Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

БШК шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады


28-майда жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Жалал-Абад, Кадамжай жана Айдаркен шаарларынан башка беш шаарда бийликтеги КСДП партиясы биринчи болду.

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-майда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады. Бул күнү сегиз шаардык жана 33 айылдык кеңешке шайлоо өттү.

Боршайком добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эте турган олуттуу мыйзам бузуу катталбаганын маалымдады. Байкоочулар дагы одоно мыйзам бузууларды атай элек.

БШК добушканалардын 98 пайызынан келип түшкөн маалыматтардын негизинде добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялады жана мандаттарды бөлүштүрдү. Ага ылайык, шаардык кеңештеги шайлоого жалпысынан 55,08 пайыз адам катышты. Добуш берүү боюнча Жалал-Абадда шайлоочулар активдүүлүгүн көрсөттү, башкача айтканда 64 пайызды түздү. Эң аз катышканы Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаары болуп, жалпы шайлоочулардын 27,8 пайызы добуш берүүгө келген. Андан кийин Баткен облусунун Айдаркен шаары менен (37,1) Ош облусунун Ноокат (39) шаары болду. Добуш бергендер Кара-Балтада 61,06, Кеминде 58,1, Таш-Көмүрдө 51,8, Кадамжайда 48,9 пайызды түздү.

Ноокат шаарында беш партия шайлоого катышты жана 53,6 пайыз добуш менен КСДП партиясы биринчи болду. Андан кийин "Элдик-Народная" партиясы 17,96 пайыз, "Республика" партиясы 11,11, "Замандаш" партиясы 8,96 пайыз алды. Жыйынтыгында КСДП 12, "Элдик-Народная" 4, "Республика" менен "Замандашка" 2ден мандат тийди. Дагы бир мандат кол менен саноодон кийин кайсы бир партияга берилет.

Көк-Жаңгак шаарында КСДП, 52,60, Кыргызстан коммунисттери партиясы 38,25, "Өнүгүү-Прогресс" 7,37 пайыз добуш топтоду, Натыйжада КСДП 11, Кыргызстан коммунисттери 8, "Өнүгүү-Прогресске" 1 мандат берилди. Дагы бир мандат добуштар кол менен саналып чыккандан кийин партиялардын бирине берилет.

Кемин шаарында да КСДП партиясы алдыга чыкты жана 32,75 пайыз добуш алды. Экинчи орунда "Республика" 24,5 пайыз, "Патриот ынтымагы" 15,26, "Кыргызстан" 11,33, "Баба дыйкан" фермерлер жана жыйындар партиясы кириши мүмкүн. Бул партиялар жети пайыздык чектен ашты жана 7,98 пайыз добуш алды. КСДП партиясы 7, "Республика" 5, "Патриот ынтымагы" 3, "Кыргызстан" 2, "Баба дыйкандарга" бир мандат тийиши мүмкүн. Эки мандат добуштарды кол менен саноодон кийин бөлүнөт.

Кара-Балтада шаардык кеңеш жети партиядан куралмай болду. Тактап айтканда КСДП алдыга чыгып 19,84 пайыз добуш алды. Андан кийин 14,59 пайыз добуш менен "Эламан" партиясы турат. "Мекеним Кыргызстан" 12,4, "Республика" 11,89, "Ак шумкар" 10,35, "Элдик-Народная" 9,43, "Кыргызстан" 7,29 пайыз добушка ээ болду.

Жалал-Абад шаардык кеңеште биринчи орунга 26,47 пайыз добуш менен "Өнүгүү-Прогресс" партиясы чыкты. КСДП 23,17, "Ата Журт" 13,78, "Мекеним Кыргызстан" 13,09 пайыз, "Кыргызстан" 10,2, "Республика" 9,56 пайыз добуш алды. Мындан улам "Өнүгүү-Прогресске" 8, КСДПга 7, "Ата Журт" менен "Мекеним Кыргызстанга" 4, "Кыргызстан" менен "Республикага" 3төн мандан тийиши мүмкүн. Дагы эки мандат добуштар кол менен саналып бүткөндөн кийин кайсы партияга берилери такталмакчы.

Кадамжайда биринчи орунга "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы чыкты. Бул партияга шайлоочулардын 24,71 пайызы добуш берди. "Өнүгүү-Прогресс" 19,51, КСДП 17,34, "Республика" 11,5, "Кыргызстан" 8,67, "Ата Журт" 8,26 пайыз добуш топтоду. "Мекеним Кыргызстанга" 5, "Өнүгүү-Прогресске" 4, КСДПга 2, "Республикага" 2, "Кыргызстан" менен "Ата Журтка" бирден мандат тиет. Мындан башка төрт мандат добуштар кол менен саналгандан кийин белгилүү болмокчу.

Добуштарды алдын ала эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча Таш-Көмүр шаардык кеңеши алты партиядан куралмакчы. КСДП 22,50, "Республика" 21,20, "Мекеним Кыргызстан" 17,57, "Өнүгүү-Прогресс" 14,44, "Ата Журт" 9,88 "Таш-Көмүр жаштары" 7,48 пайыз добуш топтоду. КСДП менен "Республикага" 7 мандат, "Мекеним Кыргызстанга" 5, "Өнүгүү-Прогресске" 4, "Ата-Журтка" 3, ал эми "Таш-Көмүр жаштарына" 2 мандат тиет. Калган эки мандат добуштар кол менен саналып бүткөндөн кийин бөлүштүрүлөт.

Айдаркен шаарында "Мекеним Кыргызстан" 22,57 пайыз менен алдыга чыкты. "Республика" 20,8, КСДП 18,97, "Ата Журт" 14,29, "Өнүгүү-Прогресс" менен "Жаңы-Доор" 7,71 пайыз добуш топтоду. Натыйжада "Мекеним Кыргызстан" менен "Республикага" 5тен, КСДПга 4, "Ата Журтка" 3, "Жаңы доорго", "Өнүгүү-Прогресске" бирден мандат тиет. Калган эки мандат добуштар кол менен саналгандан кийин берилмекчи.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул шайлоо саясий түзүмдүн өзгөрүп жатканын көрсөткөнүн белгиледи:

- Өзүңөр көргөндөй партиялар боюнча абдан кызыктуу маалыматтар келип жатат. Жалпысынан 22 партия катышты. Алардын ичинен 14 партия бирден гана шаардык кеңешке тизмелерин берди. Эки партия - КСДП менен "Өнүгүү-Прогресс" бардык сегиз шаардык кеңешке тең катышты. "Республика" Көк-Жаңгак шаарынан башка бардык шаардык кеңешке, "Мекеним Кыргызстан" менен "Кыргызстан" беш шаардык кеңешке шайлоого катышты. Айрым шаарларда биринчи жолу шайлоого катышып жаткан партиялар жакшы жыйынтыккка жетип эл ишенимине ээ болушту. Мисалы, Кыргызстан коммунисттер партиясы Көк-Жаңгакта экинчи орунда алышты. Бул шайлоолор саясий күчтөрдүн структурасынын өзгөргөнүн көрсөтүп жатат.

Шайлдабекова: Жаңы партиялар жакшы жыйынтыкка жетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:12 0:00

Шайлоого "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы байкоо жүргүздү. Уюмдун жетекчиси Азамат Адилов олуттуу мыйзам бузуу болбогонун билдирди:

- Биздин байкоо боюнча күндүз интернетке жарыяланган эки видеону эсептедик. Мыйзам боюнча добушканага бөтөн адамдар кирбеши керек. Коммиссиянын мүчөсү бир шайлоочуга тизмеде болбосо деле бюллетень берген учур да болду.

Талаштуу жагдайлар Жалал-Абад шаардык кеңешке шайлоодо катталды. Интернетке Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковдун комиссия мүчөлөрү менен талашып-тартышып жатканы тартылган видеотасма жарыяланды. Депутат "Азаттыкка" комментарий берип жатып шайлоодо басым көрсөттү деген дооматты четке какты:

- Менин бир тууганым ошол участкага катталган экен. Ал шайлоого барганда чогуу баргам. Имарат ичине кирсем "Ата Журт" жана "Республика" партияларынын ишенимдүү өкүлдөрү өз ара айтышып жаткан экен. Буга эч ким көңүл бурбай жатат деп мага айтышканынан ошол добушкананын төрайымына талашып жаткандарды сыртка чыгарып башкалар менен алмаштырууну сунуштагам.

Жалал-Абад шаарындагы №3 мектепте жайгашкан добушканада мэрдин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев ызы-чуу салганын айтып чыгышкан.

БШКнын мүчөсү Адыжапар Бекматов Жалал-Абад, Кара-Балта шаарларында жана Кара-Кулжа районунда айрым мыйзам бузуулар боюнча ыкчам маалымат түшкөнүн, бирок расмий арыздар келбегенин билдирди:

- Биз чыккан маалыматтарды жөн калтырбастан өзүбүздө түзүлгөн жумушчу топтор менен барып, анализ кылып көрдүк. Мэрдин милдетин аткаруучу шайлоо комиссиянын материалдык жактан камсыз болушун карап барганда добушканага кирген экен. Аймактык шайлоо комиссияларынан тиешелүү түшүнүк каттар алынды. Бирок байкоочулар жана шайлоочулар тарабынан алардын таасири тууралуу арыз, даттануулар болгон жок. Кызмат адамдары ошол добушканада шайлоочу катары катталган учурда гана киргенге укугу бар. Бул боюнча да биз керек болсо кызматтык териштирүүгө чейин барабыз. Кызмат адамдары шайлоонун уюштурулушун, материалдык-техникалык жактан камсыздоо учурунда гана шайлоо комиссияларына жардам бериши керек. Башка убакта шайлоо комиссиясынын төрагасы же катчыларынын суранычы менен же укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан чакырылышы мүмкүн.

Бекматов: Шайлоодогу ар бир маалымат текшерилет
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00

Соңку жергиликтүү кеңештерге шайлоо былтыр 11-декабрда өткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG