Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Оппозиция бириге алабы?


Президенттик шайлоону утурлай Кыргызстанда саясий күчтөр ирилешип, ар кандай оппозициялык саясатчылар, топтор бириге баштады. Алардын катарында саясатчылар Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков бар.

Кыргызстанда оппозиция деген кимдер жана алардын салмагы канчалык? Өз ара биригүүлөр саясатчылардын жеке дымагын канчалык ооздуктай алат?

"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында ушул суроолорго жооп издедик. Талкууга “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев жана мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев катышты.

“Азаттык”: Абдрахман мырза, “Ата Мекен” партиясындай эле “Ак шумкар” партиясы да жергиликтүү шайлоого катышпай, бирок партия лидери, мурдагы премьер-министр Темир Сариев шайлоодо “Өнүгүү-Прогресс” жана “Демократ” партияларын колдоп чыкты. Мына ушундан улам саясат талдоочулар алдыдагы президенттик шайлоого карата “Ата Мекен”, “Ак шумкар” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын бир блокко биригиши тууралуу сөз кыла баштады. Сиздер дагы бул блокко кошулушуңар мүмкүнбү?

Камчыбек Ташиев: Баары болушу мүмкүн. Биригүүлөрдү колдойм. “Өнүгүү-Прогресс”, “Ак шумкар”, “Ата Мекен” менен партиялар биригип, бир блок болсо мен аларды колдойт элем. Чогулуп оппозициялык күч болсок жакшы болоор эле. Сүйлөшүүлөр ар дайым болуп жатат. Бириксе дагы жаман көрөсүңөр, бирикпесе дагы жаман силерге, бул бийликке түшүнбөйсүң.

Кудайга шүгүр, азыр үч чоң саясатчы бириктик. Бизге биригебиз дегендер көбөйүп жатат. Жакында алардын баарынын тизмесин чыгарабыз. Биз ошол эле Өмүрбек Черкешович, Темир Аргенбаевич, Бакыт менен сүйлөшүп жатабыз. Эч кандай тоскоолдук жок. Биз бир гана нерсени талап кылып жатабыз: элдин жон терисин сыйрыган, элге эч кандай жакшылык алып келбеген бийликтин кийинки шайлоодо болбошун талап кылып жатабыз.

“Азаттык”: Абдрахман мырза, президент дарбазадан ашып түшкөн, митингге чакырган саясатчылардын мезгили бүткөнүн, эми парламентте аң-сезимдүү оппозиция болгонун, Төрөбаев менен Бабанов системалуу иш алпарып жатканын айтты. Анын бул сөзү саясий күчтөрдүн ага каршы биригип кетүүсүнөн кайсы бир деңгээлде чочулаганын көрсөтпөйбү? Анткени анын Текебаев менен тиреши эки саясий лагерди аныктагандай болбодубу?

Абдрахман Маматалиев: Президент өзү дагы мурда көп жыл оппозицияда жүргөн. Ал киши жакшы түшүнөт болуш керек, оппозицияны эч ким эч качан дайындабайт. Оппозиция элден суурулуп чыгат.

Бүгүнкү күндөгү бардык саясий лидерлердин, күчтөрдүн бир муштумга биригүүсү реалдуу эмес. Аты аталгандардын арасында президент болом деген 3-4 киши бар. Биринчи кезекте ошол жеке дымагы тоскоол болот.

Баары биригип кетиши мүмкүн эмес. Эгер ар бири экөө мени колдош керек деген позицияда болсо, бул союздун келечеги жок. Эгер үчөө тең мен ушул экөөнүн бирөөнө жол бошотууга даярмын деген позицияда болсо, анда булардын союзу бекем болушу мүмкүн. Бирок азыр булар кандай шерттешкенин ачыкка чыгарышпайт.

Оппозиция бириге алабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:57 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG