Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Москва: айылына кол сунган жамааттар


Москвадагы "Учкун" айылдык жамааты
Москвадагы "Учкун" айылдык жамааты

Москвада иштеген кыргызстандык мигранттар ич ара жердеш, айылдаш, классташтарын табышып, чакан айылдык жамааттар түзүлүп калган.

Мындай жамааттар чет жакта бири-бирине колдоо көрсөтүп, айылдарына жардам көрсөтүп турушат.

М​осквада жакшылык-жамандыкта бири-бирине колдоо көрсөтүп, андан тышкары Кыргызстандагы айылдарына жардам кылып келаткан айылдаштардын биримдиги - айылдык жамааттар көбөйүп келет.

Рамазан Кушбаков Баткен облусундагы Кадам-Жай районунун Учкун айылынан болот. Ал Москвада​ үч жүздөй жердеши иштээрин айтат. Айылдаштар айылдагы көйгөйлөрдү чечүүгө биригишкенине көп болгон.

- Биз 2011-жылы уюшулганбыз. Айылыбыздагы кембагалдарга, оорукчан жана каза болгондор болсо, колубуздан келген жардамыбызды берип туралы дегенбиз. Буга чейин мечиттин дааратканасын оңдоп, суу киргизип бердик. Анан өкмөт айылга бала бакча курду эле, ошого 30га жакын керебет, астына төшөнчүлөрүн алып бердик. Аш-тойлордо эл чогулган жайга отургучтарды орноштурдук. Көчөлөргө электр чырактарын койгонбуз. Жакында айылыбызда сел болуп, жолдор бузулган. Азыр ошол боюнча дагы чогулуп, фондубуздагы каражаттан селден жапа чеккендерге жардам берели деп турабыз.

Мигранттар жардам көрсөткөн айылдагы бала бакча
Мигранттар жардам көрсөткөн айылдагы бала бакча

​Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүндөгү төрт айылдын балдарын бир жамаатка бириктирген Руслан Айдаров айылдаштардын мындай ынтымагын акча маселеси бузбашы үчүн элден чогултулган акча банктагы атайын эсепке бекем салынарын айтат. Кокустан чоң муктаждык болгондо айылдаштар алып керектөөсүнө жумшап, анан кайрадан ордуна коюп коюшат.

- Уюшканыбызга бир жылдай болду. Ортого акчаны ар ким алынын келишинче берет. Аны Москвада кокустан кырсыкка учурагандарга же каза тапкандарды айылга жөнөтүш үчүн колдонобуз. Башында жакшылыкка жумшайлы деп, айылыбыздагы мечиттин документтерин бүтүрүүгө 10 миң рубл бердик. Анан айылыбызда электр подстанциясын алмаштырып жаткан экен, жардам сурашканынан ошол жакта иштеген балдардын тамак-ашына акча бөлүп бердик. Эми айылдагы спортчуларга керектүү буюм-тайымдарын алып берели деген ниетибиз бар.

Москвадагы "Мөнөк" айылдык жамааты
Москвадагы "Мөнөк" айылдык жамааты

​Ал эми Ильяз Жолборсовдун айтымында Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Мөнөк айылынын Москвадагы жамаатында төрт жүздөй адам бар. Айылдаштар чогулган каражатты кандайча колдонууну биргелешип чечишет, ошондой эле биргелешип көңүлдүү эс алууну дагы унутушпайт.

- Айылдаштар Москвада ай сайын чогулуп, тамак ичип, ортого 500 рублдан кошумчабызды кошуп турабыз. Жамаатыбыздын атынан айылдагы мечитке 200 миң рублдай бердик. Анан жакшылык-жамандык бар дегендей айылга үч адамдын сөөгүн жөнөткөнгө жардам бердик. Жума сайын жаштар чогулуп, футбол ойнойбуз. Ошондо оюндан кийин тамакка чогулуп, ошол жерден ар ким колунан келишинче берип, алдыдагы иштерди сүйлөшүп турабыз. Баарыбыз кеңешип, быйыл айылдын четиндеги мазарды коруп, дарбаза тургузалы деп пландап жатабыз.

Москвадагы "Биринчи май" айылдык жамааты
Москвадагы "Биринчи май" айылдык жамааты

Айти Орозбек уулу болсо Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районундагы 1-май айылынан болот. 1-май айылдык жамааты Москвага келген айылдаштарга жумуш, жашаганга батир жагынан жардам беришет.

- Москвада жердештердин арасында жумуш жана башка көйгөй болсо, биргелешип, кабаралашып чечип турабыз. Жүк ташыгыч, айдоочу болуп баарыбыз ар кандай жумушта иштейбиз. Тапкан акчабызга, өзүбүздөгү кыйынчылыктарга карабастан ынтымагыбызды үзбөй айылыбызга жардам берүүнү дагы унутпайбыз. Мечитке колдоо көрсөттүк, мектептин алдындагы спортзалды оңдотуп бердик. Балдар ал жакта азыр машыгып жатышат.

Мигранттар оңдогон айылдык зал
Мигранттар оңдогон айылдык зал

Калмамат Мырзатаев Москвадагы кыргызстандыктардын мындай жакшы демилгелерин улай дагы бир жаңы айылдык жамаат - Ош облусундагы Өзгөн районунун Ничке-Сай айылынын кулундарынын бирикмеси түптөлүп жатканын айтат. Мындай бирикмелер чоң шаарда айылдаштарды табыштырып, улуу-кичүү муунду байланыштырып, биримдикке себепкер болууда.

- Биз бул жакка кеткенибизге бир топ жыл болду. Алды айылдаштарды эмес, коңшуларды тааныбай калыппыз. Ушундай жамааттар жаш балдар менен таанышып, улуу-кичүү урматташып, бири-бирибизге колдоо көрсөтүүгө жакшы шарт түзөт экен. Азыр биздин айылдаштар дагы айылдын кичине болсо дагы бир кем-карчысына жардам берели деген үмүттө чогулуп жатабыз.

Жалпысынан Москва жана Москва облусунда иштеген кыргызстандык мигранттардын жыйырмадай айылдык жамааттары бар. Бул жамааттардын ар биринде отуздан үч жүзгө чейин айылдаштар мүчөлүктө турат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG