Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

“Ата Мекен” өкмөткө ишеним көрсөтпөө үчүн кол топтойт


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы азыркы өкмөттүн курамына ишеним көрсөтпөө жараянын баштоо үчүн добуш топтоого киришет. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында фракция лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Жогорку Кеңеште Евразия экономикалык биримдиги боюнча талкууну узартууга премьер-министр каршы болгону үчүн “атамекенчилер” ушундай чечим кабыл алышты:

- Президенттик аппараттын кызматкери чакырса чуркап барат. Бирок парламентти тоготпой жатат. Парламентаризмдин идеясын, ЕАЭБдин идеясын дискредитация кылганы үчүн, өкмөттүн курамына ишеним көрсөтпөөгө чакырып, кол топтоону баштайбыз.

Премьер-министр Жээнбеков Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийинки жагдай тууралуу эки саат маалымат берди. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Текебаев өкмөт башчынын парламентарийлердин суроолоруна жооп берүү убактысын узартууну сунуштады. Бирок Жээнбеков түштөн кийинкиге белгиленген жыйындары бар экенин белгилеп, ага макул болгон жок.

Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин Кыргызстан менен өнөктөш өлкөлөр арасында соода көлөмү 16% азайганын депутаттар сындашты.

Премьер-министрдин кызматтан кетишин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев да сунуштады. Өкмөттүн ишиндеги чабалдыкты “Республика-Ата Журттун” лидери Өмүрбек Бабанов да сындап, анын фракциясы өкмөт башчы боюнча чечим кабыл аларын билдирди.​ (SE)

XS
SM
MD
LG