Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү


Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо 214 добушкана ачылган. Алар кечки саат 20:00дө жабылды. Бүгүн 41 жергиликтүү кеңеште кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү.

БШКнын маалыматы боюнча, шайлоодогу алдын ала жыйынтыктар Ош облусунун Ноокат шаарында 53,3% менен КСДП, 17,96 пайыз менен "Элдик", 11,11% "Республика", 8,96 % менен "Замандаш" партиясы алдыда экенин көрсөтүүдө. Социал-демократтар 12, "Элдик"4, "Республика" жана "Замандаш" партиялары экиден мандат алышы мүмкүн.

Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында КСДП 52,60%, Коммунисттер 12,"Өнүгүү-Прогресс"​ 7 пайыз алды.

Чүй облусунун Кемин шаарында КСДП 32,75%, "Республика" 25,05%, "Патриот" 15,26%, Кыргызстан 11,33% алды. "Баба-Дыйкан" партиясы да шаардык кеңешке кириши мүмкүн.

Жалал-Абад шаарында "Өнүгүү-Прогресс" 26,47%, КСДП 23,17%, "Ата Журт" 13,78%, "Мекеним Кыргызстан" 13,09%, "Кыргызстан" 19,08 %, "Республика" 9 % добуш алды.

Кадамжайда "Мекеним Кыргызстан" 24,71%, "Өнүгүү-Прогресс" 19,51%, КСДП 17,74% добуш алды. Таш-Көмүр шаарында КСДП, "Өнүгүү", «Мекеним Кыргызстан» партиялары алдыга озууда.

Кара-Балтада биринчи орунда "Эламан" партиясы алдыда, КСДП экинчи, «Республика» үчүнчү орунда баратат.

Шайлдабекова: Жаңы партиялар жакшы жыйынтыкка жетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:12 0:00

Жалал-Абаддагы шайлоо

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаков "Азаттык" радиосуна комментарий берип жатып, Жалал-Абад шаарындагы шайлоодо кысым көрсөттү деп айтылгандарды четке какты:

- Менин бир тууганым ошол участкага катталган экен. Ал шайлоого катышканча деп чогуу баргам. Имарат ичине кирсем "Ата Журт" жана "Республика" партияларынын ишенимдүү өкүлдөрү өз ара айтышып жаткан экен. Буга эч ким көңүл бурбай жатат деп мага айтышканынан ошол добушкананын төрайымына талашып жаткандарды сыртка чыгарып башкалар менен алмаштырууну сунуштагам.

Ага чейин шаардагы №2115 шайлоо участкасында Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаков келип, комиссия мүчөлөрү менен ызылдашып жатканы тууралуу видео тарады. Жарандык көзөмөл комитетинин байкоочулары депутат шайлоо комиссияларына басым көрсөтүп жаткандыгын айтып чыгышкан эле. Алардын билдирүүсүндө, №3 мектепте жайгашкан шайлоо участкасында президенттик аппараттан келген эки кызматкер кайсы бир партияга үгүттөп, шайлоочуларды кысымга алып жатканы жана Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев да участканын ичинде ызы-чуу салганы да айтылган.

Жалал-Абад.
Жалал-Абад.

БШКнын аймактагы өкүлү Дамир Жүндүбаев президенттик аппараттан келген кызматкерлер боюнча маалыматы жоктугун, ал эми мэрдин милдетин аткаруучу участкаларда тынчтыкты камсыздоодо максатында иштегенин маалымдады.

БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматовдун Бишкектеги маалымат жыйынында айтышынча, бүгүнкү шайлоодо Жалал-Абад, Кара-Балта шаарларында жана Кара-Кулжа районунда айрым мыйзам бузуулар боюнча ыкчам маалымат түшкөн, бирок расмий арыздар келген жок.

Бекматов: Шайлоодогу ар бир маалымат текшерилет
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00

Жалал-Абад шаардык кеңешинде өтүп жаткан мөөнөтүнөн мурда шайлоого жети партия - КСДП, "Ата Журт", "Республика", “Өнүгүү-Прогресс”, "Бүтүн Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Мекеним Кыргызстан" партиялары ат салышууда.

Шайлоо: Жалал-Абаддагы добуш берүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:25 0:00

БШКнын соңку маалыматы боюнча, саат 17.00гө карата 109 миң 215 шайлоочу добуш берди. Бул көрсөткүч тизмеге киргизилген шайлоочулардын 40,1 пайызын түзөт.

Акыркы маалымат боюнча, Жалал-Абад шаарында шайлоочулар добуш берүүгө активдүү катышты. Ал эми айылдык кеңештер боюнча Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңеши алдыда.

Бүгүн 41 жергиликтүү кеңеште кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Шайлоочулардын тизмесине 272 миң 114 адам кирген. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, шайлоо өтүп жаткан 41 жергиликтүү кеңештин сегизи шаардык, 33ү айылдык кеңеш.

Анын 21инде кезектеги, жыйырмасында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүлөр Айдаркен, Кадамжай, Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Кара-Балта, Кемин шаарларында, кезектеги шайлоолор Ноокат жана Көк-Жаңгак шаарларында болду.

Бүгүн шайлоочулар жергиликтүү кеңештердин 811 депутатын шайлоого тийиш болгон, анын 613ү айылдык, 198и шаардык кеңештерге депутат болуп келишет. Жалпысынан 117 шайлоо округу түзүлгөн. Шайлоого катышуу үчүн өлкө боюнча 4 миң 423 талапкер катталган, анын 1872си айылдык, 2 миң 551и шаардык кеңештерге барууну көздөгөндөр.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG