Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:25

Жалал-Абад: партиялар бири-бирин айыпташат


28-майда Кыргызстандагы 41 жергиликтүү кеңеште кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы бардык аймактарда добуш берүү участоктору даяр экенин билдирди. Жалал-Абад шаарында үгүт иштеринде мыйзам бузуулар орун алып жатса, кээ бир партиялар административдик ресурс колдонулуп жатканы айтылат.

Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан беш партияга аймактык шайлоо комиссиясы эскертүү берди. Анткени "Ата Журт", "Өнүгүү-Прогресс", "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Республика" баштаган партиялар шайлоо фондунан иштетилген каражаттар боюнча өз убагында маалымат берген эмес.

БШКнын аймактагы өкүлү Дамир Жүндүбаев мындай дейт.

- Шайлоого 10 күн калганга чейин шайлоо фондунан иштетилген каражаттар боюнча кезектеги отчетун бербегени үчүн "Ата Журт", "Өнүгүү-Прогресс", "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Республика" партияларына эскертүү бердик. Мыйзамга ылайык кайсы бир партияга бир нече жолу эскертүү берилсе БШК аны карап чыгып, жоопкерчиликке тартуу боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн. Учурда бизде партиялардын бири-бирине карата дооматтары жазылган кайрылууларды БШК өзү карап жатат.

Кайра шайлоо убайымы башталды

Кайра шайлоо убайымы башталды

БШК 20дай жергиликтүү кеңеште шайлоону кайра өткөрүү тууралуу президент Алмазбек Атамбаевге сунуш жөнөттү. Ал арада Жалал-Абад шаардык кеңеш бир топ ызы-чуудан улам өзүн өзү таратуу тууралуу чечим кабыл алды.

Буга чейин да аймактык шайлоо комиссиясы үгүт жарнактарын туура эмес жерге илген деген таризде “Өнүгүү-Прогресс” баштаган төрт партияга эскертүү берген. Бирок "Ата Журт" партиясы эч бир эскертүүлөр боюнча документ колуна албаганын билдирет. Ал эми каржылык чыгым боюнча маалыматын ачыктоодо АШК алдын ала эскерткен эмес дейт партиянын шаардык штабынын жетекчиси Тагайбек Казакбаев.

- Мыйзамга ылайык 21-майга чейин биз каржылоо боюнча отчет беришибиз керек экен. Бирок алар бизден ар 10 күндө берип туруубузду айткан. Талапкерлер 3-майда катталды. Биз ошол датадан он күндөн соң 13-майда биринчи отчетубузду бергенбиз. Кийин төрт күн өткөн соң телефон аркылуу кайра сураганда 19-майда барып бердик. Эки күн мурда бизге өз убагында тапшырбадыңар деп эскертүү берип жатат. Булар өздөрү график боюнча так айтпаса, биз кайдан билмек элек? Ошол себептен биз алардын эскертүүлөрү негизсиз деп эсептейбиз.

КСДП партиясы "Өнүгүү-Прогресстин" үстүнөн Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Анткени "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмесиндеги талапкерлердин бири Бишкек шаарында каттоодо тургандыгы аныкталган. Мындан сырткары аталган партия шайлоо фондунан каржылоосу жок туруп жергиликтүү телеканалдардын биринен үгүт материалдарын берип жатканы айтылат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдужапар Бегматов бардык жагдайларды жумушчу топ териштирип жатканын айтты:

- Жалал-Абадда аймактык шайлоо комиссиясы күнүгө отурум өткөрүп, арыз-даттанууларды карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алып жатат. Административдик ресурстарды колдонуу боюнча жалпыланган сөздөр болгону менен алардын эч бири далилденген жок. БШК жана АШК бардык жагдайларды дыкат текшерип жатат. Шайлоо күнү да бизде ар бир аймакта экиден атайын топ иштейт. Алардын бири техникалык кемчиликтерди караса, экинчиси добуш сатып алуу жана административдик ресурс деген мыйзам бузуулар менен иштейт. Баары биздин көзөмөлдө болот жана мыйзамдын бузулушуна жол бербейбиз.

Депутаттардын оюну казынаны кемитти

Депутаттардын оюну казынаны кемитти

Жалал-Абад шаардык кеңеши үч айдан бери сессияга чогула албай, анын айынан кеңештин төрагасы, шаар мэри шайланбай, шаар бюджети бекибей турат.

Шаардык кеңешке шайлоо алдындагы үгүт иштеринде бийликчил партиялар административдик ресурс колдонуп жатканын "Ата Журт" партиясынын шаардык штабынын жетекчиси Тагайбек Казакбаев билдирди. Маалыматка караганда мектеп жана ооруканаларда ачык эле КСДПга үгүттөө иштери жүрүп жатат. Ал эми КСДП партиясынын шаардык штабы жогорудагы дооматтарды четке какты. Муну көптөн бери айтылып келе жаткан адат катары баалашып, ар бир бюджеттик мекемеде бардык партиялардын адамдары иштеп жатканы менен тушүндүрдү. Партиянын штабынын ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Энназаров буларды айтты:

- Бул сөздөрдүн баары куру доомат жана суу кечпейт. Бийликчил деп эле мурдатан айтылып келген болбогон соз. Азыр ресурс колдонууга мүмкүн эместигин баары түшүнүп калышты. Анткени учурда ар бир мекеме-ишканаларда ар бир партиянын өкүлдөрү бар. Эгерде кандайдыр бир мыйзамсыз иш болсо алар да айтып чыкмак. Биз да айрым партиялардын мыйзамсыз аракеттери боюнча БШКга кайрылуу бердик. Текшерип келсек баарыбыздан эле чыгат. Эгер керек болсо силерге документ менен тастыктап берем.

Жалал-Абад шаардык кеңешине мөөнөтүнөн мурда шайлоого жети партия - КСДП, "Ата Журт", "Республика", “Өнүгүү-Прогресс”, "Бүтүн Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Мекеним Кыргызстан" партиялары ат салышууда.

28-майда Кыргызстанда 33 айылдык жана сегиз шаардык кеңештерде шайлоо өтөт. Алардын жыйырмасында мөөнөтүнөн мурда добуш берүү болот. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык участоктор добуш берүүгө даяр экендигин билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG