Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:06

Апта: Шайлоо дүбүртү, “Ата Мекенге” чабуул...


Кыргызстанда президенттик шайлоо 19-ноябрда болору алдын ала айтылды.

Узап бараткан жумада Кыргызстанда президенттик шайлоонун датасы аныкталды. Республиканын Евразия экономикалык биримдигинин дагы бир техникалык талабына эч кандай даярдыгы жоктугу айгине болду. Америка-Орусия мамилесинде окчундоо риторикалары пайда болду.

Президенттик шайлоонун датасы анык болду

Кыргызстанда президенттик шайлоо 19-ноябрда болот. Бул тууралуу 15-февралда президент Алмазбек Атамбаев менен БШКнын жетекчиси Нуржан Шайлдабекованын жолугушуусунда айтылды.

Президенттик шайлоого даярдыктар активдүү фазасына өтө баштады. Буга чейин “Ак шумкар” партиясы Темир Сариевдин, “Өнүгүү-Прогресс” Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин көрсөтсө, 14-февралда Жогорку Кеңештеги ири оппозициялык фракция “Республика-Ата Журт” өз лидери Өмүрбек Бабановдун президенттикке талапкерлигин бир добуштан колдогону жарыяланды.

Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

КСДПдан да талапкер боюнча шек-шыбаалар чыгып, бийлик партиясы Кыргыз-орус фондунун башчысы Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин карап жатканы айтылды. Бул маалыматты Кулматов өзү да, КСДПнын айрым өкүлдөрү да ырастаган жок, бирок бир беткей четке да каккан жок.

КСДПнын президенттикке ыктымал талапкерлеринин арасында орчундуу мамлекеттик кызматтарда турган Сооронбай Жээнбеков, Чыныбай Турсунбеков, Кубанычбек Кулматов, Иса Өмүркулов аталып келатат. Бирок бийлик партиясынын кадрдык куржунунда президенттик амбициясын эч байкатпаган, кичи пейилдигинен жазбаган президенттин кеңешчиси Калык Султанов да бар. Ал акыркы мезгилде президенттин жанынан чыкпай, сырткы сапарларында да коштоп жүрөт. Икрам Илмияновдун ордуна келген Султанов андан да таасирлүү фигурага айланганы айтылууда.

Президент Алмазбек Атамбаев 16-февралдагы Брюсселге сапарында да аны кеңешчиси Калык Султанов коштоп жүрдү. Атамбаев өзү Европа Биримдигинин лидерлерин "мураскер" болбойт деп ишендирүүгө аракет жасады.

Президенттик дымагын билдирип келаткан оппозициялык саясатчылардын тобу болсо, дүйшөмбү күнү атайын форумга чогулуп, күзгү президенттик шайлоону таза жана адилет өткөрүү, "мураскерликке" жол бербөө маселесин талкуулашты.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев бийлик "мураскер операциясын" жүргүзбөй койбойт дейт:

- “Мураскер операциясы” болбойт деген бул - жомок. Бийликтин табияты ошондой. Кетип жаткан бийлик өзүнө ыңгайлуу, анын салтын уланта турган, өзүн ревизия кылбай турган күчтү алып келгенге аракет кылат. Бийликте болсоңуздар, балким, сиздер да ошону кылмаксыздар.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров "мураскер операциясы" өткөрүлө турган болсо, оппозициянын шансы жок болорун эскертти:

- Себеп мыйзам бүгүн колго алгыс мыйзам. Бүгүн мыйзамда шайлоону Борбордук шайлоо комиссиясы эмес, Мамлекеттик каттоо кызматы өткөрөт. "Мураскер" деген түшүнүк менен шайлоо өтө турган болсо, бир эмес, канча киши талапкер болуп чыкса да маңдайыңа (президенттик) эч качан жазылбайт.

Тактыга талпынгандар көп

Президенттик шайлоо жакындаган сайын бийлик партиясындагы кызыкчылык топторунун ортосунда айыгышкан, тымызын кармаш күч алды.

Форумда эл ишениминдеги өкмөт түзүү, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн толук жаңылоо сыяктуу сунуштар ортого салынды.

Кыргызстанда шайлоону Борбордук шайлоо комиссиясы гана эмес, Мамлекеттик каттоо кызматы да кошо өткөргөндөй аңтар-теңтер көрүнүш республиканын бийлик системасында да өкүм сүрүп келатат эмеспи.

2010-жылкы Конституция бийлик бутактарынын тең салмактуулугун камсыздай алган жок. Конституциялык ыйгарым укуктары формалдуу чектелгенине карабай президент Алмазбек Атамбаев Аскар Акаев, Курманбек Бакиев мезгилиндей эле баарын көзөмөлдөп, тескеп турат. Өткөн жылы референдумда кабыл алынган өзгөртүүлөр бул “бузук” көрүнүштү түзөп кетери өтө күмөндүү.

Мына ушул “бузук системанын” айынан өлкөдө натыйжалуу башкаруу, жоопкерчиликтүү жетектөө эмес, “падышалык кылуу” өкүм сүрүүдө. Мындай система “падышалык” доор сүргөн азыркы бийлик башчысына да, андай “падышалыкты” көксөгөн азыркы ондогон талапкерлерге да ыңгайлуу. Кыязы, ошон үчүн жоопкерчилик түздөн-түз премьер-министрге жүктөлгөн Европанын көп өлкөлөрүндөгүдөй таза парламенттик башкарууга же АКШ үлгүсүндөй таза президенттик башкарууга өтүүнү эч ким көтөрбөйт.

Өкмөт өйдө кылалбаган лабораториялар

Кыргызстанда бийликтин натыйжасыздыгы, өкмөттүн чабалдыгы Евразия экономикалык биримдигине кирүүдө дагы бир айкындалды. Президенттин сүрөөнү менен, өкмөт эч кандай даярдыксыз Евразия экономикалык биримдигине өлкөнү алып киргени өткөн жылы эле фитосанитардык, ветеринардык лабораториялардын жоктугунан көрүнгөн. Ал кемчиликтен кыргызстандык өндүрүүчүлөр, дыйкан-фермерлер жабыркап келатканы белгилүү.

Быйыл жыл башынан Евразия экономикалык биримдигинин автоунаалардын техникалык коопсуздугу боюнча регламенти күчүнө кирип, республика ага даярдык көрүүгө бир жыл убакыт сурап алганга карабай, эч нерсе даяр эмес болуп чыкты.

Экономика министринин орун басары Алмазбек Сазбаков өкмөттүн аны аткаруу үчүн эч нерсе жасабаганын айтуудан баш сөз таппады:

- Ал 2016-жылдын 12-февралында күчүнө кирген. Биз уюмга кирип жатканда өткөөл мезгил үчүн бир жыл сураганбыз. Анткени бизде лабораториялар жок болуп, аларды курууга бир жыл сураганбыз. Быйыл ошол мөөнөт бүтүп, быйыл 12-февралда күчүнө кирди. Эми ошол күчүнө киргенде базарда машина саткандар абдан кыжалат болушту...

Өкмөттүн жоопкерсиздигинен жарандар 12-февралга чейин автоунааларды каттап калыш үчүн аябай жаналакетке түшүп, кезекке туруп убара чекти. Айласы кеткен өкмөт техникалык регламенттин күчүнө кирүүсүн бир айга дагы созду. Бирок бир жылда даяр болбогон лабораториялар бир айда даяр болорун айтуу кыйын.

Евразия экономикалык биримдигинин фитосанитардык, ветеринардык, унаа коопсуздугунан сырткары ондогон техникалык регламенттери быйыл күчүнө кирери Бишкекте атайын форумда айтылды. Аларга даярдык да “кудай сактасын” дегендей абалда экени айкын болду.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев биримдиктин техникалык регламенттеринин ишке кирүүсү менен республика чоң кыйынчылыкка туш болорун эскертти:

- Быйылкы жылы 12-августта таңгактоо (упаковка) боюнча техникалык регламент күчүнө кирет. Таңгактоо, мунун мааниси өтө чоң! Биздин азыр товарлар Орусия, Казакстан, Беларуска жана Арменияга өтүш үчүн таңгактоо жөнүндөгү техникалык регламентке туура келиши керек. Ага туура келбесе өтпөйт. Биз ага даярбызбы?

Бул суроого фитосанитардык, ветеринардык жана автоунаалардын коопсуздугу боюнча лабораториялар жоктугу жооп берип турат. Бишкектеги форумга катышкан Орусиянын өкүлү да кыргыз бийлигинин бечелдигин сынга алды.

Мурунку жана азыркы депутаттарга козголгон кылмыш иштер...

Узап бараткан жума ошондой эле чуулгандуу соттук териштирүүлөр жана күтүүсүз кылмыш иштери менен коштолду. Аламүдүн районунда 262 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялоо боюнча Карганбек Самаков баш болгон мурунку бийлик учурундагы өкмөт башчы Игорь Чудинов, анын биринчи орун басары Искендербек Айдаралиев жана башкалардын соттук териштирүүсүндө мамлекеттик айыптоочу-прокурор үй-мүлктөрүн конфискациялоо менен Самаковду 19 жылга, берки экөөнү 11 жылга эркинен ажыратууну сурады.

Игорь Чудинов, Искендербек Айдаралиев жана Карганбек Самаков.
Игорь Чудинов, Искендербек Айдаралиев жана Карганбек Самаков.

Республикада жерди трансформациялоо жергиликтүү бийликтин макулдугу менен өкмөт тарабынан чечилет. Бул жерде баары ошондой жасалган. Жер трансформациялоодогу ал формалдуулуктар сакталган менен “кийиз казыкты жерге киргизген барскан” же 262 гектар жерди тилкелеп сатыкка чыгаруунун “машакатын” Жаныш Бакиев президент агасынын доорунда ишке ашырганы маалым. Ошого жараша аларды да 18 жылга кесүүнү прокуратура соттон сурады. Бул иш боюнча соттук териштирүүлөр уланып жатат.

Башкы прокуратура узап бараткан жумада Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Музаффар Исаковго кылмыш ишин козгогону маалым болду. Ал Сузак районунда айыл өкмөтүн башкарып турган убакта 14 гектардан ашуун жерди сатып жиберген деп айыпталды.

Прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Алмамбет Абдыраманов ар бир жер тилкеси 3 миң долларга чейин сатылганы аныкталганын 14-февралда билдирди:

- Айыл чарба багытындагы 14,34 гектар жер тилкесин жеке турак үй куруу үчүн 315 мыйзамсыз токтом чыгарган. Текшерүү учурунда кээ бир жарандар ар бир жер тилкесин 1500-3000 долларга чейин сатып алдык деп түшүндүрмө беришкен.

Башкы прокуратура КСДП мүчөсүнө кылмыш ишин козгоп жатканда оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматовго иш козголгону 17-февралда маалымдалды. Башкы прокуратура Шыкмаматов 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган мезгилде тендер боюнча мыйзамды бузган деп айыптады. Кылмыш иши коррупция беренеси боюнча козголгондуктан “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү парламенттен уруксат суралбай кармалышы ыктымал. Прокуратуранын маалыматы боюнча, тендер жасалма өткөрүлгөн, анда Шыкмаматовдун аялынан Эсептөө палатасына автоунаа сатылып алынган.

“Ата Мекен” партиясынын лидерлери Шыкмаматовго кылмыш ишинин козголушун саясий куугунтук катары баалашты. Шыкмаматов өзү мындай түшүндүрмө берди:

- Эсептөө палатасы тендер жарыялаган, ал тендерди фирма уткан. Эсептөө палатасына унааларды фирма саткан. Чечимди мен эмес, жети адамдан турган комиссия кабыл алган. Фирма Эсептөө палатасына төрт унаа саткан. Аялым эмес, фирма саткан. Ал фирма ошол унаалардын бирин качандыр бир убакта аялымдан сатып алган экен. Эң негизгиси, ошол сатылып алынган төрт унаанын ичинен аялыма таандык болгон машинанын абалы азыркы күнгө чейин жакшы. Өзүнүн баасына жооп берген машина. Демек мамлекетке чыгым болгон эмес. Бул УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин эле жоругу. Эми азыр муну мыйзамдаштырып, КТРден күнүгө айтып, каралоо башталат.

“Ата Мекен” фракциясынын дагы бир мүчөсү, мурунку Аида Саляновага да кылмыш иши козголуп, УКМКда сурак берип жүрөт.

“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев да узап бараткан жумада Башкы прокуратурага көрсөтмө берип чыкты. Ал Кипрде Алмазбек Атамбаевдин жакындарынын акча-байлыгы тууралуу маалымат таптым деген сөзү үчүн прокуратурага чакырылган. Ошентип “Ата Мекен” партиясы бийликтин болуп көрбөгөндөй басымында калды.

АКШ-Орусия: жакындашуу жана окчундоо...

Узап бараткан жумада Дональд Трамп президенттикке киришкенден бери биринчи жолу Америка-Орусия мамилесинде “аба ырайы” бузулуп, риторикалар терс жагына өзгөрдү.

Бул өзгөрүүнүн себеби АКШнын ички саясий абалына барып такалат. Президент Трамп кызматка киришкенине бир ай болуп-болбой жатып командасында орчундуу жоготууга учурады. Президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Флинн кызматынан кетүүгө аргасыз болду. Ал кызматына кирише элек жатып АКШдагы Орусиянын элчиси Сергей Кисляк менен Орусиядан санкцияларды алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн деп айыпталды. Президент Трамп Флинн орус элчиси менен сүйлөшүүсүндө чектен чыккан эч нерсе болбогонун, болгону санкциялар жөнүндө сүйлөшкөнү тууралуу вице-президент Майк Пенске толук маалымат бербегендиги үчүн кызматынан кеткенин билдирди. Трамптын администрациясы Флинндин кетүүсүндө мыйзам бузуу эмес, ишеним маселеси негизги роль ойногонун белгиледи.

Майкл Флинн.
Майкл Флинн.

Флинндин орус элчиси менен байланышы Конгрессте жана коомчулукта катуу талкуу жаратып, айрымдар Дональд Трамптын командасын шайлоо өнөктүгү учурундагы Орусиянын атайын кызматтары менен байланышын иликтөө талабын көтөрдү.

Мына ушундай ички татаал саясий кырдаалдан улам Трамптын администрациясы Кремлге карата риторикасын катаалдантуу багытына өзгөрттү. Биринчи белги Трамптын маалымат катчысы Шон Спейсер тарабынан берилди. Ал президент Трамп Крымды кайтарууну Орусияга так туюнтканын 14-февралда билдирди:

- Президент Трамп Украинада жаңжалды токтотуу жана Крымды кайтарууга Орусия бийлигине ачык белги берди.

Дональд Трамп өзү Твиттерге “Крымды Орусия Барак Обаманын тушунда басып алган, Обама анда жумшактык кылганбы?” деп жазып, сынчы оппоненттерине маселе койду.

Бул окуяларга удаалаш Брюсселде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны болуп, анда АКШнын коргоо министри Жеймс Маттис “АКШ Орусия менен күч позициясы менен сүйлөшөт” деди.

Албетте, Кошмо Штаттардын чыккан мындай “күтүүсүз пикирлерге” Орусиядан өзүнө жараша жооп болду.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Крым маселесин Орусия эч ким менен талкуулабайт деди:

- Крымды кайтарууга келгенде, бул тема талкууланбайт. Анткени ал талкууланбайт. Орусия өзүнүн территориясына байланыштуу маселени чет өлкөлүк өнөктөр менен талкуулабайт.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу болсо, АКШнын коргоо министрине жооп кылып, “Орусия менен күч позициясында сүйлөшүү келечексиз” деди. Президент Путин да бул сөз “тирешүүсүнө” аралашып, “батыш ар дайым чагым жасап, бизди конфронтацияга тартууга аракеттенүүдө. Ички ишибизге кийлигишүүнү токтотпой жатат” деп чабуулга өттү.

Трамптын бийликке келиши менен АКШ-Орусия мамилеси оңолот деген илгери үмүттөр мына ушундай каршы-терши кайым-айтышууларга туш болду. Бирок АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун 16-февралда Бонндо биринчи жолку жолугушуусу, тараптар конфронтация эмес, орчун маселелер боюнча диалогго киришин кабарлады.

Ал сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Тиллерсон Орусия өзүнө алган милдеттенмелерди аткарышы керек, Украинада зордук-зомбулукту кыскартуу үстүнөн иштеши керек десе, Лавров жолугушууну жемиштүү деп атап, эки тарап террорчулукка каршы күрөштө, Сирия кризисин чечүүдө кызматташууда окшош көз карашта болгонун белгиледи.

Бир жагынан бири-бирин окчундаткан келишпестик риторикасы, экинчи жагынан дипломатиялык сүйлөшүүлөр менен АКШ-Орусия дүйнө көңүлүн өзүнө буруп турат. Бул жараян кайсы жагына көбүрөөк ооп кетишин айтууга эч ким даабай турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG