Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:23

Жалал-Абад: шаар макамынан мурда шарт керек


Жалал-Абад облусунун Сузак жана Базар-Коргон айыл аймактарын шаар категориясына которуу сунушу өкмөткө жиберилди.

Сунушта облустук маанидеги шаарга айлантууга калктын саны жана социалдык объекттердин жайгашуусу негиз берет деп айтылат. Бирок талдоочулар жоголуп бараткан шаарлардын жагдайын эске алганда азырынча макам берүү эртелик кыларын эскертишет.

Район борборунда жайгашкан Базар-Коргон айыл округунда ар улуттан куралган 38 миң адам жашайт. Мурунку Дзержинский колхозунун базасында уюшулган айыл өкмөт жети айылдан туруп, он мектеп жана ушул эле сандагы бала бакча бар.

Базар-Коргон районунун акими Таалайбек Долдоев айыл аймагы толугу менен шаар статусун алууга даяр экенин айтты:

Каржы издеген айылдар

Каржы издеген айылдар

Жалал-Абад облусунда өткөн жылы төрт айыл өкмөтү өзүн өзү каржылоого өткөн. Быйыл анын саны дагы өскөнү турат. Сузак районундагы көп улуттуу Ырыс айыл округу кийинки жылы толугу менен дотациядан чыгууга бел байлап жатат. Жергиликтүү бийлик киреше булагын эмненин эсебинен көбөйтүп, өз бюджетин кантип аткарып жатат?

- Биз район борборуна шаар статусун алабыз деп долбоорлорду жазуу менен үч-төрт жылдан бери аракет кылып келе жатабыз. Бул демилге 2012-2013-жылдары көтөрүлгөндө айрым талаптар аткарылбагандыктан токтоп калган. Шаар болушу үчүн канализация, таза суу толук кандуу чечилиши керек экен. Ошол себептүү Азия өнүктүрүү программасы аркылуу 4,8 млн долларлык долбоор аркылуу район борборунда таза суу жана канализация маселесин толугу менен бүтүрүп алдык. Биз даярдаган эки жылдык долбоорлордун баары аяктап, акырында шаар статусун алабыз деп турабыз. 2018-жылы Базар-Коргон районунун уюшулгандыгынын жүз жылдык мааракеси белгиленет. Ошол күнгө чейин, буюрса, шаар болуп калат деген пландар бар.

Район борборунда эгемендиктин алгачкы жылдарында курулган беш кабаттуу сегиз үйдөгү 300 кожолук канализация жана таза суу менен камсыздалды. Коомдук транспорт уюштуруу жана Кеңеш айылдык округуна караган кээ бир айылдарды шаарга кошуу пландары да бар. Азыр шаардын чек арасын бекитүү аяктап калды.

- Биздин азыр пландообузга ылайык, Базар-Коргон шаарына Кеңеш айыл аймагындагы Көкчөгөз жана Абдраимов айылдарын бириктирсек, 50 миң калк отурукташкан чон шаар болот деген үмүттөбүз. Эгерде шаар статусун алсак, ушул айылдарды бириктирген шакекче сыяктуу маршруттук каттам уюштуруп, келечекте автобустарды жүргүзүү пландарыбыз бар. Ош-Бишкек жолунун жээктери да шаарга карап, көрктөндүрүү жагы колго алынмак, - дейт Таалайбек Долдоев.

"Административдик-аймактык түзүм жөнүндө" мыйзамдын 6-беренесине ылайык, Сузак жана Базар-Коргон айылдары шаар категориясына толугу менен жооп берет. Ошол себептүү бул айыл аймактарга шаар статусун берүү демилгесин парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы көтөрүп, өкмөткө мыйзам долбоорун даярдоо сунушун берди.

Популизмден качан арылабыз? Кечээги кылмышкерди бүгүн депутат шайлагандай болбойлу да. Чет жактарга чыксаң айылдары шаардан жакшы. Бизде статус берип койсоң эле болду. Элди алдоонун да чеги болушу керек. Сузакка шаар статусу эмес, шарттар керек.
Жалил Сапаров

Бирок жергиликтүү тургундар азырынча Сузак менен Базар-Коргонду шаарга айландырууга эртелик кыларын белгилешет. Калктын санын эмес, башка талаптарды да эске алуу керектигин белгилеген Сузактын тургуну Жалил Сапаров жоголуп бараткан шаарларга көңүл бурууну сунуштайт.

- Сузак менен Базар-Коргонго шаар статусун берүү демилгесин көтөрүп жатышат. Албетте, шайлоо учурунда ушундай убада берилген. Бирок Сузакта шаар болууга дегеле шарттар жок да. Шаар болуу критерийлери, шаар ыңгайлуулуктары, башкы планы, шаар маданияты, инфраструктурасы эч болбогондо минимум пайда болгондо шаар статусун берсек болмок. Адегенде коомдук ажатканаларды куруп албайлыбы. Башка көйгөй түгөндүбү? Популизмден качан арылабыз? Кечээги кылмышкерди бүгүн депутат шайлагандай болбойлу да. Чет жактарга чыксаң айылдары шаардан жакшы. Бизде статус берип койсоң эле болду. Элди алдоонун да чеги болушу керек. Сузакка шаар статусу эмес, шарттар керек. Анан ага каражатты облустун бюджетинен деп айтышкан имиш. Облустун бюджети жок, маянаны Бишкектен алышат. Шайлоо алдында көчөгө ысым ыйгаргандар көбөйүп кетчү эле, эми 2017-жылдагы президенттик шайлоонун алдында статус бермей башталабы?

Сузак районунун борборундагы айыл округда 27 миңге жакын адам жашап, беш мектеп жана үч бала бакча, бир райондук оорукана жайгашкан. Токтогул, Кадамжай жана Кайыңдын сыяктуу шаарлардын жашоо көрсөткүчүнөн жогорудагы эки айыл аймактын көрсөткүчтөрү жогору турат. Бирок тейлөө жана коммуналдык тармактарын жакшыртуу керек дейт өкмөттүн облустагы өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Ажимамат Исаев.

- Шаар болуп өзгөрүүгө адегенде жергиликтүү жамаат даяр болушу керек. Мыйзамга ылайык жергиликтүү жамаат да муну колдоого алышы керек. Алардын пикири да да эске алынышы зарыл. Айыл аймактан айырмаланып шаар өзүн өзү толук камсыздап кетиши керек. Биринчи кезекте ал жерде өнөр жай өндүрүшү болуусу шарт. Эң негизгиси коммуналдык кызматтар толук кандуу иштөөсү белгиленген. Шаар деп эле атап койсок ал шаарга жатпайт. Эгерде макам берип коюп, аны шаар катары өзгөртө албаса кыйынчылык жаралышы мүмкүн. Ошол себептүү ар тараптуу карашыбыз керек.

Өкмөткө жолдонгон сунушта Сузак жана Базар-Коргон айылдарын облустук мааниге ээ болгон шаарлардын категориясына киргизүү үчүн мыйзам долбоорун иштеп чыгууну жана аны Жогорку Кеңешке сунуштоо жагы белгиленген.

Учурда Кыргызстанда жалпысынан 31 шаар бар. Анын ичинде эки шаар республикалык, 12 облустук жана 17си райондук мааниге ээ.

Жалал-Абад: шаар болгусу келген айылдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:30 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG