Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Партиялар гендердик саясатты сактабайт


Гүлжамал Султаналиева.
Гүлжамал Султаналиева.

Жогорку Кеңештеги гендерлик баланс ойдогудай деп айтуу кыйын. Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге талапкер болгон жана мандат алган аялдардын саны жылдан жылга азаюуда.

11-декабрда өткөн жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгы боюнча мандаттар бериле элек. Бирок серепчилер мында да аялдар аз санды түзөрүн божомолдоп жатышат.

Аялдардын шайлоого катышуусуна байкоо салган "Адам укуктары боюнча кеңештин" төрайымы Гүлжамал Султаналиева ушул темада “Азаттыкка” маек курду:

“Азаттык”: Жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодо аялдардын шайлануу укуктары, эрежелер канчалык сакталды?

Партиялар талапкерлердин тизмесине 30 пайыздык квотанын негизинде аялдарды киргизет. Бирок мандат алууга келгенде эле аялдар азайып, кээде такыр жок болуп калат.

Султаналиева: Мыйзам талаптарын сактоого аракеттер болду. Бирок шайлоо жыйынтыгында мандат алуу кандай болот, аны азырынча айта албайбыз. Бул чоң суроо. Себеби, Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча мандат бөлүштүрө элек. Мыйзам эрежелери сакталды деп айтып жатканымдын себеби төмөнкүчө: бизде талапкер көрсөтүү эки башка жүрөт эмеспи. Биринчиси - пропорционалдык багытта, башкача айтканда, саясий партиянын курамында депутаттыкка аттануу. Экинчиси - мажоритардык багыт. Адам өзүн өзү көрсөтөт. Экинчи ыкма айылдык кеңештерде колдонулат. Дал ушул багытта көйгөйлөр бар. Өзүн өзү көрсөтүү боюнча аялдар арасында абал начар.

Ал эми партиялар талапкерлердин тизмесине 30 пайыздык квотанын негизинде аялдарды киргизет. Бирок мандат алууга келгенде эле аялдар азайып, кээде такыр жок болуп калат.

“Азаттык”: Шайлоодогу гендердик теңсиздик маселеси бир топ жылдан бери көтөрүлүп келүүдө. Бирок абал жылдан жылга начарлап баратканына эмне негиз болуп жатат?

Султаналиева: Саясаттагы жараяндар, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү партиялардын турумуна жараша болот. Эмне үчүн аялдарга байланыштуу көйгөй жаралып жатат? Демек, партиялардын гендердик саясаты жок, болсо да төмөн деңгээлде. Партиялардын саясий кеңеши бул маселени көтөрбөй жаткандыктан, ушундай маселе жаралууда.

Андан тышкары, биздин коомдо “аял киши алсыз” деген түшүнүк бар. Ошондой эле эркектерге караганда аялдардын каржылык абалы жакшы эместигинен да шайлоо эрежелери сакталбай келүүдө.

“Азаттык”: 30 пайыздык квота дегенге түшүндүрмө берип кетесизби? Бул сан аялдарга гана таандыкпы?

Султаналева: Маселенин баары ушунда болуп жатпайбы. Мыйзамда партиялардын тизмесинде этностук, гендердик жана жаш курагына жараша квоталар болушу керектиги жазылган. Гендердик квотада “тизмедегилердин 30 пайызы башка жыныстын өкүлү болууга тийиш” деп айтылат. Муну биздин коом эмнегедир аялдарга гана таандык деп кабыл алышат. Чынында андай эмес. Бул эреже “тизмедегилердин 70 пайызы эркек, 30 пайызы аял же болбосо 70 пайызы аял, 30 пайызы эркек болушу керек” дегенди түшүндүрөт.

“Азаттык”: 20-декабрда Бишкекте ушул маселеге арналган форум өткөргөнү турасыңар. Бул иш-чара кандай максатты көздөйт?

Биздин коомдо “аял киши алсыз” деген түшүнүк бар. Ошондой эле эркектерге караганда аялдардын каржылык абалы жакшы эместигинен да шайлоо эрежелери сакталбай келүүдө.

Султаналиева: Жогоруда айткан көйгөйлөрдү ортого салуу үчүн тийиштүү мекеме-органдын адистерин чакырдык. Борбордук шайлоо комиссиясынан сөзсүз адамдар келет. Шайлоо өнөктүктөрү канчалык мыйзамдуу өтүп жатканын айтып берсин деп, көзөмөл органы катары Башкы прокуратурадан кишилерди чакырдык. Шайлоого байланыштуу сот иштери жөнүндө маалымат берсин деп Жогорку Соттон да адистерге чакыруу жөнөтүлгөн. Жогорку Кеңештен, өкмөттөн, президенттик аппараттан да келишет. Негизгиси, жергиликтүү кеңештерге депутат болууга талапкерлигин койгон, мандат алган же албаган аялдар да болушат. Жыйындын аягында резолюция кабыл алынып, бийликке жолдонот. Форум “Парк отелде” өтөт.

Кыргызстанда “Аялдарга жардам берүү борбору” коомдук бирикмеси бар. Алар көп жылдан бери аялдарды саясатка аралаштыруу жаатында иштерди аткарып келүүдө. Форумга аталган уюмдан да өкүлдөр келишет. Айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо жазда эле өтпөдүбү. “Аялдарга жардам берүү борбору” уюму дээрлик бир жылдан бери өнөктүккө байкоо салып келди. Анын жыйынтыгын айтып беришет.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG