Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Жалал-Абад: бийликчил партиялар сотко кайрылды


Жалал-Абад шаары
Жалал-Абад шаары

Жалал-Абад шаардык кеңешинин ишин башкаруучу коалицияга кирбей калган бийликчил партиялар токтотуп коюшту.

Ал арада коалициядагы партиялар ишти жандантуу максатында сотко апелляциялык кайрылуу жолдогону турат. Эгерде партиялар бир пикирге келе албаса, анда өздөрү мөөнөтүнөн мурда тароону сунуштап чыгышты.

Шаардык кеңештин 16-январга белгиленген сессиясы Жалал-Абад райондор аралык сотунун чечими менен убактылуу токтотулду. Анткени коалициялык көпчүлүккө кирбей калган КСДП жана "Кыргызстан" партиялары биригип прокуратура менен сотко арыз жолдогон.

Шаардык кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын лидери Эмил Абдыкадыров анын себебин мындайча чечмеледи:

- 12-январдагы алгачкы уюштуруу отуруму бир топ мыйзам бузуу менен коштолгондуктан биз тийиштүү органдарга кайрылганбыз. Баары мыйзам чегинде болушу керек болчу. Жалал-Абад шаардык прокуратурасы бүгүн өз корутундусунда алгачкы сессия мыйзамсыз өткөнүн билдирди. Ал эми бул иш боюнча Жалал-Абад райондор аралык соту 27-январга биринчи соттук отурумун белгиледи. Ошолордун чечимине карап андан аркы аракетибизди көрөбүз.

Көпчүлүк коалициядагы “Өнүгүү-Прогресс”, "Республика - Ата Журт", "Ата Журт" фракциялары прокуратура менен соттун чечими шашылыш, эс алуу күндөрү кабыл алынганын айтып, 16-январда маалымат жыйынын өткөрүштү.

Ошол себептүү, алар шаардык кеңештин ишин жандантуу максатында үч партия биригип апелляциялык арыз жолдой турганын коалициялык көпчүлүктүн лидери Майрамбек Адылбеков айтты:

- КСДП менен "Кыргызстан" партиялары прокуратура менен сотко 14-январь жума күнү кайрылган. Анда 12-январдагы биринчи отурумда төрага шайланбай туруп анын орун басарын мыйзамсыз шайлашкан жана биринчи отурумду жашы улуу адам алып барган эмес деген жүйө келтирген. Ишемби жана жекшемби күндөрү алардын арызын тийиштүү органдар карадыбы же жокпу билбейм, бирок 16-январь дүйшөмбү күнү бизге дал ошол күндөгү дата менен таңкы саат 09:30да сессияны токтотуу боюнча прокуратурадан жана анын артынан эле соттон билдирүү келген. Бул жагы бизди таң калтырып отурат. Ошол себептүү биз шаардык кеңеш аппараты менен бирге алгачкы сессия процедураларды сактоо менен мыйзамдуу өткөнүн билдирип, сотко апелляция жазалы деп жатабыз.

Ошентип шайлоодон өткөн беш партия депутаттары бир пикирге келе албай, сессия өтүүчү залда эмес, эми соттук отурумдарда жүз көрүшөрү белгилүү болуп турат. Бирок көпчүлүк коалиция сотко чейин бийликчил партияларды кайрадан сүйлөшүүгө чакырууда. "Ата-Журт" партиясынан депутат Шаирбек Ташиев буларга токтолду.

- Бизге дооматыңар же башка маселеңер болсо келип айткыла, стол үстүндө ачык сүйлөшөлү. Маалымат каражаттарсыз, жабык эшик артында да талкуулайлы. Анткени шаардыктар азыр биздин иштөөбүздү гана карап турат. Ошол себептүү таарынычтарды токтотуп, шаар үчүн иштеп берели. Дагы да сүйлөшүүгө силерде мүмкүнчүлүк бар.

Оппозициядагы партиялар учурда сот аркылуу гана кийинки кадамдарын аныктарын билдирип, биригүүгө азырынча бел байлаша элек. Ал арада КСДП партиясынан учурдагы шаар мэри Салайдин Авазовдун айланасында да айың кептер тарады. Анткени калаа башчысы КСДП партиясынан чыгып, алдыдагы мэр шайлоодо “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын атынан барат деген маалыматтар чыккан. Бирок шаар мэри бул маалыматтарды төгүнгө чыгарды.

- Бул маалыматтардын баары жалган. Мени атайылап жаман көрсөтүү максатында ушундай ушак таратып жатышат. Мен бир гана КСДП партиясынын атынан шаар башчылыгына барышым мүмкүн. Эгер кайсы бир партиядан сунуш түшсө дагы ал менен макул эмесмин. Мен үчүн шаардыктардын кызыкчылыгы баарынан бийик турат.

Шаардык депутаттар эгерде бир пикирге келе албасак сессияга негизсиз келбей койгон КСДП менен "Кыргызстан" фракцияларын шаардык кеңештен чыгаруу өтүнүчү менен БШКга кайрыларын билдиришүүдө. Акыркы чара катары көпчүлүк коалиция өзүн өзү таратууга сунуш менен чыгары айтылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG