Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

БШКдагы ич ара талаш-тартыштар


БШКда Жалал-Абад шаардык кеңешине болгон шайлоодогу мыйзам бузуу тууралуу "Ата-Журт" партиясынын кайрылуусун кароо учурунда талаш чыкты.

Аталган партия бир добушканада идентификациядан өткөн шайлоочулар менен үкөктөн чыккан бюллетендин ортосундагы айырма боюнча арызданган.

БШКнын көпчүлүк мүчөлөрү муну Мамлекеттик каттоо кызматынын техникалык катасы деп атап шайлоо документтерин кайра текшерип чыгуу сунушун колдобой коюшту.

Кайра текшерип чыгууну сунуштагандардын бири, БШКнын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматовага ишеним көрсөтпөө демилгеси да көтөрүлдү.

Соңку жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги шайлоо учурунда бир добушканадан идентификациядан өткөн шайлоочулардын санынан үкөктөгү үч бюллетень ашыкча болгон. Бул боюнча "Ата-Журт" партиясы Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган.

БШК арызды 5-майда карады. Анда төрайымдын орун басары Атыр Абдрахматова менен комиссиянын мүчөсү Назарали Арипов шайлоо документтерин ачып карап, шайлоочулардын тизмесин тешерүүнү сунуштады, бирок бул сунуш колдоо тапкан жок.

Назарали Арипов "Азаттыкка" комментарий берип жатып добуш берүүнүн жыйынтыгынан күмөн саната турган жагдайлардын баары тыкыр иликтениши керектигин билдирди:

- "Ата-Журт" партиясынын арызын карап башынан баштап иликтеп чыгалы, мунун себеби эмнеде, эмнеге мындай болду деп текшерели десек ошого уруксат бербей коюшту. Биз ушуну талаштык. Муну керек болсо жүз жолу текшериш керек. Андай болбойт деген бизде болбошу керек. Коомчулук бизге ишенгендей болушу керек. Бекиткендей болбошубуз керек. Күмөн, шек саноо болбошу керек. Арыз түшсө, ошол жерде шек саноо болсо, аны кайра текшерүүгө коюш керек. Биз тизмени карап чыгалы, бирден карайлы, себебин тактайлы десек ошондон проблема чыкпадыбы. Президенттик шайлоонун алдында мындай болгону туура эмес, мунун артынан эми ишенбестик дагы чыгат.

Соңку жагдай тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен байланышканыбызда бош эместигин айтып орун басары Абдыжапар Бегматовго кайрылуубузду сунуштады.

Шайлоодон бир көрүнүш
Шайлоодон бир көрүнүш

Бегматов Жалал-Абаддагы шаардык кеңеште шайлоодо бир добушканадан идентификациядан өткөн шайлоочулардын санынан бюллетендин көп болушун Мамлекеттик каттоо кызматынын техникалык катасы деп түшүндүрдү жана документтерди кайра текшерүүнүн зарылдыгы жоктугун айтты:

- Биз документтерди кабыл алган жумушчу документтерди текшерип чыгып добушканада үч номерди экиден кишиге берип койгонун аныктадык. Аны кайра ачып карагандын кереги жок. Эгерде негиз болсо биз ачып көрөт элек. Мен өткөн аптанын этегинде Мамкаттоого биздин жумушчу топтун кайрылуусун бердим. Мындан ары ушундай техникалык мүчүлүштүктөр кетпеши үчүн анын жоюу боюнча иш-чара өткөрүп, корутунду берилсин деп тапшырма бердик. Жумушчу топ бул боюнча иштеп жатат. Техникалык жактан негиздеме келтирилген, мындан ары эми мындай техникалык ката болбойт, биз анын баарын четтеттик деген Мамкаттоонун адистеринин чечимин биз колго алышыбыз керек.

БШКнын соңку жыйынында бул маселе каралып жатканда анын мүчөсү Алмаз Асаналиев төрайымдын орун басары Атыр Абдрахматовага ишенбестик көрсөтүү маселесин да көтөрдү.

"Ачык айткан эл душманы эмес"

Буга чейин БШКнын төрайыма Нуржан Шайлдабекова менен орун басары Атыр Абдрахматова бир топ жолу талашып-тартышкан. Былтыр жергиликтүү кеңештерге шайлоодон кийин айрым аймактарда мэр, айыл өкмөт башчысын шайлоодо чуу чыккан.

Депутаттар атайылап толук чогулбай добуш берүү үзгүлтүккө учураган, үчүнчү ирет шайлоо дайындалган, шайланган айыл өкмөт башчылары болсо бекибей турган учурлар болгон. Бул маселелер БШКда каралып көпчүлүк добуш менен кабыл алынган чечим, токтомдордун дээрлик баарына Абдрахматова каршы добуш берген.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Атыр Абдрахматова БШКнын башка мүчөлөрүнө караганда өзгөчө ой-пикирин айтканы үчүн кодуланып жатат деп эсептейт. Анын оюнча, БШКга Абдрахматованы көрсөткөн "Республика - Ата Журт" фракциясы буга байланыштуу үн катышы керек:

- Таза шайлоо өткөрүү боюнча кымындай да кынтык жок болсо, анда БШКнын жетекчилиги эмнеге Атыр Абдрахматовадан чочулашарын мен түшүнбөйм. Алар Атыр Абдрахматова шайланган күндөн тартып эле кодулап келе жатат. Анткени Абдрахматова башкаларга салыштырмалуу чындыкты айтып, БШКнын айрым иштерине тоскоолдук кылып, шайлоочулардын, жарандардын укугун коргой турган таза шайлоо системасын түзүү аракетин көрүп жаткандардын бири. Негизи эле Кыргызстанда башкача ойлонуп, башкача ой жүгүрткөн, жетекчиликке сиздин бул аракетиңиз туура эмес деп айтып койгон адамдын бардыгын эл душманы кылып ар түрдүү жолдор менен психологиялык да, моралдык да жактан басым кылып келатышат. "Республика-"Ата Журт" фракциясы Атыр боюнча өздөрүнүн адилеттүү сөзүн айтып, БШКны Абдрахматовага кысым көрсөтпөөгө чакырышы керек.

"Республика - Ата Журт" фракциясы жана анын лидери Өмүрбек Бабанов БШКнын жамаатындагы талаш-талкуу боюнча азырынча пикирин билдире элек. БШКнын азыркы курамы былтыр түзүлгөн болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG