Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:04

Жогорку Кеңеште төраганы чакыртып алуу оюнан республикачлар баш тартты. Бул тууралуу ушу тапта өтүп жаткан маалымат жыйында "Республика - Ата Журттун" төрагасы Өмүрбек Бабанов билдирди. "Бардык маселелер боюнча пикир табыштык", деп билдирди фракция жетекчиси:

- Спикерди чакыртып алуу оюбуздан кайттык. Партия ич ара отуруп кеңештик, андан тышкары спикер Чыныбай Турсунбеков менен да бетме-бет жолуктум. Натыйжада пикирибиз бир чыкты.

Бабанов өкмөттүн тагдырын кароо маселеси да кийинкиге калганын билдирди.

Өз кезегинде спикер Чыныбай Турсунбеков "Республика - Ата Журттун" сунушунун негизинде регламентке өзгөрүү кирип, комитеттерге депутаттар тең укук санда болорун билдирди.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеште ЕАЭБ маселеси талкууланып жатканда Бабанов парламент төрагасын регламентти сактабаганы үчүн чакыртып алуу тууралуу фракциянын чечими бар деп айткан. (SDz/EBM)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG