Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53

Төңкөрүш жасагыдай кырдаал жаралдыбы?


Апрель окуясында курман болгондордун жакындары. 7-апрель, 2013-жыл
Апрель окуясында курман болгондордун жакындары. 7-апрель, 2013-жыл

“Элдик парламент” уюмунун мамлекеттик төңкөрүш жасоого кудурети жетет беле? Өлкөдө төңкөрүш же ыңкылап алдындагы кырдаал түзүлдүбү?

"Азаттык" пикирин сураган маектештердин көпчүлүгү “Элдик парламент” уюмунун мамлекеттик төңкөрүш жасоого кудурети жетмек эмес деп билдиришти.

"Ленин берген аныктамадагыдай кырдаал жок"

“Коммунисттер” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бийлик алмашуусу үчүн өлкөдө революциялык кырдаал же саясий кризис жок деп эсептейт:

- Бир эле нерсени айтайын, Ленин атабыз 100 жыл мурда эле аныктама берген: качан эл мурдагыдай жашай албай, бийлик болсо мурдагыдай башкара албай калганда жана экономикалык жактан кыйынчылыктар жаралганда саясий кризис болот. Бүгүнкү күндө айрым көрсөткүчтөр болушу мүмкүн, бирок толук даяр эмес. Бир эле топ каалап, бийликти алмаштырам десе ийгиликке жетпейт. Коомчулук деле колдобойт, анткени саясий кырдаал жок.

Кыргызстанда акыркы жылдары укуктук жактан кыйынчылыктар болуп, бийликтин айрым аракеттерине нааразылык жаралып жатканы менен мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийликти алмаштырууга кырдаал бышып жетилген жок деген да пикирлер бар.

"Жоогазын ыңкылабы" болгон күн. Ак үй, Бишкек шаары. 24.03.2005.
"Жоогазын ыңкылабы" болгон күн. Ак үй, Бишкек шаары. 24.03.2005.

​“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Эркин Алымбеков президент кызматын мыйзамдуу тапшыруусуна бир жыл калганда “Элдик парламент” эмнеге шашканын түшүнө албай жатканын "Азаттыкка" билдирди:

- Мына Атамбаевдин бийликтен кетерине бир жыл калды. “Элдик парламент” болобу, оппозициялык маанайдагы бирикмелер болобу же жөн эле Кыргызстан өсүп-өнүксүн деген максаттагы адамдар болобу, татыктуу талапкерин стратегиялык программасы менен алып чыгып, алып чыга албаса колдоп, мыйзамдуу жол менен президентти алмаштырууга эмнеге болбосун?

Алымбеков учурда чет жактагы күчтөрдүн жардамы менен болсо да, коомчулукта хаос кылуу аракеттери ишке ашпасын кошумчалайт.

"Бийлик олуттуу аргумент катары кабылдаганы таңдандырат"

“Элдик парламент” уюмунун аракеттерин “атың чыкпаса жер өрттө” маанисинде кабыл алгандар да жок эмес. Саясат таануучу Элмира Ногойбаева уюмдун аракеттери өздөрүн таанытуу максатында гана болгон деп эсептейт. Анын пикири боюнча “Элдик парламент” бийликти орусиялык генералдардын жардамы менен кулатууну кааласа, муну ачык айтпай жасамак деген пикирин билдирип, эң башкысы алардын билдирүүлөрүнө бийликтин жасаган ашкере реакциясы таң калычтуу болуп жатканын айтат:

- Мени бул жерден бийликтин реакциясы таң калтырды. Алардын телефон аркылуу сүйлөшкөндөрүн олуттуу аргумент катары кабыл алуунун зарылдыгы бар беле? Менимче азыр адамдар ашканада отуруп алып, мындан олуттуураак ойлорду айтышат.

Кыргызстанда 2005-2010-жылдары ыңкылап-төңкөрүш жолдору менен бийлик алмашты. Мындай башаламандыктан ириде ишкерлик, аны менен кошо өлкөнүн экономикасы жабыркашын ишкерлер белгилешет. Жаш ишкерлер ассоциациясынын бизнес биримдигинин аткаруучу директору Руслан Акматбектин пикиринде, азыр Кыргызстанга тынчтык, саясий-экономикалык туруктуулук керек:

- Кыргызстан буга чейин бир эмес, эки жолу төңкөрүштү башынан өткөрдү. Мамлекетибиздин эң чоң кемчилиги балким ушунда, улам бирөө чыга калып эле митинг уюштуруп, “кетсин” деп ызы-чуу сала бергени. Мындан эң ириде өлкөнүн экономикасы, элдин турмушу, ишкерликтин өнүгүүсү жабыркайт.

"Төңкөрүш менен келгендер жыргатпасын түшүндүк"

Кыргызстандын эли төңкөрүштөрдөн тажады, андан жакшылык болбосун түшүндү деген пикирин Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Марат Иманкулов билдирди. Ал мамлекеттик бийликти мыйзамдуу түрдө алмаштырууга мезгил келип жетти дейт:

Апрель ыңкылабы. 7-апрель, 2010-жыл
Апрель ыңкылабы. 7-апрель, 2010-жыл

- Төңкөрүш, тополоң менен келген бийлик элге жакшылык кылбасын калк түшүндү. Төңкөрүштөн эмне пайда тапты? Эл тонолгондон башка жакшылык көргөн жок. Ошол 2010-жылы тонолгон ишкерлер күнү бүгүнкүгө чейин карызынан кутула албай жүрүшөт.

Бийликти алууга аракет кылган деген шек менен март-апрель айларында эле эки ирет оппозиция мүчөлөрү кармалып, камакка алынган. Эми үчүнчү жолу минтип дагы топ кишинин камалып жатканы өлкөдө кандайдыр бир деңгээлде ага түртүп жаткан шарттар бар экенинен кабар берет деген да пикирлер бар.

Марат Иманкуловдун айтуусунда, учурда башкарып турган бийлик, төңкөрүштөн мурда берген убадаларын аткарбаганы, элдин 2010-жылы апрелге чейинки максат-мүдөөсү ишке ашпай жатканы да нааразылык жаратууда:

- Жүздөгөн кишинин өлүмү менен келген бийлик башка жолго өтүүсү керек эле. Башка чоң иштер жасалуусу керек эле. Анын баары жасалбай жатат деп элдин үмүтү үзүлүп жатпайбы.

Учурда бийликти басып алууга аракет кылган деген шек менен УКМКнын абагында Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жатат. Дастан Сарыгулов үй камагында. 12-майда кармалган Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов, Төрөбай Колубаевдин баш коргоо чарасын сот али карай элек.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG