Линктер

шаршемби, 13-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 17:12

8-февралда Бишкекте өткөн жыйында эксперттик коомчулук Кыргызстанда президенттик бийликти өткөрүп берүү жараяны кайсы өңүттө жүрүшү мүмкүн деген суроонун үстүндө баш катырышты.

Айрым талдоочулар президент Алмазбек Атамбаев “мураскерликти” четке каккан убадасынан кайтып, өз талапкерин күч менен өткөрүүгө киришсе, анда тынчтык жолу менен бийлик алмашуу жүрбөй калышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Анткен менен башка бир саясат таануучулар бийлик “оюн” эрежесин аныктап, саясий талаа негизинен “тазаланып” калганын белгилешүүдө. Бийлик партиясынын өкүлдөрү болсо президенттик шайлоо бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк берген шартта акыйкат өткөрүлөт деп ишендирип жатат.

“Мураскер” даярдоонун муңдуу сабагы

2017-жылдын негизги саясий окуясы бул – быйыл күздө өтө турган президенттик шайлоо.

Азырынча анын расмий дайындалган убактысы тактала электигине карабастан өлкөдөгү негизги саясий күчтөр шайлоого даярдана баштаганы жашыруун эмес. Алардын айрым өкүлдөрү президенттик шайлоого катыша турганын расмий жарыялай башташты. Кээ бирөөлөрү өз ара саясий ымалага келип, негизги күчтөрүн бириктирүүгө өтүштү.

Учурда эксперттик чөйрөдө саясий кырдаалдын мүнөзү талданып, бийлик алмашуу тынч өтөбү деген суроо алдыга чыгууда. Анткени мурдагы президент Аскар Акаев 2005-жылы шайлоодо уулу менен кызын бирдей парламентке алып келген. Мындан улам ошондогу оппозиция Аскар Акаев кызы Бермет Акаеваны парламент спикерлигине түртүп, андан ары бийликти ага тапшыры мүмкүн деп күмөн санаган.

Кийинки президенттин уулу Максим Бакиевдин 2009-жылы конституциялык эмес башкаруу борборун (ЦАРИИ) жетектөөгө келиши 2010-жылдагы элдик толкундоого алып келген.

Максим Бакиев (ортодо).
Максим Бакиев (ортодо).

Саясат талдоочулар азыркы учурда президент Алмазбек Атамбаев бийликти "өзүнүн" талапкерине күч менен калтыруу амалын көрсө, анда бийлик тынч жол менен алмашпай калышы мүмкүн экенин айтышууда.

Медиа эксперт Азамат Тынаев президент Атамбаев “мураскер” даярдоодон баш тарткан убадасынын аягына чыгарына ишеним артты:

- Президент Алмазбек Атамбаев эгерде ошондой сценарий менен бара турган болсо, анда ал өлкөдөгү саясий туруктуулукту кескин түрдө өзгөртүшү мүмкүн. Башаламандык чыгышы мүмкүн деп айта албайм. Бирок ага өбөлгөлөр жаралып калат. Ошого жеткирбеш үчүн президент буга чейин 2-3 жолу кайталап айткан убадасынын өтөсүнө чыгышы керек. Ал киши “мен бийликти тынч жол менен тапшырып берем. Эл чынында эле кимди шайласа, ошол адам президент болот, мен эч кандай “мураскер” калтырбайм” деп абдан жакшы сөзүн айткан.

"Бийлик шайлоону таза өткөрүүгө кызыкдар"

Бирок ошол эле кезде президент Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынан президенттикке талапкер көрсөтүлө турганын буга чейин билдирген болчу. КСДП партиясынан чыга турган талапкерге мамлекеттик башкаруу машинасы толугу менен иштеп, ага даяр “мураскерликти” камсыздоочу шарттар түзүлүп калбайбы” деген чочулоолор арбын. Мына ошондуктан “башка оппозициялык партиялардан чыга турган президенттикке талапкерлер менен КСДП партиясынын талапкерине бирдей шарттагы мүмкүнчүлүктөр түзүлөбү?” деген суроолор жаралууда.

Президент Алмазбек Атамбаев.
Президент Алмазбек Атамбаев.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков шайлоону акыйкат өткөрүү биринчи кезекте бийлик партиясынын кызыкчылыгындагы маселе экенин белгиледи:

- Бүгүнкү күндө бардык мекенчил саясатчылардын максаты бирөө эле. Бул - тынчтык жолу менен таза шайлоонун өтүшүн камсыздоо. Алдыдагы шайлоо Кыргызстанга кандайдыр бир саясий олку-солкулукту алып келбесе экен деген эле ниет. Ошондон башкача ойлонгондор алар – Кыргызстандын келечегин, ынтымагын жана бейпилдигин ойлобогон адамдар. Албетте, бул шайлоодо бүтүндөй жоопкерчилик айрыкча биздин партия үчүн абдан эле чоң болот. Бирок президенттик шайлоого катыша турган башка саясий күчтөр дагы жоопкерчиликтүү мамиледе болуп, бул саясий өнөктүктүн тынч жана таза өтүшүнө салымын кошууга тийиш. Ошондуктан бийликти конституциялык жол менен, тынч өткөрүүгө тиешелүү чаралар көрүлөт.

“Шарик ойнотуунун” шааниси

Анткен менен саясат талдоочулар президенттик шайлоодо бийликтин талапкеринин пайдасы үчүн административдик, маалыматтык жана каржылык ресурстарды пайдаланууга жол бербөө маселесин көтөрүштү. Ошондой эле шайлоо мыйзамдарын бузган фактыларды учурунда каттап, мыйзамдын так сакталышын талап кылууга жөндөмдүү саясий партиялар менен жарандык коомдун ролу маанилүү экени белгиленди.

Бирок саясат таануучулар шайлоо эрежелеринин аныкталышына жараша жыйынтык күтүлөт деп бүтүм чыгарышууда. Анткени алар “калыптанган саясий жагдай башкаруу борборуна “чоочундарды” жолотпоону камсыздайт” деген жыйынтыкка келишкен. Саясат талдоочу жана конфликтолог Жыргалбек Касаболотов бул жагдай тууралуу мындай дейт:

- Азыркы бийлик үчүн президенттик шайлоодон таптакыр башка бир адам жеңип кетет деген деле коркунуч жок. Анткени башка бирөө бийликке келсе деле, Баш мыйзам боюнча негизги ыйгарым укуктарды өкмөт башчыга берип коюшкан. Бул көчөдө бир стакандан экинчисине өткөрүп шарик ойноткондордукуна окшош. Шариктин кайсы стакандын ичинде катылганын аны ойноткон адам өзү билет да. Мына ошол сыяктуу шайлоону өткөрүүнүн технологиясын ким ойлоп тапкан болсо, мына ошол тарап “ойнотот”. Башкача айтканда оюн эрежелерин кимдер түзсө, мына ошолор тараптын адамы өтөт. Бул жерде шартты аныктай турган тарап ким экени белгилүү. Демек, мына ошол эреже боюнча оюн жүрүшү керек деген план бекитилген болушу мүмкүн. Бирок бийлик бул оюндан одоно ката кетирип, элдин кыжырына тийе турган болсо, анда анын арты толкундоого алып келиши ыктымал. Эл көтөрүлсө, бийликтин бардык бутактарын кубалап түшүшү мүмкүн. Эң эле коркунучтуусу мына ошол. Мына ошого жеткирбөө зарыл.

Буга чейин айрым оппозициялык саясатчылар президент Алмазбек Атамбаев “мураскер” даярдабаганы менен КСДП партиясынан чыга турган талапкерди сүрөп, алдыга чыгарат деп шектенишүүдө. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоо тең укуктуу шартта өтөрүн айтып, КСДПдан чыкчу талапкерге эч кандай артыкчылыктар берилбей турганын убада кылган жайы бар.

Атамбаев: мураскор даярдабайм (12.03.2016)

Бийлик партиясынан президенттикке чыкчу талапкердин ким экени быйыл жазында аныкталышы мүмкүн экени жакындан бери саясий чөйрөдө сөз боло баштады.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында 2011-жылы биринчи жолу конституциялык жол менен бийлик алмашкан. Ага чейин мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев 2005-2010-жылдардагы элдик толкундоолордун натыйжасында бийликти таштап, чет өлкөгө качууга мажбур болушкан.

2010-жылы 7-апрелде Ак үйдүн астындагы каршылык акциясында 77 жаран окко учуп, ондогон адамдар жараат алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG