Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Төрөбаев президенттик жарышка кошулду


Бакыт Төрөбаев
Бакыт Төрөбаев

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев президенттик жарышка катышат. Бул тууралуу партиянын Бишкекеги маалымат жыйынында белгилүү болду.

Төрөбаевди президенттик шайлоого талапкерлигин партия мүчөлөрү бир добуштан колдошту. Саясатчылар “Өнүгүү” партиясы кыска аралыкта ийгиликке жетишип келатканын айтып, бирок президенттик шайлоо алар үчүн чоң сыноо экенин ырастоодо.

Бакыт Төрөбаевдин президенттик жарышка катышары буга чейин эле коомчулук арасында айтылып келген. Өз сөзүндө Төрөбаев ал жетектеген партия кыска аралыктын ичинде ири жеңиштерге жеткенин айтып, партия өкүлдөрү өлкөнүн 22 жергиликтүү кеңеште депутат болгонуна токтолду.

Чукул арада “Өнүгүү-Прогресс” жергиликтүү аттан арылып, республикалык партияга айланганын белгилеген Бакыт Төрөбаев эл ишеничин актоо үчүн президенттик шайлоодо жеңишке жетүү милдети турганын билдирди.

- Биз өз күчүбүз менен ушул деңгээлге жеттик. Биз өстүк. Эл бизге үмүт артып жатат, биз алардын ишеничин акташыбыз керек. Ошондуктан, урматтуу партиялаштар, кыргыз элинин уулу катары, азыркы муундун өкүлү катары мен Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын келаткан президенттик шайлоосуна катышарымды расмий билдиргим келет.

Төрөбаев: Четте турбайлы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00

Мигранттарды колго алуу аракети

Экономикалык багытка токтолгон Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын рыногу ЕАЭБга багытталышы керек, ал эми тышкы саясатта болсо Кыргызстан Кытай менен кызматташтыкты жетиштүү деңгээлде колдоно албай жатканын белгиледи. Саясый чөйрөдө ал премьер-министрдин укуктарын күчөтүүнү колдойт жана Орусия стратегиялык шерик бойдон калат деп билдирди.

Орусия демекчи, Бакыт Төрөбаев ал жактагы кыргызстандыктардын добуштарына ээ болууну алдын ала ойлоно баштагандай. Анткени партиянын “Өнүгүү” фонду мигранттар менен тыгыз иштеген “Замандаш” ассоциациясы менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол койгону маалым болду. Бул туурасында партия жыйынында “Замандаш” ассоциациясынын өкүлү Азамат Айтбаев билдирди.

- Чет өлкөдө жүргөн мигранттар булар жөнөкөй кыргыз үй-бүлөсүнөн чыккан элеттик жарандар. “Замандаш” ассоциациясы башка өлкөдө алардын укуктарын коргоп жүрсө, “Өнүгүү” коомдук фонду аларды жер-жерлерде колдоп жүрөт. Андыктан биздин ой-максаттарыбыз жана биргеликте иш алып баруубуз оң деп эсептейбиз.

Азамат Айтбаев жана Бакыт Төрөбаев.
Азамат Айтбаев жана Бакыт Төрөбаев.

Өзгөргөн план, компроматтар согушу

2016-жылдын апрель айында “Азаттыкка” курган маегинде Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоого катышууга ниети жок экенин, 2020-жылкы парламенттик шайлоо ал үчүн маанилүүрөөк экенин билдирген. Эми арадан бир жыл толук өтпөй, Төрөбаев алгачкылардан шайлоого камына баштады.

Саясат талдоочу Бакыт Сейитбаевдин пикиринде, Төрөбаев жана анын партиясынын рейтинги өсүүнүн үстүндө келаткандыктан жана акыркы жергиликтүү кеңеш шайлоосундагы жеңиштери ага кошумча ишеничти алып келди.

- Жогорку Кеңеш жана жер-жерлердеги шайлоодо партия өзү күтпөгөн ийгиликтерге жетише алды. Мындан башка Төрөбаевдин артыкчылыгы айыл эли менен көбүрөөк иштешип жатат. Ошондуктан партиялаштары дагы анын мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып, өз күчүн сынап көргөнү шайлоого баратат.

Президенттик шайлоого тогуз айга чукул убакыт бар экенине карабай талапкерлер эмитеден эле жарышка камдана баштаганы быйылкы шайлоонун кызыл чеке талаш менен өтөрүнөн кабар берип жатканын экс-премьер-министр Турсунбек Чынгышев “Азаттыкка” ырастады. Ал кошумчалагандай, жарышка чыкчу талапкерлердин жеңүүгө мүмкүнчүлүгү бирдей болуп тургандыктан, компроматтар согушу жана акчанын күчүнө үмүт арткан көрүнүштөр болот.

- Компроматтар, албетте, чыгат. Бир чети чыгып турганы деле жакшы, эл билсин кимдин-ким экенин. Бирок, ошол маалыматтар чындыкка негизделген компроматтар болушу керек. Талапкер болом дегендин каражаты да болушу керек жана ал бир гана үгүт иштерине жумшалса жакшы болмок. Бирок, акыркы шайлоодо көрдүк, эл арасында акча талап кылгандары да, каражат сунган партиялар да бар экен. Ошондуктан бул шайлоодо деле акча алуу, таратуу деген көрүнүштөр болот. Андыктан элибиз талапкердин абийирине, программасына карап тандап алып, терс көрүнүштөргө жол бербегенге аракет кылышыбыз керек.

Текебаев Төрөбаевди колдойбу?

“Өнүгүү-Прогресстин” лидери Бакыт Төрөбаев өзү да талапкерлерди каралоо жана бийлик тараптан административдик ресурс колдонулушу мүмкүндүгүн айтууда. Андыктан шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизип, административдик ресурска жазаны күчөтүү менен таза шайлоо өткөрсө болорун билдирди.

Өткөн жылдын этегинде болгон жергиликтүү кеңештин шайлоосунда “Ата Мекен” партиясы “Өнүгүү-Прогрессти” Бишкек шаардык кеңеши үчүн шайлоодо колдоп чыккан. Мындан улам Бакыт Төрөбаевди президенттик шайлоодо да “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев сүрөй турганы жоромолдонуп жүрөт. Бирок Төрөбаев азырынча Текебаев менен президенттик шайлоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрө электигин айтып, ошол эле учурда башка партиялар менен биригүү боюнча сүйлөшүү процесстери жүрүп жатканын кыйытты.

4-февралда “Ак шумкар” партиясы президенттик шайлоого катышууга Темир Сариевге батасын берген. “Өнүгүү-Прогресс” шайлоого катышууга расмий талапкер чыгарган экинчи партия болуп калды.

44 жаштагы Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад шаарында төрөлүп, 1999-жылы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн. 2007-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келип, 2009-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеген.

2010-жылы “Республика” партиясынын катарында депутат болуп келип, вице-спикерлик кызматка чейин көтөрүлгөн. 2013-жылы “Өнүгүү” партиясын түптөп, жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна өз алдынча катыша баштаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG