Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Жээнбеков: "Мураскерликке" жол бербейбиз


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Кыргызстанда быйыл президенттик шайлоо өтөт. Ага азыр ачык да, тымызын да даярдыктар жүрө баштады.

“Ак шумкар” партиясы өзүнүн лидери Темир Сариевди президенттик шайлоого талапкер кылып көрсөтсө, "Республика-Ата Журт" фракциясы президенттик шайлоонун күрөөсүн 300-500 млн сомго чейин көтөрүүнү сунуштап чыкты. Өлкөдөгү саясий окуялар жана жүрүштөр тууралуу, саясатчы жана коомдук ишмер Равшан Жээнбеков "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Равшан мырза, быйыл президенттик шайлоо өтөт. Ага даярдыктар жүрө баштады. Күрөөнү көбөйтүү сунушу социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратууда. Айрымдар бул чара президенттикке талапкерлерди электен өткөрөт дешсе, кээ бирөөлөр адам укугуна каршы келе турганын айтышууда. Сиздин пикириңиз кандай?

Жээнбеков: Күрөөнү 500 млн сомго көтөрүү туура эмес. Мамлекет жөнөкөй адамга эсептелет. Дарылануу, билим алуу сыяктуу эле саясат да биринчи кезекте жөнөкөй адамга эсептелиши керек. Ал эми жөнөкөй адамда анчалык көп акча жок. Бизде ансыз деле парламент олигархиялык парламент болуп калды. Эми президент да олигархтардан болсо, анда бул мамлекетте жөнөкөй адамга жашоо жок болуп калат.

"Азаттык": Мындай ири сумма айрым бириндеген талапкерлердин биригүүсүнө алып келмек деген ойлор бардай...

Жээнбеков: Мен талапкерлерди акча менен тескөө мүмкүн эмес деп айтар элем, кимдин ким экенин шайлоочулар өздөрү тескеп алышат. Эгерде 500 млн сом күрөө кыла турган болсок, анда шайлоо өткөрбөй эле, байларды алпарып, бийликке отургузуп коелу. Интернетте сунуштап жатышкандай, акчасы көп бирөөнү Кыргызстандын тышкы карызын төлөтүп, анан президент кылып алалы. Шайлоо деген бул атаандаштык, шайлоо деген жөнөкөй адамдын да укугу. Шайлоо - акча маселеси гана эмес, көптөгөн жыйындылардын чогулушу болуп эсептелет.

"Азаттык": Ошол эле учурда азыркы шайлоо системасына ишенбөөчүлүк билдиргендер бар. Президенттик шайлоого чейин аны өзгөртүү сунушу да айтылып жатат?

Жээнбеков: Туура айттыңыз. Парламентке кирбей калган оппозициялык саясатчылар, көз карандысыз саясатчылар биригип, сүйлөшүп жатабыз. Жакында тегерек үстөл жыйынын өткөрүп, эки маселени көтөрөбүз. Биринчиси - ошол шайлоо системасы. Бүгүнкү шайлоо системасы толугу менен жараксыз экенин парламенттик шайлоо көрсөттү. Президенттик шайлоого биз шайлоо системасын толугу менен кайра иштеп чыгуубуз керек. Шайлоо эгемен күчтөрдүн көзөмөлүндө өтүүгө тийиш.

Экинчиси - президенттин “мураскер” деген идеясына каршы иштейбиз. Анын саясатын уланта турган кишинин кайрадан мамлекет башына келүүсүнө жол бербейбиз.

Күрөөнү 500 млн сомго көтөрүү туура эмес. Мамлекет жөнөкөй адамга эсептелет. Дарылануу, билим алуу сыяктуу эле саясат да биринчи кезекте жөнөкөй адамга эсептелиши керек. Ал эми жөнөкөй адамда анчалык көп акча жок.

"Азаттык": "Ак шумкар" партиясынын төрагасы Темир Сариев 4-февралда президенттик шайлоого ат салышары тууралуу маалымдаган соң, айрым бийликчил телеканалдардын биринде аны трайбализмге айыптаган пикирлерге орун берилди. Муну талапкерлерге маалыматтык чабуул башталды деп айтууга болобу?

Жээнбеков: Бул бийлик деле өзүнө жакпаган адамдарды ээлигиндеги телеканалдар аркылуу жамандап жатат. Баягы оору кайра эле кайталанууда. Бирок, мен Темир Сариевди оппозициячыл саясатчы деп айтпайт элем. Анткени ал бийликтен жакында эле кетти, азыркы күнгө чейин жалпысынан Атамбаевдин саясатын колдоп келе жатат. Аны бийликтин телеканалы жамандап жатканы мен үчүн түшүнүксүз.

"Азаттык": Равшан мырза, маегиңиз үчүн чоң рахмат!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG