Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Жалал-Абад: мончодо жулунган погон


Жалал-Абадда милиция менен мушташкан эс алуу жайынын жетекчиси кармалды.

Милиция кызматкерлерине кол көтөрдү деп айыпталган 40 жаштагы шаар тургуну убактылуу кармоочу жайда жатат. Ал бул ишке мас абалында барганын жана ал үчүн өкүнөрүн айтты.

Окуя 2-январда шаардагы “Керемет” аттуу мончодо болгон. Шаардык ички иштер бөлүмүнө Зияда аттуу аял чалып, тууганы ур-токмокко алып жатканын айтып даттанган. Чакыруу боюнча барган эки милициянын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери жаңжалга туш болгонун айтууда. Алардын бири Илимбек Отонбаев мындай деди.

- Биз барган учурда Зияда аттуу келин жездеси аны уруп, автоунаасын талкалап салганын айтты. Чындап эле унаанын бир жак тарабы сынып калганын көрдүк. Мончо ээси, анын жездеси ошол жерде экенин билип, анын арыз боюнча ички иштер бөлүмүнө биз менен баруусун сурандык. Ошол учурда ал мас абалда экен. Бирок ал биздин айтканыбызга көнгөн жок. "Сен бүгүн бар, эртең жоксуң" деп бизди уят сөздөр менен сөгө баштады. Ошол маалда 25 жаштардагы бир бала келип "бирөө менен сүйлөшүп кой" деп телефон сунду. Мен аны албай койдум. Ошентип ортодо жаңжал чыгып, тааныш баласы экөөлөп ур-тепкиге алып, погондорумду үзүп салышты. Ошол жерден биз кошумча күч чакырып, аларды кармап кеттик.

Окуяга байланыштуу ички иштер башкармалыгы кол көтөргөн кишиге Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Бийлик өкүлүнө кол көтөрүү) боюнча кылмыш ишин козгоп, камакка алган. Шаардык ИИБ башчысынын орун басары Медет Арстанбеков буларга токтолду:

- Тилекке каршы, кээде ушундай окуялар болуп турат. Ички иштер органдарынын кызматкерлерине кол салуу, баш ийбөө жана аларга зомбулук көрсөтүү фактылары бар. Кээ бир жарандар мыйзамды билип туруп ушул сыяктуу ишке барышат, бул бизди өкүндүрөт. Булар Кылмыш-жаза кодексинде көрсөтүлгөн беренелер боюнча сөзсүз жоопкерчиликке тартылат.

Тартип сакчыларына кол көтөрүү, аларга акарат айтуу сыяктуу милиция менен жергиликтүү тургундар ортосундагы уруш-талаштуу жагдайлар соңку учурда токтоосуз орун алууда. Буга себеп - орган кызматкерлеринин эл арасында кадыр-баркынын төмөндүгү дейт эс алуудагы милициянын ардагери Сейдаалы Жаналиев.

- Кыргызстан эгемендик алган жылдардан кийин милициянын коомдогу кадыр-баркы таптакыр түшүп кетти. Союз учурунда бир аймактык тескөөчү бардык айыл аймакты өзү эле тейлеп турган. Кылмыш кылса аны өзү тергеп, өзү кармап, өзү сотко жөнөтүп койчу. Азыр беш-алты милиция биригип бир кишиге алы жетпей жатпайбы. Милициянын чоңдору өздөрү коррупциялык иштерге аралашып жатат. Кызматкерлер кылмыш ишин ачып кармайт, жетекчилери болсо акчасын алып, бошотуп жиберет. Ички иштер органдарынын укуктары да кыскартылган. Каржы полициясы сыяктуу башка тармактарга бөлүп берип койгон. Анын айынан да азыр милициянын күчү жок болуп калды. Милициянын погонун жулуп, ага кол көтөргөндөр мурун үч жылга чейин соттолчу.

Абакка түшкөндү айыпкер кылуу адатпы?

Абакка түшкөндү айыпкер кылуу адатпы?

Кыргызстанда мурда соттолгон жарандарды кийин башка бир ачыла элек кылмышка айыптаган же башка бир кылмышкердин ордуна соттоп жиберген учурлар бар.

Эл аралык жана бейөкмөт уюмдар тарабынан милициянын иш-аракетине бир топ сын пикирлер айтылат. Алардын арасында кыйноо багытындагы жагдайлар да бар. Тургундарда ушул фактылардын негизинде милицияга болгон ишеним жоголушу мүмкүн дейт "Акыйкаттык" укук коргоо уюмунун жактоочусу Өткүр Жапаров.

- Былтыр өкмөттүн токтому менен Ички иштер органдарынын ишин комплекстүү баалоо принциби киргизилген. Ага ылайык эми орган кызматкерлери кылмыш иштин бетин ачканына жараша бааланбастан, коомчулук, жергилктүү тургундар тарабынан бааланат деген норма кабыл алынды. Биздин уюм жана эл аралык уюмдар милиция тарабынан кыйноолорго байланыштуу көп фактылар болуп жатканын белгилешет. Туура эмес кармоо сыяктуу фактылардын орун алышы элде милицияга карата терс көз караштын калыптануусун шарттоодо. Бирок андай болбошу керек. Анткени милиция кызматкери өзүнүн ден соолугун жана өмүрүн тобокелге салып, ушул ишке киришкен. Ошол себептүү жарандар да мыйзамга баш ийип, туура караш керек деп ойлойм.

Өткөн жылдын этегинде Бишкектин Көк-Жар жаңы конушунда такси фирмаларынын биринин айдоочулары менен милиция кызматкерлеринин ортосунда уруш чыккан. Таласта эки баласы милиция кызматында иштеген үй-бүлөнүн өкүмзордук мамилесине айылдаштары нааразылык билдирип көчөгө чыгышкан.

Милицияга кол көтөргөн адам камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:31 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG