Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Аблязов март ыңкылабын каржылаганбы?


24-март, 2005-жыл
24-март, 2005-жыл

Бозгунда жүргөн казак саясатчысы, олигарх Мухтар Аблязов француз басма сөзүнө курган маегинде Кыргызстандагы 2005-жылдагы Жоогазын ыңкылабын каржылаганын айткан.

Кыргызстандагы саясий окуяларда, диний идеологиялардын жайылышында сырткы факторлордун канчалык таасири бар? Кыргызстан өз алдынча саясаты жасай алабы?

"Арай көз чарай" талкуусуна 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров жана “Замандаш” партиясынын теңтөрагасы, революциялардын каарманы Жеңиш Молдокматов катышты.

“Азаттык”: Азимбек мырза, Кыргызстанда 2005-2010-жылдардагы ыңкылаптар сырттан каржыланган деп көп айтылып келет. Бирок ыңкылаптын катышуучулары өз күчү менен ишке ашканын ырасташат. Кечээ француз гезитине бозгунда жүргөн казак саясатчысы, банкири Мухтар Аблязов 2005-жылдагы Кыргызстандагы Жоогазын революциясын каржылаганын билдирди. Эки ыңкылаптын активдүү каарманы катары айта аласызбы, сырттан каржылык колдоо алгансыңарбы?

Мухтар Аблязов
Мухтар Аблязов

Азимбек Бекназаров: “Жаман үйдү коногу бийлейт” демекчи, сырткы саясатыбыздын жоктугунан, элдин жеңишин идеологиялык максатта даңазалап, жеништин ээси кыргыз эли экендигин жайылта албагандыгыбыздан 2005-2010-жылдардагы революциялардын ээлери абдан көп.

2010-жылы Жалал-Абадда "мен буларды кылгам" деп Батыров “баатыр” болуп жүрөт. Эми Аблязову чыгыптыр. Учурдан пайдаланып айтарым, революциялардын ээси, жеңүүчүсү да эл. Бирок революциянын арты менен келген бийликтин ошол учурда элдин койгон максаттарын унутуп койгону үчүн ушундай көрүнүштөр болууда.

Акылга сыйбай турган нерсе. Аблязов өзү мекенинен качып жүрсө, кантип ал революцияны каржылап жиберет?

“Азаттык”: Болуптур, Аблязов жеке өзү каржылабаса да аны башка кызыкдар тараптар, державалар пайдаланышы мүмкүнбү?

“Мен ак ниет менен берген акчамды Бакиев менен Данияр Үсөнов акташкан жок, революцияны жокко чыгарышты” деп айтса болмок.
Азимбек Бекназаров

Азимбек Бекназаров: Ушундай саясатты, ушундай пропаганданы Орусиянын телеканалдары күндө берүүдө. “Кыргызстандагы, Грузиядагы, Украинадагы революциялар жаман, кесепетин тартасыңар” деп күндө сайрап жатат. Биздин эл демократияны, эл бийлигин куралы, коррупциядан, авторитардык бийликтен, олигархтардан кутулалы деп революция жасаганы жөнүндө идеологиялык пропаганданын жоктугунан революциянын ээси Аблязов болууда.

“Азаттык”: Элди көчөгө алып чыгууга, бир канча күнгө созулган митинг жана башка акциялар учурунда массаны кармап турууга оңой эмес акча керек экендиги белгилүү да. Аларды кайдан алдыңар эле?

Азимбек Бекназаров: Бардык чыгым, каражатты эл өзү көтөргөн. Бирөөнүн акчасы менен революция болбойт. Эгерде бирөөнүн каражаты, заказы, тапшырмасы менен болсо анда ал ыңкылап эмес. Эмне үчүн мындай сөздөр айтылып жатат? Революцияны коргоп кала турган идеология жок. 2005-жылы революция жеңери менен держава мамлекеттердин өкүлдөрү дароо жеңүүчүлөргө келишкен.

Менимче, эгер 2005-жылдагы окуяларды сырткы күчтөр колдосо Бакиевди, Данияр Үсөновду революцияга кеткен чыгымыңарды жаап алгыла деп кийин колдошу мүмкүн.

“Азаттык”: Жеңиш мырза, сиз 2010-жылдагы ыңкылапка активдүү катышкан жаштардын бирисиз. Элдин толкундоосу кан төгүү менен уланып, бийлик кулады эле. Мына ушул процесстерди уюштурууда, башкарууда сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсүн, акчалай каржылоосун байкай алдыңызбы?

Жеңиш Молдокматов: Эч байкаган жокмун. Тагыраак айтсам, 7-апрелде мен Нарында болгом. Ал жердеги элге бир тыйын же тамак таратылган эмес. Эл суудай агылып, машина менен, атчан, жөө эле жүрүштү.

Бүгүн болуп жаткан нерсе – маалыматтык согуш. Элдин адилеттүүлүккө, эркиндикке умтулуу аракетин жокко чыгаруу деп сыпаттайм. Аблязов деген ким? Ал 2003-жылдан бери соттолуп, качып жүргөн бир жан. 2010-жылы мен өзүм сырттан келген каржылык таасирди көргөн жокмун.

"Жоогазын ыңкылабына" он бир жыл

"Жоогазын ыңкылабына" он бир жыл

2005-жылы 24-мартта Кыргызстанда элдин күчү менен бийлик алмашып, 15 жыл мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу режими кулатылган.

“Азаттык”: Азимбек мырза, Мухтар Аблязов француз гезитине берген маегинде “мурдагы постсоветтик республикаларынын биринде туура реформаларга алып келе турган процесстердин башталышы мен үчүн маанилүү эле” деп айтыптыр. Эгер ошондой болсо Аблязов үчүн Кыргызстан революцияны сыноо полигону болгон десек болобу?

Азимбек Бекназаров: Бул деген дүйнөлүк саясат болуп жатат. СССР деген мамлекетти кыйратуу үчүн да чоң саясаттар жүргөн. Андан ары КМШ мамлекеттерин биротоло ыдыратуу саясаты да бар, жашырганда эмне?

Бүгүн Батыш Орусияны ичинен иритүү аракеттерин жүргүзүүдө. Бир жагынан Аблязовду колдойм. Эгер Кыргызстанды Борбор Азиядагы үлгүлүү мамлекет кылайын деген аруу тилеги болсо колдойм.

Ал акчаны кимге бергенин так айтышы керек эле. “Мен ак ниет менен берген акчамды Бакиев менен Данияр Үсөнов акташкан жок, революцияны жокко чыгарышты” деп айтса болмок. Эгер чындап эле сырттан акча келе турган болсо, революцияга катышкан эл байкайт эле, сезет эле. Бизде митингдер беш-алты күндөп болуп, элге күнүнө бир маал ысык тамак берилип жатты. Аны кыргыздын байлары эле колдошкон, жардам беришкен.

“Азаттык”: Олигарх демекчи, азыркы президент Алмазбек Атамбаев да көп саясий акцияларды уюштурууну каржылагам деп калат, жардам бергенби?

Азимбек Бекназаров: Атамбаевдин, Бакиевдин, Бабановдун жардамдары кандай болгон? Көп эл катышкан акцияларды уюштурууда көп каражаттар кетет. Имаратты ижарага алуу керек, микрофон коюу керек жана башка чыгымдарга Атамбаевдин жардамы болгон.

(Талкуунун толук варианты менен видеодон таанышыңыз)

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG