Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Исраилов: Милицияга элдин ишенимин жогорулатуу керек


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Депутат Жанар Акаевдин суроосуна ички иштер министрлигине талапкер Улан Исраилов реформаны милиция үчүн оң жагына жүргүзүү жообун берди. Ал ошондой эле кылмыш дүйнөсү менен күрөшөрүн да ырастады.

Жанар Акаев өкмөттүн ишине ийгилик каалап, “кийин бири-бирибизди “тиги менен иштешкенсиң, муну менен кызматташкансың” деп айыптап жүрбөгүдөй болуп, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштейли”, деди.

ИИМдеги реформа, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча суроолор бүгүн парламент депутаттары тарабынан министрликке талапкер Улан Исраиловго арбын берилди. Көпчүлүк суроолорго талапкер так жооп бере албады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG