап ишке ашкандан кийин Алмаз Атамбаевге барсам, аны Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын адамдары курчап алышыптыр. Андан сырткары аларга караштуу кайтаруу кызматы дагы бар экен. Биздин уруш ушундан улам чыккан. Мен Атамбаевди эмнеге чоочун адамдар кайтарып жатканына түшүндүрмө сурагам. 2005-жылдагы учур боюнча айтсам, элди көтөргөнгө акча таратылган эмес. Акча таратып элди көтөрүүгө мүмкүн эмес. Аны баары билишет. Бирок ыңкылап жеңгенден кийин кайсы бир күчтөр Данияр Үсөнов аркылуу Бакиевдерге акча бериши мүмкүн. Аны алар шайлоого же башка бир максаттарга колдонгон деген шек бар. Аблязов ошону айтып жатса керек. Бирок бийликти алганга чейин бизге эч ким акча берген эмес.

Үч себеп: Саткынчылык. Алсыздык. Коррупция.

2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен мурдагы президент Аскар Акаев муну төңкөрүш катары белгилеп, аны бийликтен алууну көздөгөн күчтөр менен атайын кызматтагы жана күч түзүмүндөгү кээ бир генералдар тилектеш болгонун маегинде билдиргени бар.

2010-жылдагы ыңкылаптын астында президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов Казакстанга барып, анда бир таасирдүү саясатчылар жана олигархтар менен Кыргызстандагы бийликти алмаштыруу тууралуу сүйлөшкөнүн маалымат каражаттарына жарыяланган. Мына ошондон кийин артынан аңдуу болуп, аягы анын өлүмү менен бүткөнү белгилүү.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча 2005-жылдагы башчысы Марат Иманкулов атайын кызматтын жетекчилиги оппозиция менен кызматташкан учурларына токтолду:

- Бизде ошол кезде сырттан акча келип жатканы тууралуу маалыматтар болгон. Бирок ал акчаны кайсы жакка колдонушканы белгисиз. Маанилүү маалымат бере турган мамлекеттик кызматкерлерди акча менен өзүнө тартып, ошол аркылуу кырдаалга таасир этүү болгонун жокко чыгара албайм. Анткени биз ошол кезде ишти кайра тескери жасап жатышканын дагы байкаганбыз. Бул биздин жетекчилердин жүрүм-турумунан эле көрүнүп калган. Анткени бир буту менен бийликке, экинчи буту менен төңкөрүш жасаган адамдар тарапка ооп кетип тургандар болгон. Бул тууралуу бакиевчилердин арасындагы адамдар маалымат ташыгандар болгонун айтышкан.

Буга чейин кыргыз коомчулугунда 2005-жылдагы ыңкылапты батышчыл күчтөр, 2010-жылкы элдик толкундоону орусиячыл күчтөр уюштурган деген сөздөр аралап келген эле.

Мурдагы президент Аскар Акаевдин маалымат катчысы, азыркы атайын кызматтын жетекчиси Абдил Сегизбаев Мухтар Аблязовдун билдирүүсү боюнча ошондогу ыңкылапчылардын бири, азыркы президент Алмазбек Атамбаевден көрсөтмө алабы деген маселе азыр кабыргасынан коюлуп турган учур.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG