Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Атамбаев: “Мураскор” операциясы болбойт


Президенттин маалымат жыйынына катышып жаткан журналисттер.
Президенттин маалымат жыйынына катышып жаткан журналисттер.

1-августта Ысык-Көлдөгү “Рух-Ордо” комплексинде президент Алмазбек Атамбаев журналисттерге маалымат жыйынын куруп, дүйнөдөгү жана өлкөдөгү акыркы окуялар боюнча позициясын билдирди.

Ага 50дөн ашык журналист жана айрым саясат таануучулар катышты. Дээрлик үч саатка созулган маалымат жыйынында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бир катар билдирүүлөрдү жасады.

Атамбаев кийинки жылы президенттик шайлоого барбасын, премьерлик-министрлик кызмат кызыктырбай тургандыгын, ал гана эмес "мураскор" операциясы болбосун айтты. Анын ишендиришинче, буга чейин ага коңшу өлкө башчыларынан кийинки мөөнөткө калыңыз, кыргыз элине кайрылуу жасайбыз деген сунуштар түшүп, бирок аларды четке каккан.

- Коомчулукта Атамбаев бийликти колунан чыгарбашы үчүн баарын кылып жатат, премьер-министр катары калгысы келет деген сөздөр жүрүп жатат. Эгер мен чындап эле бийликтен кетким келбесе, референдум башка максатта өтмөк. 300 миң кишинин колун топтоп, Конституцияга өзгөртүү киргизүү жетиштүү болмок. Парламенти жок эле референдум өтмөк, бирок мен антпейм.

Президент болочок референдум өзү баштаган реформаларды аягына чыгаруу жана өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын күчөтүү үчүн зарыл болуп турганын айтты. Анын оюнча, 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзам эки ай ичинде жазылгандыктан каталары көп.

Мамлекет башчы эгер референдум болсо, парламент таркабай тургандыгын кошумчалап, өлкө толук парламенттик системага өткөн күндө да мамлекет башчыны жалпы эл шайлашы керектигин кошумчалады.

Андан ары Атамбаев Түркиянын тышкы иштер министринин Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери, “Себат” билим берүү мекемелери Кыргызстан үчүн да кооптуу, кийинки төңкөрүштү ошолор жасашы мүмкүн деген билдирүүсүнө жооп кайтарды.

- Бизге жардам берип, бирок "муну кыл" деп милдет кылгандардын кереги жок. Андай жардамды өздөрү алсын. Экинчиден, Чавушоглу анчалык эле акылдуу болсо Түркияда төңкөрүш болорун президент Эрдоганга айтпайт беле?! Өзүнүн алдындагыны көрбөй, бизге акыл үйрөткүсү келет. Албетте, биз бардык маалыматтарды текшеребиз, эмнеси чын эмнеси калп экенин. Менимче, сырттан келип бизге эч ким төңкөрүш жасай албайт. “Себат” билим берүү мекемелерин текшеребиз. Бирок алар Билим берүү министрлигинин программасы, Кыргызстандын мыйзамдары менен иштеп жатат. Эгер зарыл болсо керектүү өзгөртүүлөрдү киргизебиз, бирок бизге сапаттуу билим берүү мекемелери керек. Муну ачык айтышым керек.

Атамбаевдин актуалдуу алты билдирүүсү
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:01 0:00

Мамлекет башчысы Жогорку Нарын каскаддары, аларды курмакчы болгон Орусиянын өкүлү, "Русгидронун" башчысы Евгений Додго карата кылмыш ишинин козголушу, кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Андрей Бельяниновдун аткезчиликке шектелип, үйүнөн миллион долларга жакын акчанын табылышы боюнча “Азаттыктын” суроолоруна да жооп берди. Атамбаев аталган иштер аларга карата кутум экенин, экөө тең Кыргызстанга ат көтөргүс салым кошконун айтты.

- Бельянинов чындап Кыргызстанга күйгөн киши. Жадагалса Орусияга барган биздин министрлерге кайда барып, кимге телефон чалыш керектигинен бери айтып берчү. Бул чоң контраст. Анткени Орусияда айрым министрлер Кыргызстанды колония же экинчи сорттогу өлкө катары көрөрү жашыруун эмес. Мен үчүн аябай өкүнүчтүү. Менимче, бул кандайдыр бир оюн же кутум. Анткени ал кызматынан өз эрки менен кетүүгө аракет кылып жүргөн. Дод боюнча айтсам, эми чын-төгүнүн тергөөчүлөр аныктайт. Бирок Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлор боюнча Дод гана кандайдыр бир иштерди ишке ашырганга аракет кылган.

Маалымат жыйынындагы орчундуу суроолордун бири диний радикализмге байланыштуу болду. Өлкө боюнча чүмкөнгөн аялдарды сындаган жарнактарды жайылтуу керектигин колдогон Атамбаев аларга караганда кыска юбка кийген кыздар коопсуз экенин айтты.

- Бизде совет заманынан, 50-жылдардан бери аялдар кыска юбка кийип келет. Бирок ошолордун бирине да шейит катары бир жерди жардыруу оюна келбесе керек. Кааласаңар желим өтүктү башыңарга кийгиле, бирок эч кимди жардырбагыла. Анткени бул - дин эмес. Ар бир диндин өзөгү бул - жакшылык, адамдарга жакшылык кылуу. Бирөөнүн башын алуу же кандай кийинүүнү таңуулоо - бул дин эмес. Биз буга каршы күрөшүшүбүз керек. Андан көрө кыска юбка кийсин, бирок жардырбасын. Азыр анткени дүйнө жүзүндө терроризм башкы балээ болууда.

Президенттин билдирүүлөрү коомчулукта ар кандай талкууланууда. "Азаттык" саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашевге кайрылып, Атамбаевдин билдирүүлөрү боюнча суроо узатты. Ага кабарчыбыздын берген биринчи суроосу президенттин Түркияга карата айткан сөздөрүнө байланыштуу болду. Маектин аудиосун сунуштайбыз:

Бөрүбашев: Түркия менен мамиле бузулуп кетпейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:56 0:00
Түз линк

Чолпон-Атадагы маалымат жыйынында өлкө башчынын чыгармачылыгы тууралуу да суроолор болбой койгон жок. Анын аткаруусунда буга чейин орус тилиндеги беш ыр жарык көрсө, 60 жылдыгына чейин дагы беш ыр кыргыз тилинде чыгары белгилүү болду. Мамлекет башчысынын Ысык-Көл жээгиндеги биринчи маалымат жыйыны былтыр өткөн.

XS
SM
MD
LG