Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Жыйырма жергиликтүү кеңеш таркатылды


Кыргызстандагы айрым жергиликтүү кеңештерди таркатуу чечими кабыл алынды. Бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыктары менен Жалал-Абад шаардык кеңеши жана 19 шаар, айыл кеңештери таркатылды.

Бул кеңештерде шайлоо эми быйыл 28-майда өтөт.

Жалал-Абад шаардык кеңеши бир нече ай созулган ички талаш-тартыштардан кийин 30-мартта өзүн өзү таркатуу чечимин кабыл алган.
Ал эми андан башка дагы 5 шаардык жана 14 айылдык кеңеш айыл өкмөт башчылары менен шаар мэрлерин шайлай албай койгонуна байланыштуу аларды таркатуу сунушун президентке Борбордук шайлоо комиссиясы жөнөткөн.

Жергиликтүү кеңештерге соңку шайлоо былтыр күзүндө өткөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG